Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Быйылкы экономикадагы кооптуу жагдайлар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү 2018-жылдагы экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Өкмөт анда 3,5 пайыздык өсүш бар экенин билдирип, абалды оңунан баалап жатат. Бирок бир катар адистер мындай жыйынтыкка ичи чыкпай, өлкө экономикасын быйыл бир катар коркунучтар тооруп турганын айтышууда.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстандын экономикасы 3,5 пайызга өсүп, факт жүзүндө 557 миллиард сомго жетти. Муну премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да белгилеп, быйыл экономиканы алдыга сүрөчү иштер башталганын айтып жатат:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- 2018-жылы бир катар келечектүү иштерди баштадык. Экономиканы фискалдаштуу иштери башталды. Былтыр Кумтөр кенинен нормадан ашык киреше алдык. Ошол эле кезде кемиген өндүрүштүн ордун башка кендер менен толуктоо боюнча чоң иштерди баштадык.

Абылгазиев былтыркы ишин оңунан баалап, быйылкы жылдан жакшы нерселерди үмүт кылганы менен адистер кыргыз экономикасын абдан көп кооптуу жагдайлар күтүп турганын белгилешүүдө. Чынында эле былтыр экономикада 2017-жылга салыштырганда төмөндөө бар экенин байкоого болот. Мурдагы жылы экономика 4,5 пайызга өскөн эле.

Анын ичинен экономиканы өргө тартчу тармак негизинен өнөр жайы экени белгилүү. Бул жагынан өкмөт азырынча конкреттүү кайсы долбоорлорду ишке ашырарын ачык айта элек. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров быйыл дал ушул өнөр жайын чыңдоо тармагына жакшылап көңүл бурбаса кийинки жылдары өлкө кыйынчылыкка кептелип калышы мүмкүн экенин эскертти:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- Сырткы карызды тейлейли десек, анан өзүбүздүн элибизди тыңыраак багалы десек, эң чечкиндүү жылдардын бири - бул быйылкы жыл. 2019-жылы фундаментти коюп, экономиканы алдыга жылдырчу локомотивдерди ишке киргизиш керек. Мисалы, туризм тармагында, кен казуу тармагында Кумтөрдөн башка Чаарат кенин ишке киргизиш керек. Бозымчакты толугу менен ишке беришибиз зарыл. Болбосо мен айтып келгендей 2023-жылы тышкы карызды төлөөгө келгенде кыйынчылык болот.

Кыргызстанда акыркы жылдагы экономиканын талуу жери түз инвестициянын азайышы болду. Былтыр өлкөгө келген инвестициянын жалпы көлөмү 345 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда сырттан келген салым 30 пайызга азайганын билдирет.

Салыштыруу үчүн айта кетели, 2017-жылы сырттан келген инвестиция 503 миллион долларга жеткен болсо, 2015-жылы 820 миллион долларга жеткен. Башкача айтканда азыркы көрсөткүчтөр мындан үч жыл мурункуга салыштырганда дээрлик үч эсе кемигенин көрүүгө болот. Мында негизинен Кытайдан келген инвестиция азайган.

Бийлик өкүлдөрү инвестициянын азайышын жалпы эл аралык соодадагы кырдаал менен түшүндүрүүгө аракет кылууда. Аны менен катар өлкөдө инвесторлорго түзүлгөн шарттын начарлагы, ар түркүн басым-кысым, текшерүүлөрдүн көптүгү абалдын начарлашына алып келгенин да бийлик моюнга алган.

Ушуга байланыштуу экономисттер быйылкы кооптуу жагдайлардын бири катары дал ушул инвестиция жаатындагы абалдын начарлашын айтып жатышат. Маселен, экономика илимдеринин доктору Акасбек Абдурашитов бул көрүнүшкө көңүл буруу зарыл деп эсептейт.

Акасбек Абдурашитов.
Акасбек Абдурашитов.

- Кыргызстанда салыктардын бардык түрлөрү боюнча эң төмөнкү коюмдарды киргиздик, - деди ал. - Бирок инвесторлор келбей жатпайбы. Демек, негизги маселе ал эмес экен да. Түз инвестициянын келбей жатканы чоң коркунуч. Мисалы, макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча алганда ИДӨнүн көлөмүнө караганда түз инвестициянын көлөмү 25 пайызды түзүш керек. Бирок бизде андай болбой жатат.

Адатта Кыргызстанда «экономиканы өнүктүрүүгө таасирин тийгизет» деген ири долбоорлор сырттан алынган насыялар менен гранттардын эсебинен аткарылып келгени белгилүү. Бул жагынан акыркы жылдары тышкы карыз алууга байланыштуу ири жаңжалдар чыгып, азыркы кыргыз бийлиги насыя алуудан бир аз чочулап калгандай. Себеби, өлкөнүн жалпы карызы 4 млрд. 400 миллион доллардан ашканы коомчулукту кыйла тынчсыздандырып койгон жайы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG