Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

FT: "ЕАЭБ Орусияга эле керек"


Сочидеги ЕАЭБдин саммити
Сочидеги ЕАЭБдин саммити

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (28-январь-4-февраль).

"Financial Times" гезитине Борнмут университетинин профессору Кристофер Хартуел жана Польша өкмөтүнүн экономикалык кеңешчиси Мартин Мишерактын Евразия экономикалык биримдигине сереп салган макаласы чыкты. "Орусия ЕАЭБди мурдагы советтик өлкөлөрдү саясий болбосо да, экономикалык жактан өз бийлигине каратуу максатында түзгөн. Бирок бара-бара бул уюмдун ичи ыдырап бараткандай. Ага мүчө өлкөлөрдүн экономикасында, саясатында советтик доордун изи да жок.

Мисалы, Армения өз кезегинде Еврошаркеттен оолактап, Орусияга ыктап, ЕАЭБге кошулган. Бирок бул өлкөдө жакында эле бийлик алмашып, жаңы өкмөт Европа Биримдиги менен мамилесин оңдоо аракетинде. Ал эми Беларустун президенти Александр Лукашенко 2018-жылдын декабрь айында Орусиянын лидери Владимир Путинди жаратылыш газынын баасын көтөргөнү үчүн сындады. Казакстан уюмдагы эң маанилүү мүчө эле. Нурсултан Назарбаев Орусия - Батыш ортосундагы санкцияларга нааразы болуп, айрыкча Казакстандын түндүгүндөгү орус таасиринен арылуунун жолун издөөдө. Анан калса Казакстан Кытайга башын буруп, орус-кытай таасиринин ортосундагы кыл көпүрө болуп турат.

Кызыгы, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ич ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү Кытай менен айланган акчага жете албайт. Буга кошумча Кытай үчүн Казакстан азыр аймактагы эң эле маанилүү инвестиция салчу өлкө болууда. Кытай инвесторлору казак жергесине турак жай куруп, инфраструктураны оңдоого миллиарддаган доллар каражат салууда. Орусия канчалык умтулса да мындай инвестицияларды ишке ашыра албайт", - деп баяндалат макалада.

Орус тилинин ооматы кетүүдө

Кыргызстанда орус тилинин ооматы кетип жатканын "Eurasia Daily Monitor" журналы жазды. Москвага Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда орус тилинин статусу өйдө турганы ар дайым ыңгайлуу болуп келген. Кыргызстандыктардын дээрлик баары орус тилин мыкты билип, эгемендиктен кийин орус тилинин макамы бул өлкөдө расмий деңгээлде жогору турганы Кремлдин Кытай менен таасир талашында пайдалуу эле. Бирок акыркы жылдары өлкөдө кыргыз тилине өзгөчө көңүл бурула баштады.

Орусиядагы кыргыз мигранттары
Орусиядагы кыргыз мигранттары

Оппозициянын өкүлү Азимбек Бекназаров бир нече саясий топтор чогулуп, орус тилинин расмий макамын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатышканын билдирди. Жакында Кыргызстан бардык расмий иштерин жалаң кыргызча ишке ашырууга өтсө Москва менен Бишкектин байланышы солгундашы ыктымал. "Независимая газета" басылмасына Виктория Панфилова кыргызстандык жүз миңдеген эмгек мигранттары Орусияда иштегени менен өлкөдө кыргыз тилинин мааниси артса, баары бир Кремлдин таасири төмөндөй берерин жазган.

Билим берүү министрлиги кыргыз тилине басым жасоодо. Ошондой эле "мамлекеттик кызматтарда иштегендер милдеттүү түрдө кыргыз тилин билиши керек" деген талап бар. Бир нече жылдан кийин иш жүргүзүү толук кыргызчага өтсө, Орусиянын Борбор Азиядагы таасирине шек келиши ыктымал" деп жазды басылма.

Кыргыз туристтери Ташкентке агылууда

Журналист Лейла Саралаеванын "Кыргызстандын туристтери Өзбекстанды ачууда" деп аталган англис тилиндеги макаласы "Eurasinet" басылмасына жарыяланды. Саралаева Ташкентке болгон сапарын ийне-жибине чейин сүрөттөп, өзбек баш калаасы менен Бишкектин ортосундагы айырманы жазган.

Ташкенттеги курант
Ташкенттеги курант

"Адегенде эле көзгө урунганы Ташкенттин мизилдеген тазалыгы болду. Жолдун баарына камералар коюлуп, машине көптүгүнө карабай, тартип сакталат экен. Бирок акча алмаштырууга келгенде бир аз убара болдук.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мурда тарыхый жайларга Германия, Англия сыяктуу батыш өлкөлөрүнөн туристтер жайында жана жазында эле келишчү. Самарканддагы Регистанды кайтарган 53 жаштагы Бахтияр аке азыр казак, кыргыз туристтери жайы-кышы дебей агылып жатканын айтты. Ташкенттеги байыркы жана заманбап архитектуранын айкалышы көздү кубантат экен.

Бишкектеги иретсиз, бири-бирине жыш курулган "элиткалардан" айырмаланып, Ташкенттин жаңы имараттары шаардын көркүн бузбаганы жакты. Бизди коштоп жүргөн 26 жаштагы Дмитрий Абрамов коңшулардын эсебинен бир айлык киреше эки эсе артканын айтып кубанды. Ташкенттен Бухарага жогорку ылдамдыктагы поезд менен бардык. Албетте, бул кыргызстандыктар үчүн жаңылык. Заманбап поезддин ичинде ал тургай бизге шам-шум эткенге да мүмкүнчүлүк болду. Кыргыз поезддерине салыштырып, маанайым чөктү. Өзбекстанда туризм биздикинен ат чабым алдыга кеткени анык", - деген автор өзбек жана казак чек арачыларын да салыштырып, Казакстандын чек арасындагы туристтерге болгон начар мамиле менен унаа кыйынчылыгына да токтолгон.

Эң жакырлар жашаган беш өлкө

Дүйнөлүк банктын расмий веб-сайтына (www.worldbank.org) Диванши Уадханын аналитикалык блогу чыкты. Анда дүйнөдө 736 миллион эң жакыр адам аныкталганы, алардын 368 миллиону беш өлкөдө жашары баяндалат. Индия, Нигерия, Конго Демократиялык Республикасы, Эфиопия жана Бангладеште дүйнөдөгү абдан жакырлардын жарымынан көбү жашайт. Аталган банк эң кедей деп бир күндө 1,90 долларга жашаган калктын катмарын атаган.

Иллюстрация
Иллюстрация

Бирок автор 2030-жылга чейин глобалдык жакырчылыкты 3 пайызга кыскартуу максаты коюлган дейт. "Бул беш өлкөдөн тышкары башка мамлекеттердеги жакырчылыкта жашагандарды да көз жаздымда калтырбоо керек.

2030-жылга чейин Индия менен Бангладеште ашынган жакырчылык таптакыр жоюлары күтүлүүдө. Бирок Нигерия менен Эфиопияда кайра күчөшү мүмкүн. Бул беш өлкөдөгү кедейликтин жапырт жоюлуусундагы проблемалар дүйнөдөгү жакырчылык менен күрөшүүнүн күзгүсүндөй. Ушундан улам адамзат кайсы бир өлкө же аймактагы кедейлердин жашоосун оңдоо менен эле бул көйгөйдөн арылбастыгын билиши керек. Глобалдык жакырчылыктын алдын алуу үчүн ар бир өлкөнүн өз стратегиясы болгону дурус", - деп жазат Диванши Уадха.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG