Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Бишкек Кытайга чектеш жерге соода-логистикалык борбор курууну жанданткысы келет


Бишкек Кыргызстан менен Кытайдын чектеш аймактарына соода-логистикалык борбор курууну жанданткысы келет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынында кеп кылып, ага жигердүү катышууга чакырды:

- Бул долбоор ШКУ мамлекеттеринин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймак аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталат. Аны ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт.

ШКУнун жыйыны Өзбекстандын борбору Ташкентте 2-ноябрда өттү.

ШКУ - 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн, туруктуу иштөөчү өкмөт аралык уюм. Анын курамында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Пакистан, Индия, Орусия жана Кытай бар.

Төрт өлкө - Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия - байкоочу-мамлекет макамында. Алты өлкө - Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка - ШКУ диалогу боюнча өнөктөш.

XS
SM
MD
LG