Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Мигранттардын пенсиясы импорттолот


Москва.
Москва.

Мигранттар пенсия менен камсыздалат. Эми кыргыз бюджетине мигранттардын пенсиясы да түшүп турат.

Орусия Евразиялык Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында мигранттарга пенсия төлөөгө даяр. Тиешелүү келишимди Кыргызстандын, Армениянын, Казакстандын жана Беларустун өкмөттөрү быйыл сентябрда кабыл алса, 2020-жылдан тартып биримдиктин эмгек мигранттарына пенсия чегериле баштайт.

Майдын аягында Нур-Султан шаарында өткөн Евразия кеңешинин жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путин 2014-жылдары макулдашылган долбоордун келишими толук иштелип чыкканын билдирген.

«Биримдиктеги өлкөлөрдүн аймагында иштеген адамдардын эмгек стажын эсептеп, пенсияга чегерүүгө мүмкүндүк берген келишимди Евразия комиссиясы даярдады. Бул өмүр бою иштеген жөнөкөй катардагы адамга маанилүү маселе деп ойлойм. Ал кайда иштегени мааниге ээ болбойт. Башкысы - эмгек стажын тастыктаган тиешелүү документтери болушу керек», - деген анда Владимир Путин.

Евразия кеңешинин жыйынында.
Евразия кеңешинин жыйынында.

​Келишим күчүнө кирсе, Орусияда расмий иштеген кыргызстандык мигранттардын эмгек стажы эсепке алынып, пенсиялык фондго төлөгөн акчасы кийин Кыргызстанга которулат.

Азыр Орусияда расмий ишке алынган мигранттар үчүн жумуш берүүчүлөрү пенсиялык фондго төлөмдөрдү которуп турушат. Бирок мигранттардын чет өлкөдөгү эмгек стажы мекенинде эсепке алынбай, Орусиядагы пенсия төлөмдөрүн кайтарып алууга укугу болгон эмес.

Жогорку экономика мектеби жүргүзгөн иликтөөгө ылайык Орусияда расмий иштеген чет өлкөлүк мигранттын орточо айлык акысы 31 миң рублдин тегерегинде. Чет өлкөлүк жумушчу үчүн пенсиялык фондго 22 пайыздык төлөм алынат (Казакстан менен Арменияда 10%, Беларуста 29%). РБК басылмасынын маалыматы боюнча буга чейин мигранттардын эсебинен бюджетке 70 миллиард рублдан ашык пайда түшүп турушу керек эле.

«Бара-бара Орусияда чет өлкөлүк мигранттардын эмгек стажы топтолуп, орус өкмөтүнүн бюджетине жүк болот» деп орус коомчулугунда бул келишим азыртадан сынга алынууда. Аны алдын-ала Орусиянын Эмгек министрлиги 2020-2021-жылга пенсиялык фондго кошумча 166 миллион рубль бөлүнөрүн билдирүүдө.

Пенсиянын орточо өлчөмү Орусияда, Беларуста жана Казакстанда 200-220 долларды, Кыргызстан менен Арменияда 80-90 долларды түзөт.

Кыргызстандын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов кыргыз өкмөтү бул келишимди кабыл алганга даяр экенин билдирди:

Уланбек Асанов.
Уланбек Асанов.

«Бул долбоор Кыргызстан ЕАЭБге кошулганда 2015-жылы иштеле баштаган. Бүгүнкү күндө биз бардык сунуштарды, өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алдык. Эми ар бир өлкөдө мамлекеттик ички процедуралар жүрүп жатат. Келишим ратификацияланып, кол коюлгандан кийин күчүнө кирет».

Орусияда иштеген кыргызстандыктардын расмий саны 700 миңден ашты. Миграцияда 15-20 жылдан бери жүрүп, эми пенсия курагына жетип тургандар бул келишимдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калат.

«Бул келишим келечекте пенсия чыкчуларга тиешелүү, - дейт Уланбек Асанов. - Анткени 1992-жылдан берки мигранттардын пенсиясын эсептей турган болсок, бир да бюджет аны көтөрө албайт. Келишим күчүнө киргиче Орусияда, Казакстанда иштеген биздин жарандар толук мыйзамдашууга аракет кылышы керек».

ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген мигранттар кийин пенсия алыш үчүн азыртадан эмгек келишиминин негизинде мыйзамдуу ишке орношуп, тийиштүү социалдык төлөмдөрдү, салыктарды төлөй башташы керек.

«Орусиянын органдары азыр өлкөдө 700 миңдей кыргызстандык жүрсө, алардын 200 миңдейи гана тиешелүү келишим, салыктар менен расмий ишке жатканын айтышууда. Бул акыркы статистика», - деди Уланбек Асанов.

Мигранттарды пенсия менен камсыздоо боюнча төрт жылдан бери сөз болуп жүргөн келишимди ишке ашыруу дагы бир топ убакытты талап кылары шексиз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG