Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 13:30

Орусия: кымбатчылык мигранттын чөнтөгүн какты


Иллюстрациялык сүрөт

Орусияда азык-түлүк кымбаттап, калк тапканынын дээрлик жарымын күнүмдүк тириликке жумшап жатат. Кымбатчылык эпкини мигранттарга да жетти.

Инфляция күчөп, киреше азайганынан улам орусиялыктар тапканынын көбүн тамак-ашка гана жумшап калды. 2019-жылдын экинчи кварталында орус жарандары кирешесинин 38,9 пайызын азык-түлүккө короткон. Мындай абалды Орусиянын рыногундагы ири финансылык конгломерат - «Сбербанк» жүргүзгөн сурамжылоо көрсөткөн.

Орусиялыктардын тапканы тамак-аштан кийин эле коммуналдык тейлөөнүн акысына (15,2 пайызын) кетет.

Кымбаттоо бул өлкөдөгү мигранттарды да кыйгап өткөн жок. Москвада жашаган Гүлбарчын Жанбаева үй-бүлөдө иштеген үч кишинин биринин айлыгы толук бойдон тамак-ашка кетерин айтып берди.

"Үч уулум, жолдошум болуп беш адам жашайбыз. Үйдө үч адам иштейт. Жолдошум экөөбүз 40-50 миң рублдин тегерегинде айлык алабыз. Улуу балабыз жакында эле иштей баштады, 30 миң рублдай табат. Күнүгө тамак-ашты 1 миң рублга алабыз, айына 30 миң жөн эле коройт. Андан тышкары батир акысы, жол кире, кийим-кече деген бар. Үч адам иштесе деле тартыш болуп калды. Кымбатчылыкты биз көбүрөөк сезип жатат окшойбуз. Орустар картошканы бизге окшоп килограммдап эмес, дааналап алат. Биздин бери дегенде эки-үчтөн балабыз бар, жаш баласы барлардын аялдары сөзсүз үйдө отурат, күйөөсү гана иштейт. Акча топтогонго деле кыйын болуп калды".

​Федералдык статистика кызматы Орусияда январь-апрель айында азык-түлүк баасы 3,6 пайызга көтөрүлгөнүн кабарлаган. Жашылча-жемиш, дан азыктары 3-24 пайызга чейин кымбаттаган.

Ал эми калктын кирешеси расмий маалыматтарга ылайык 2014-жылдан бери төмөндөп, быйыл 0,2 пайызга азайган. «Ромир» борборунун майдагы иликтөөсүндө орусиялыктардын 24 пайызы тамак-аштан каражат үнөмдөй баштаганы белгиленген.

Москвада «Перекресток» азык-түлүк түйүнүндө жетекчилик кызматта иштеген Динара кымбатчылык дүкөндөгү текчелерден эле байкалып жатканын айтууда.

"Азык-түлүк баасы орточо эсеп менен 10-15% кымбаттады. Орточо чек былтыр 350-400 рублга чейин болчу, азыр 550-600 рублга жетти. Элдин үнөмдөгөнү деле байкалбайт, азык-түлүк кымбаттаганы үчүн бизде түшкөн каражат анча өзгөргөн жок. Калк биринче кезекте сүт азыктарын, жашылча-жемиш алат. Кыргыздар деле москвалыктардай соода кылат. Биздикилер бир гана этти дүкөндөн сатып албайт".

Кыргызстандын Улуттук банкы быйыл январь-март айларында мигранттар Орусиядан 530,3 миллион доллар которгонун, былтыркыга караганда 34,6 миллионго көбөйгөнүн кабарлаган.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны расмий 70 миңге чейин көбөйгөнүн эске алсак, акча которуулар мигранттардын тапкан кирешесинин эсебинен эмес, мигранттардын санына байланганын көрүүгө болот.

Орусиядагы дагы бир ири каржылык мекеме - «Альфа-банктын» июндагы аналитикалык баянында 2014-жылдан бери Орусияда туруктуу кирешеси бар, элдин орточо жашаган катмары 37 пайыздан 30 пайызга чейин азайганын белгиленген.

Орусиядагы жеке менчик банктын башкы экономисти Наталья Орлова өлкөдө орто чарбалуу, оокаттуу калктын катмарынын жукарышын катаал өкмөттүк саясат менен түшүндүргөн.

"Кирешелердин мындай начар динамикасына катаал бюджеттик саясат себеп. Биз 2009-жылы кризистен чыгып жатканда кирешелердин динамикасы жакшы болчу. Анткени, бюджеттин чыгашалары индексация болгон. Азыр мамлекеттик органдар инфляцияны көзөмөлдөө үчүн атайын чараларды киргизип, катаал бюджеттик саясат жүрүп жатат. Инфляцияны 4 пайыздык деңгээлде кармап калуу үчүн калктын кызыкчылыктарын тепселеп коюшту десек да болот".

​Ал эми саясат таануучу Дмитрий Орешкин дүйнөдө оокаттуу орто катмарды жеке ишкерлер, жеке компаниялардын кызматкерлери түзсө, Орусияда мамлекеттик кызматкерлер түзүп калганын төмөнкүчө түшүндүрөт:

"Бул саясий артыкчылыктардын жыйынтыгы. Бийлик бийликти гана колдойт, ошон үчүн аскерлердин, аткаминерлердин эле кирешеси көбөйүүдө. Бул атайын дайындалган стратегия эмес, бир гана Кремлде отургандар алардын бийлиги элдин колдоосу менен эмес, күч түзүмдөрүнүн, теледеги, ошол эле аймактардагы аткаминерлердин лоялдуулугу менен кармалып турганын жакшы түшүнүшөт. Ал эми карапайым эл өз жанын өзү багышы керек. Эми калктын орто катмарынын бийликке байланышы бар, киреше кайдан келип жатканын билет, бийликке каршы чыкпайт. Алардын психологиясы, өнүгүү жөнүндө түшүнүгү башка".

Ошол эле маалда аналитиктер Орусияда 2019-жылы калктын кирешеси кыскара бере турганын белгилеп келишет. «Левада» борборунун апрелдеги сурамжылоосунда орусиялык үй-бүлөлөрдүн 2/3 бөлүгү эч кандай сакталган аманаты жоктугун белгилешкен.

Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча элдин банктарга карызы бир жылда 12,5 трлн. рублдан 15,9 трлн. рублга көбөйгөн. Өлкөдө орточо айлык 43 400 рублдын тегерегинде.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG