Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 16:55

«Канадалыктар 14 жыл бир тыйын төлөгөн жок»


Базарбай Мамбетов.

«Бийлик сырлары» программасында мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Кыргызстандын Кумтөр жана башка алтын кендерине жайылып кеткен жемкорлук тууралуу айтып берди.

Базарбай Мамбетов: - 1997-жылдан 2017-жылга чейин канадалыктар Кумтөрдөн 385 тонна таза алтын казып алышты.

Расмий түрдө «ушунча казылды» деп эч ким айтпайт. Алынган алтындын наркы 8,8 миллиард долларды түзөт. Ошол казылып алынган 385 тонна алтындын 11 пайызы гана Кыргызстанга тийди.

14 жылдан бери эң бай кенден алтынды күргүштөтүп казып аткан канадалык компания Кыргызстанга бир тыйын да которгон жок.

14 жылдан бери эң бай кенден алтынды күргүштөтүп казып аткан канадалык компания Кыргызстанга бир тыйын да которгон жок. 2009-жылдын 24-апрелинде сатылган алтындын 13 пайызына ээлик кылышы тууралуу келишимге кол койгондон кийин 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча биринчи ирет канадалыктар таптаза 38 миллион долларды Кыргызстанга которуп беришкен.

Кумтөр кенинде алтын казып алуу - бул өзү дүйнөлүк масштабдагы көрүнүш. Жылына 18-20 тонна казылып алынат. Бир жердегидей көп алтын же Орусияда, же Өзбекстанда, же Индонезияда ушунчалык көлөмдө казылып алынбайт. Маселен, 2011-жылы 19 тонна алтын сатып, канадалыктар 941 миллион доллар акча табышты. Андан Кыргызстанга 13 пайыздын эсебинен 130 миллион доллар которушту. Ушундай келишимге кол койгон президенттердин уяты жок эле болуш керек?

1997-жылы Кумтөр алтын каза баштаганда аны менен бир убакта америкалык «Ньюман» компаниясы Өзбекстанда Мурунтоо кенин өздөштүрүүгө киришкен. Ошондо эле Каримов ага мындай шарт койгон: бул жерден казылып алынган алтындын 70 пайызы Өзбекстанга берилет. Он жылдан кийин ошол инвестор 30 пайыз үчүн Каримовго кабат-кабат рахматын айтып, бир жарым жыл ичинде насыяга алынган 270 миллион долларды төлөөгө жетишип, калган убакта таптаза кирешеге гана иштешкенине ыраазы экенин билдирди. Акаев менен Бакиевдин кантип ушундай келишимге кол коюуга бети чыдады экен?

Мен эрикпей чет элдик алдамчы компанияларга берилип кеткен 27 кен боюнча эсеп жүргүзүп келдим. Көрсө алар буга чейин 39 кенди берип коюшуптур. Алардын бирөө менен да өкмөт ошол кенди иштетүүнүн шарттары боюнча келишимдерге кол коюуга аракет кылбаптыр. Дүйнөлүк практикада чет элдик компания киргенде аны менен сөзсүз «ушул кенди иштетүүнүн шарттары тууралуу» башкы келишимге кол коюшат. Анда мына булар сөзсүз көрсөтүлөт: иштетилчү кендин ээси – өкмөт, шарттары макулдашылат, өкмөт кайсы бөлүгүн алат да компания канчасына ээ болот – ушулар так жазылат. Мынабу 39 кендер боюнча мындай келишимдерге кол коюлган эмес.

Биздин бюджеттин абалы мышык ыйларлык. 2 миллиард доллар. Ошол эле мезгилде Грузиянын, Молдованын, Армениянын бюджети 4,5 миллиард доллардан ашат. Жада калса Тажикстандын бюджети азыр 4,5 миллиард долларга жетип калды. Ушуну карап туруп кантип капа болбойсуң?

Кумтөр маселесине келгенде премьерлердин баары - Сариев да, Оторбаев да, Сатыбалдиев да - Атамбаевдин тактекеси болуп беришти.

Талды-Булакка келсек, Атамбаев премьер-министр болуп турганда, 2006-жылы ал жерге казак компаниясы келген. Ал «Кыргызалтын» менен келишим түзүп, ошо боюнча кендин 60 пайызы казактын компаниясына бекер эле берилип кеткен. Ит бекер! Ал болсо жети жылдын ичинде кен казууну баштоого, ага акча салууга убада берген. Ал компания убадасынан башка эч нерсеси жок, алдамчы неме экен, эч нерсе жасаган жок. Анан ал жети жылдан кийин өз үлүшүн кытайлык компанияга 76 миллион долларга сатып жиберди. Сатыктан бир тыйын да бюджетке которулган жок.

Бермет Букашева: - Бул эми дапдаяр кылмыш иши экен го!

Базарбай Мамбетов: - Былтыр Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында чыгып сүйлөгөндө мен ушуну жаздым, «келиңиз, кылмыш ишин козгойлу» деп. Ал муну ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырган. Алар мага майнапсыз жооп жазышты, ошону менен токтолду, эч нерсе жасала элек. Азыр Талды-Булактан алтынды Кытайга алтын кошулма катары жөнөтүп атышат. Ал жерде болжолдонгон алтындын теңинен көбүн казып алышты.

Вице-премьер Тайырбек Сарпашев 2015-жылы депутаттардын катышуусунда (ал жерде Отун ресурстары жана кендерди пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев да бар болчу) кытайларга алтын кошулмасын ташып чыгып кетүүгө уруксат берген, алар болсо 120 миллион долларга алтын бөлүп алчу комбинатты куруп салышты.

Биздин Кара-Балтадагы аффинаж заводун иш менен камсыз кылуунун ордуна ушуну жасап отурушат. Жок дегенде биздин Экономика жана Финансы министрликтерибиз ал жерде 3,5 жылдан бери алтын казып алуудан Кыргызстан кандай пайда көргөнүн көрсөткөн маалыматты жарыялап коюшпайт. Пайда албаса эмнени көрсөтмөк эле! Мунун баары канадалык компаниянын Кумтөрдөгү жосунунан кийин болуп жаткан нерселер.

Бермет Букашева: - Менимче, биздин алтын кендерибиз боюнча «Нюрнберг процессин» баштоонун кези келип калды окшойт, өкмөттү соттош керек го.

Лондондогу баалуу металлдардын дүйнөлүк биржасынын монитору Тянь-Шандын “алтын кемерин” ачыкка чыгарууда. Ал жерде биздин бардык алтын кендерибизди сатып жатышат: Бозумчак да, Талды-Булак да, Иштамберди да, Андаш да, Макмал да – баары ошол жерде сатылды.

Базарбай Мамбетов: - Сегиз жылдан бери Лондондогу баалуу металлдардын дүйнөлүк биржасынын монитору Тянь-Шандын «алтын кемерин» ачыкка чыгарууда. Ал жерде биздин бардык алтын кендерибизди сатып жатышат: Бозумчак да, Талды-Булак да, Иштамберди да, Андаш да, Макмал да – баары ошол жерде сатылды. Мени менен сүйлөшкөн адамдардын баары ошол жерде иштешет, алар такай маалымат берип турушат. Ал жерде баарын сатышты. Мына, Андаш кени иштей элек, анын 80% кайсы бир австралиялык компания сатып алып коюптур. Бекеринен дүйнөлүк окумуштуулар «Тянь-Шандын алтын кемери» деп айтышпайт да.

Бермет Букашева: - Бул эми Жибек жолу да эмес, ашык-кеми жок «алтын кемер». Биздин жаркылдаган «алтын кемерибиз» болсо Жибек жолунун эмне кереги бар? «Кара май жок» деп кабакты чытып капа болгонубуз менен канча алтын жатат... Нукура алтыныбыз турса «кара алтындын» кандай кереги бар дейм да, же андай эмеспи?

Базарбай Мамбетов: - Азыркы президентибиз Жээнбеков жакшылап ойлонор деген жалгыз үмүтүбүз бар.

Бермет Букашева: - Ал эми Жерүйдө эмне болду?

Базарбай Мамбетов: - Бул дагы бийликтин эң жогорку кабатындагы жемкорлуктун үлгүсү. 2015-жылы тендерди орусиялык олигарх Муса Бажаевдин «Восток добыча» компаниясы утуп алганда бонус катары 100 миллион доллар төлөп берип, ошондон бери Жерүйдүн бардык алтынын «өзүмдүкү» деп ал отурат. Ал жерде 100 тонна алтын, наркы 3,2 миллиард долларлык байлык жатат.

Бермет Букашева: - Ал жерде да биздин үлүшүбүз болбой калабы?

Мамбетов: - Болбойт. Биздин үлүшүбүз жок. Мен Таластан болом. 1995-жылы Чеченстандын мурдагы президенти Жохар Дудаев «Манас» эпосунун миң жылдыгына келгенде так ушул «Жерүй» турган жерди өпкөн. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда 1944-жылы чечендерди жер которткондо алардын бир тобу Талас районуна жайгашкан. Ошон үчүн ал биздин жерге келген. Чечендер жашап кеткен беш айылды көрсөтүштү. Азыр болсо чечен жигит Муса Бажаев ал жерде каалаганын жасап жатат. Интернетке минтип жаздым: «Сенин минтишке акың жок, Талас жери чечендер үчүн ыйык жер, Талас кыргыздар үчүн да ыйык жер, Манастын жери. Согуш маалында айдалган чечен калкынын көбүн ачарчылыктан кыргыздар сактап калышкан, атам биздин үйдүн бир бөлмөсүн аларга бошотуп берген болчу, мектепте мен чечен балдар менен чогуу окугам».

Букашева: - Анын жообун алдыңызбы?

Мамбетов: - Жок, алганым жок. Мен ага айттым: «Биздин башкаруучулар ушундай бай кенди 100 миллион долларга сатып ийишине биздин, кыргыз элинин эч кандай күнөөсү жок». Мен жөн гана өтүнүч жибердим: «Келиңиз, биздин өкмөт менен келишим түзүңүз, казылып алынчу алтындын жок дегенде 49 пайызын өкмөткө бюджетке бериңиз» дедим. Ал тараптан жооп болбоду.

«Азаттык» радиосу маекте аты аталган адамдардын баарынын жооп беришине аянтча бөлүп берүүгө даяр.

Маекти орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG