Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:07

Орусия мигранттардын эсебин алды


Москвадагы мигранттар.

Үч айда Орусияга 2,5 миллион адам ишке келген.

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) маалыматына ылайык, 2019-жылдын биринчи жарымында Орусияга 15 миллиондон ашуун чет өлкөлүк кирсе, алардын дээрлик 2,4 миллиону иш издеп келген.

Өзбекстандан 918 миң, Тажикстандан 524 миң, Кыргызстандан 265 миң, Украинадан 164,6 миң жана Казакстандан 105,3 миң адам чек арадан өткөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча Орусияда былтыр 15 миллион чет өлкөлүк мигрант жашап иштеген. Анын ичинде Өзбекстандан 4 миллион, Тажикстандан 2 миллиондон ашыгыраак, Украинадан 1,8 миллион, Кытайдан 1,5 миллион жана Кыргызстандан 900 миң адамдын тегерегинде киши келген.

Эсептеги айырмачылык

Анткен менен мигранттарды кабыл алган Орусия менен донор өлкөлөрдө мигранттардын эсеби боюнча айырмачылыктар кездешет. Мисалы, орус өкмөтү быйыл алты айда 450 миң тажикстандык мигрантты кабыл алганын кабарласа, тажик өкмөтүнүн статистикасы боюнча Орусияга 300 миңге жетпеген жаран ишке кеткен.

Байкоочулар муну расмий Дүйшөмбүнүн мигранттардын бюджетке кошкон салымын азайтып көрсөтүү аракети, ал эми Москванын чөлкөмгө таасирин күчөтүү аракети менен түшүндүрүшөт. Быйыл апрелде орус-тажик президенттери жолукканда Владимир Путин 1 миллион 200 миң тажик жараны Орусияда иштей турганын, алардын которгон акчасы үй-бүлөлөрүнө «чоң жардам» болуп жатканын баса белгилеп өткөн. Ал эми Эмомали Рахмон муну четке кагып, Орусияда иш издеген жарандарынын саны эки эсе азайганын айткан.

Кыргызстандай эле мигранттардын которгон акчасы Тажикстанда да бюджеттин 35-37 пайызын жабат. Былтыр Орусиядагы тажикстандыктар мекенине 2,5 млрд. доллар которушкан.

Ал арада Тажикстанда банктар сомониге карата рублдин курсун атайылап түшүрүп кармап жатканы айтылууда. Орусиядан акча которгон мигранттар үй-бүлөлөрү аз акча алып калып жатканын «Азаттыктын» тажик кызматына бир нече ирет кабарлашкан. Мисалы, августтун башында Орусиядан 10 миң рубль которгон тажикстандыктардын туугандары 1500 сомонинин ордуна 40-50 сомониге азыраак акча алышкан. Белгилей кетсек, Тажикстанда 50 сомониге бир килограмм уй этин сатып алууга болот.

Тажикстандык экономисттер өкмөт рубль менен акча которууну көзөмөлдөп, рублдин курсун өлкөдө атайылап кармап жатканын белгилешет.

«Мусулман майрамынын алдында рубль менен акча салгандар көбөйөт. Майрамга Орусиядан келген мигранттар рублдерин улуттук акчага которот. Дүйнөлүк рынокто рублдин түшүшү, рубль менен которулган акчаны көзөмөлдөө аракеттери орус акчасын сомониге карата алсыратууда», дейт экономист Ораш Ходжамуродов.

Ал эми кыргызстандык экономист Азамат Аттокуров мындай аракеттер башка кошуналарда да байкалып жатканын белгиледи:

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Тажикстанда чет жактан доллар менен которулган акчны көбөйтүш үчүн атайын рублдин курсун кармап жатышат. Өзбекстанда да ушуга окшош. Өкмөт мигранттардан долларды күтүүдө. Мамлекетке бул валюта кирешелүү. Бардык кошуналарда инфляция болот. Валюталык резервдин, экспорттун азайышы, импорттун көбөйүшү күтүлөт. Кыргызстанда салыштырмалуу абал туруктуу. Бизде валюталык баланс бар».

Мигранттардын акчасы азайды

Орусияда тажикстандык мигранттардын жүз миңдеп көбөйүп баратканына карабай которгон акчасы азайганы байкалат. Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча былтыр биринчи кварталда Тажикстанга 487 миллион доллар которулса, быйыл 462 миллион доллар болгон.

Мигранттарды эсептөөдө кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосунда да айырмачылыктар бар. Федералдык органдарын эсеби боюнча Орусияда иштеген кыргызстандыктар 900 миңге чамалап барат. Ал эми кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдө жалпысынан 700 миңдей жаран иштп жатканын кабарлап келет.

Ал эми акча которуу жагына келгенде Улуттук банк быйыл июлда Орусиядан 191,6 миллион доллар которулганын, мурунку жылга салыштырмалуу 64.9 миллионго аз жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Айрым экономисттер муну Орусиянын Борбордук банкы Вьетнамга, Казакстанга жана Кыргызстанга акча которууга 100 миң рублдик чектөө киргизип койгонуна байланыштырышууда.

Ал эми Азамат Аттокуров дүйнөлүк рынокто рублдин түшүшү, Батыштын санкцияларынын узартылышы Орусияда экономикалык абалды оорлотуп, мигранттардын тапкандарына мындан ары да терс таасирин тийгизерин белгиледи:

Жыл аягына чейин бир доллар 70 рублга чейин көтөрүлөт.

«Орусияда калктын төлөө дарамети азайып, чет жакка капиталды чыгарып кеткендер көбөйөт. Экономика стагнацияга кабылат. Жыл аягына чейин бир доллар 70 рублга чейин көтөрүлөт. Ооба, Орусиядагы мигранттарыбыз көбөйгөндүктөн гана акча которуу көбөйүп жатат. Бул жакшы көрсөткүч эмес. Бул биздин өлкөдө жумуш орундары түзүлбөй, өндүрүш иштебей турганын гана көрсөтөт. Акча экспорттон эмес, мигранттардын эсебинен келип жатканы начар нерсе».

Миграция агымдарын иликтеген адистер менен эксперттер федералдык органдардын эсебиндеги айырмачылыктарды окуу, туризм жана кызматтык сапар максатында чек арадан өткөндөр, миграцияда жарандыгын алмаштыргандар, миграциялык документтерин жаңыртуу максатында чек арага кирип-чыгуу менен түшүндүрүшөт. Ошол эле кезде жалпысынан Орусияга КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттардын агымы көбөйүп баратканын белгилешет. Алар өлкөдө экономикалык абалдын начарлашы менен социалдык нааразылык да күчөшү мүмкүн экенин эскертип жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG