Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Кыргызстандын экспорту азайды


Кыргызстандагы текстил ишканасы. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 457 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жылдын биринчи айынын жыйынтыгын чыгаргандан кийин кабарлады.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 8,4% төмөн. Анын ичинде быйыл январда экспорт 15,4% артка кетсе, импорт 6,4% азайды.

Жылдын биринчи айында Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөр менен соода-сатык 4,1% азайды. Экспорт былтыркыга салыштырмалуу 6,7%, импорт 3,3% кемиди.

2018-жылдын январь айынан декабрь айына чейин Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жалпы 6 миллиард 672,0 миллион доллар болгон. Анын ичинде экспорт 1 миллиард 764,6 млн. долларды, импорт 4 миллиард 907,4 млн. долларды түзгөн. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG