Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 22:17

Кыргызстандын экспорту кедерине кетти


Баткендеги мөмө-жемиштен как чыгаруучу “Алтын Аймак” заводу. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын сыртка экспорту азайганы байкалды. Былтыр жыл ичинде да бул көрсөткүч дээрлик өскөн эмес эле.

Өкмөт болсо өлкөнүн экспортун көбөйтүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар жемиш берерине ишендирүүдө. Бирок ага ишенич аз.

Январь-февралдын жыйынтыгы

Жылдын төртүнчү айы ортолоп калганы менен бул убакытка чейинки Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү эсептелип чыга элек. Улуттук статистика комитети алгачкы эки айдын көрсөткүчүн гана тактап үлгүрдү.

Кошой Салиев (ортодо) кызматкерлери менен басма сөз жыйынын өткөрүүдө. 11-апрель, 2019-жыл.
Кошой Салиев (ортодо) кызматкерлери менен басма сөз жыйынын өткөрүүдө. 11-апрель, 2019-жыл.

Ай сайын жасалчу салттуу басма сөз жыйынында комитеттин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев буларды билдирди.

“Алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылдын январь-февралында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 885 миллион долларга жакын сумманы түзүп, 2018-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 11,1 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге импорттук келип түшүүлөр 14,5%, ал эми экспорттук коюулар 0,3% кыскарган”,-деди ал.

Эгер январь-февралдагы Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен болгон соода алакасын (306 млн. доллар) бөлүп алсак, бул көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7% азайган. Анын ичинде импорт 4,9%, ал эми экспорт 24,8% төмөндөгөн.

Экономика министрлиги биринчиден, бул кыскаруулар коркунучтуу деле айырмачылык эместигин билдирсе, экинчиден, муну сезондук төмөндөө менен байланыштырууда. Министрликтин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев мындай дейт:

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

“Биринчи-экинчи айда бизде жылда эле ушундай эле болот. Анткени кышында чийки зат азайганда, андан азык өндүрүү жана аны экспорттоо да кыскарат. Маселен пахта буласы 22%, сүт өнүмдөрү 7,3% азайган. Буга чийки зат жетишсиз болуп жатканы себеп. Анын үстүнө бизде жаңы жылдан кийин 7-8 күн жумуш күн болбой калат, ошол учурда экономикалык активдүүлүк төмөндөп калат. Былтыр ушул эки айда өсүш болгон, ал көрсөткүчтүн базасы жогору болгондуктан быйыл ага салыштырмалуу аздай көрүнүп калууда. Жалпы экспорт 0,3% кыскарганы бул чоң деле кыскаруу эмес. Биринчи кварталдын же, жарым жылдын жыйынтыгы менен бул калыбына келиш керек”.

Беш жылдык айырма

Анда айлардын эмес, жылдын жыйынтыгын мурдагы көрсөткүчтөр менен салыштырып көрөлү.

Статистика комитетинин эсебинде, 2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жалпы 6 миллиард 672,0 миллион доллар болгон. Мунун 1 миллиард 764,6 млн. доллары экспортко туура келет. Башкача айтканда былтыркы экспорт 2017-жылкы (1 миллиард 764,3 миллион) сан менен тең чыккан.

Бирок Статистика комитетинин беш жыл баштагы көрсөткүчтөргө салыштыруу ыкмасы менен алсак, бул көрсөткүч, тескерисинче, артка кеткени байкалат. Маселен Кыргызстан чет жакка 2013-жылы 2 млрд. 6,8 млн., 2014-жылы 1 млрд. 883 млн. долларлык товар саткан. Өзүңүз күбө болгондой, 2018-жылкы көрсөткүч мындан 200-300 миллион доллар аз чыгууда.

Чын эле, экспорт эмнеге артка кетти? Андан да маанилүү суроо - эмнеге өспөй жатат?

Кумтөрдүн алтыны (архивдеги сүрөт).
Кумтөрдүн алтыны (архивдеги сүрөт).

Экономика министрлигинин өкүлү Насирдин Шамшиев буга мындай деп жооп берет.

“Биздин жалпы экспорттун 30-35% алтын түзөт. Эгерде алтындын көлөмү жогору болбой, азайып кетсе ошонун негизинде жалпы экспорттук көрсөткүч өйдө-төмөн боло берет. Товардык позициялардын структуралык өзгөрүшү, товарлардын баасынын арзандап-кымбатташы да экспорттук көрсөткүчтөрдүн азайып-көбөйүшүнө себеп болуп калат. Бирок кээ позицияларда сыртка сатуу бизде кайра көбөйүп жатпайбы. Мисалы, былтыркы жылы текстиль товары, кайра иштетилген тамак-аш азыктары, төө буурчак, тамекини экспорттоо өсүүдө. Албетте, жалпы алганда экспорт өсүп туруш керек. Ал үчүн өкмөт 2023-жылга чейин атайын программа кабыл алып, болгон аракеттерин көрүп жатат”,-дейт ал.

Шамшиев ошол аракеттерге мисал катары экспортко багытталган ишканаларга жеңилдиктер берилип жатканын белгилеп, бул келечекте жемиш бериши керектигин айтууда. Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду берип жаткан ири насыялар жана “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында берилип жаткан жеңилдетилген насыялар да келерки жылдары экспортко түрткү берет дейт.

Cооронбай Жээнбеков парламентте. 11-апрель, 2019-жыл.
Cооронбай Жээнбеков парламентте. 11-апрель, 2019-жыл.

11-апрелде Жогорку Кеңештеги билдирүүсүндө президент Сооронбай Жээнбеков да өкмөт жакынкы жылдары экспортту көбөйтөрүн ишендирүүгө аракет кылды.

“Экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында салык мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн жеңилдик катары кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Соода-логистикалык борборлор, машина-трактор станциялары жана айыл чарба кооперативдерине киреше салыгы, кошумча нарк салыгы жана мүлккө салык боюнча жеңилдиктер берилди. Дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейин киреше салыгын, сатуу салыгын, жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулду. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду. Экономиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында продукцияны сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаӊы лабораториялык база түзүлдү. Экспортко багытталган ишканаларды колдоо улантылат. Бул максатта Өкмөт экспорттук каржылоо, айлантма каражаттарды жана кепилдиктерди берүү инструменттерин даярдоодо. Бизнес жүргүзүүгө кедерги болгон бардык тоскоолдуктарды жоебуз”,-деди президент.

Бирок түз эле айталы, алдыңкы жылдары Кыргызстандын экспорту өсөөрүнө ишкерлик чөйрө да, эксперттик өкүлдөр да анча ишенбей турушат. Алар муну көрүлүп жаткан чаралардын жетишсиздиги менен түшүндүрүшүүдө.

Экономист Сапар Орозбаков буларга токтолду.

Сапар Орозбаков.
Сапар Орозбаков.

“Экспорт өсө турган болсо ушуга чейин өсүш керек эле да. Кокуй, бизге чоң рынок керек деп жүрүшпөдү беле. Мына ЕАЭБдин рыногун ачып алышты, бирок экономика, экспорт көбөйгөн жок. Демек кеп рынокто деле эмес экен да. Тескерисинче, бул уюмга киргенден кийин Казакстандын товарлары бизде жайнап кетпедиби. Алардын бизге экспорту эки эсе өстү, бирок биздин аларга жасаган экспортубуз кайра түшүп кетти. Болгону Орусия гана бизге экспортун мурдагы деңгээлде кармап турат, анысы деле Кыргызстан көңүлү калбасын деген позициясы. Биз экспортту көбөйтүш үчүн, бир товар өндүрүшүбүз керек да. Кайсы товарды өндүрүп жатабыз? Болгону айыл чарбасындагы анча-мынча товарлар. Аны менен алыска кете албайбыз, агро азыктарды өндүрүү менен дегеле өнүккөн өлкөнү уккан эмесмин. Экспортту өнүктүрүүнүн түпкү себеби саясатта, бийлик катуу тартип менен гана өнүктүрөт. "Жеңилдик бердик, текшерүүнү токтотуп койдук" дегени куру сөз”,-деди ал.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2018-жылы Кыргызстан чет жакка негизинен алтын, мунай жана мунайзат өндүрүмдөрүн, кийим-кече, кен жана баалуу таштардын концентраттарын, жез, жашылча, мөмө жана жер (жаңгак) жемиштерди, пахта кездемелерин, сүт жана сүт азыктарын, бут кийимдерди жана башка товарларды экспорттоду. Алар көбүнчө Улуу Британия, Түркия, Кытай, Литва, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга сатылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG