Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:12

ЕАЭБ: Төрт жылдын шарапаты жана кесепети


Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы жана мурдагы экономика министрлери менен чогуу Бишкек эркин экономикалык аймагын кыдырып жүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.

​Өкмөт Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулган төрт жылынын жыйынтыгын чыгарды. Аталган мөөнөттө ички дүң өнүм өскөнү, салыктар көбөйгөнү, мигранттар которгон акча арбыганы уюмдун жемиши катары сүрөттөлдү.

Бирок бул аралыкта өлкөнүн бажы төлөмү кемип, тышкы соодасы мүчөлүккө чейинки мөөнөткө жетпей калды.

ЕАЭБдин жарыгы

Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийинки ийгиликтерин өкмөттүн тиешелүү жыйынында экономика министри Санжар Муканбетов эсептеп берди. Көңүл бурдурган жагдай - ал бардык тармактардагы жетишкендиктерди ушул уюмдун пайдасы катары сүрөттөп жатты.

Маселен, Кыргызстан биримдикке кире элек 2014-жылы 400 млрд. сомдук ички дүң өнүм (ИДӨ) 2018-жылы 557 млрд. сомду түзгөнү айтылды. Өлкө уюмга кошулгандан кийин мамлекеттик карыздын ИДӨгө карата катышы азайганы, инфляция көп өспөгөнү, бюджеттин дефицити азайганы, маяна көтөрүлгөнү белгиленди.

Экономика министри Санжар Муканбетов бул көрсөткүчтөр дагы өсөрүнө ишендирүүгө аракет кылды:

Санжар Муканбетов
Санжар Муканбетов

«Биринчиден, пессимисттик божомолдорго жана адаптациялык мөөнөттүн оордугуна карабастан, Кыргызстан төрт жылда ЕАЭБге аралашуу менен кошо экономикалык өсүшүн оң жыйынтыкта кармай алды. Ал жылына орточо 4% өсүштө болду жана макроэкономикалык туруктуулук сакталды. Экинчиден, ЕАЭБдин эрежелери менен биздин өлкөнүн мыйзамдарын үндөштүрүү жүрүп жатат. Интеграциялоо башталган соң төрт жыл өткөндөн кийин мамлекет, ишкер чөйрө жана коомчулук Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу - кыска мөөнөттүү окуя эмес, өлкөнүн өнүгүү моделине өтүү экенин түшүнүп жатат».

2014-жылы чет өлкөдөгү мигранттар Кыргызстанга дээрлик 2 миллиард долларга жакын каражат которсо, 2015-жылы ал 1,4 миллиардга түшүп калганы белгилүү. Бирок 2018-жылы бул көрсөткүч кайра көтөрүлүп, 2,3 миллиардга жеткенин да министр ЕАЭБдин жемиши катары билдирди.

Мындан сырткары Бишкек уюмга кире элек жылдары өлкөдө жылына 35-40 миллиард сом салык түшсө, акыркы жылдары 69-79 миллиард сом чогултулуп жатканы да биримдикке мүчө болгондун шарапаты катары көрсөтүлдү.

Кеңешмеде премьер-министр Мухеммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин Кыргызстанга тийгизген оң жактарын санады:

Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешмеде.
Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешмеде.

«ЕАЭБге кошулганыбыз биздин экономикабызга, жарандарыбызга пайдасын тийгизди. Өзгөчө биздин өнөктөш мамлекеттердин аймагында иштеп жүргөн мигранттарыбыз ошол жердин жарандары катары, укуктарын пайдаланып, социалдык ар кандай кызматтарда иштеп жатышат. Эң башкысы, капиталдын - акчанын, эмгек ресурстарынын жана товарлардын эркин жүрүшү камсыздалды. Ушул үч критерий биздин мамлекет үчүн чоң жетишкендик. Ошону үчүн киргенибиз туура болгон деп ойлойм. Биздин ишкерлерибиз алардыкына атаандаш болуп, өздөрүнүн чыгарган товарларын ошол жакка сатып жатат. Албетте, жанагындай чечилбеген маселелер да бар. Анын ичинде импорттук товарлардын баарына салык төлөтүү курч бойдон калууда. Ал үчүн фискалдаштыруу маселесин жөнгө салуу керек».

«Интеграция али бүтө элек»

Өкмөт 2015-жылы 5,6 миллиард долларга түшүп кеткен Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү былтыр 7 миллиард долларддан ашканын ЕАЭБдин таасирине байлап жатат.

Белгилеп койчу жагдай - 2012-2014-жылдары бул көрсөткүч 7,5-8 миллиард доллларга жакындаган. Акыркыларга салыштырганда ал жылдары экспорт да көбүрөөк эле.

Эгер биримдиктин курамындагы мамлекеттер менен болгон соода алакасынын өзүн бөлүп ала турган болсок, ал деле жыргатарлык эмес. Бул өлкөлөргө өзгөчө экспорт түшүп кетти.

Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода жүгүртүүсү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода жүгүртүүсү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

ЕАЭБ мамлекеттерине Кыргызстан 2019-жылдын алгачкы жарымында 257 миллион долларлык товар экспорттогонун буга чейин жазганбыз. Бул өлкөлөргө 2018-жылдын алгачкы алты айында 356 миллион доллар товар сатканын белгилесек, быйыл 100 миллион долларга артка кетип жатат.

Эгер бажы төлөмдөрүн алсак, Бишкек биримдикке киргенден кийин ал кескин кыскарганы байкалды. Ал 2014-жылы 42,6 миллиард сомду түзгөн болсо, кийин 30 миллиардга түшүп калган. Бажы алымдарын чогултуу эми гана 41 миллиард сомго жетип отурат.

Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнүн чогултулушу. Экономика министрлигинин маалыматы.
Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнүн чогултулушу. Экономика министрлигинин маалыматы.

Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору, академик Жамин Акималиев өкмөт уюмга байланышкан кыйынчылыктарды көрмөксөн болгонун айыптады:

«Өсүштөр болду, улуттук кирешебиз көбөйгөнсүдү. Бирок ошонун баары эле ЕАЭБге киргенден кийин болуп калды дегени туура эмес. Бул башка өлкөлөр менен да, анын ичинде Кытай, Европа, арабдар менен болгон карым-катыштарыбыздын жыйындысы.

Жамин Акималиев
Жамин Акималиев

Экономика министри же өкмөт «жагабыз» дейби же кандай, бирдеме болсо эле «ушул биримдик болбосо эле биз өлүп калат элек» дегендей мааниде айтышат. Жок, пайда болсо болгондур, бирок ал жактан тапкан зыяндарыбыз да толтура болуп жатат. Эң негизгиси - биз сыртка чыгара турган азык-түлүктүн көлөмү көбөйгөн жок. Баарын импорт басып кетти. Казакстан, Орусия, биримдикке кирбесе да Өзбекстан бизди азык-түлүгү менен толтуруп салып, өзүбүздүн коопсуздугубузга коркунуч келтирип алдык. «Өзүбүздүн дыйкандардыкын ошол жакка сатып жыргап жатабыз» десе макул элем, бирок алар башка жактан сандарды таап, жомок айтып жатканы мени абдан таң калтырды. Бизде азыр бул уюмга ылайыкташмак тургай, кээ бир жерлерде баштала элек. Путин быйыл келип кеткенден кийин, төрт жылда эми иш башталып жаткан жерлери бар. Ушул ыргак менен кетсе ЕАЭБге интеграциябыз дагы он жылга созулат».

Чын эле, соңку төрт жыл аралыгында уюмга мүчөлүк кылган мамлекеттер менен Кыргызстандын карым-катышы боюнча сын аз болгон жок. Өзгөчө коңшу Казакстандын чек ара, бажы тармактарындагы ашыкча текшерүүлөрү, кезекти узартышы же Орусиянын азык-түлүк товарларын кайра Бишкекке кайтарып турушу терс кабылданып турду.

ЖИА ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкуловдун пикирине кызыктык.

Темирбек Ажыкулов
Темирбек Ажыкулов

«Бизге арыз-муңдун баары экспорт багытында жумуш алып барган ишкерлерден келип жатат, - деди ал. - «Тарифсиз тоскоолдук» деп жатпайбызбы, ошол көбөйүп кеткени тууралуу даттангандар бар. Чек араны жапканынан, бюрократиядан канча зыян тартышты! Бул эми ЕАЭБдин алкагында кабыл алынган эрежелердин эле аткарылбаганы да. Бизге тоскоолдук кылып жатышат да, бирок өздөрү товарларын бизге жөнөтүүнү көбөйтүштү. Биздин ишкерлер, өзгөчө өндүрүшчүлөр, айыл чарба багытында иштегендер көп кыйналып жатышат. Бирок өкмөттүн отчетунда алар айтылбайт. ЕАЭБ идея катары жакшы болушу мүмкүн, бирок реалдуу жагдайда жеңилдиктерди алып келгенин сезе алган жокпуз. «Рынок ачылды» деп атышат, бирок ошого товар жөнөтүш үчүн талапка жооп бере турган лабораториялар ачылган жок. Сертификациялоо жолго коюлбады. Мамлекет курган лабораториялардын сертификаттары өнөктөш мамлекеттерде дагы эле таанылбай жатат. Көйгөй көп».

Албетте, өкмөт өзү деле уюмдаш мамлекеттер экономикалык барьерлерди жана чек арадагы тоскоолдуктарды толук жоё элек экенин мойнуна алууда. Аларды чечүү ар кайсы жагдайларга байланыштуу созулуп келгенин билдирип, бирок «эми мындан ары жеңилдөө башталат» деп турат. Бирок ага ишенич аз.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу ниетин 2014-жылы билдирип, 2015-жылдын 12-августунда мүчө болуп кирген. Уюмда Кыргызстандан башка Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG