Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Панкратов: Кыргыз-кытай соода алакасы жаңы деңгээлге чыкты


"Ореон" мейманканасында өтүп жаткан кыргыз-кытай жолугушуусу. 19-апрель, 2019-жыл.
"Ореон" мейманканасында өтүп жаткан кыргыз-кытай жолугушуусу. 19-апрель, 2019-жыл.

Бүгүн кыргыз-кытай соода-экономикалык комиссиянын жолугушуусунда Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов кыргыз-кытай соода алакасы жаны деңгээлге чыкканын айтты.

Ал кытай тарапка Нарында логистикалык борбор ачууну сунуштады. Айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев айыл чарба азыктарын экспорттоо үчүн Кытай тараптан жеңилдик берүүнү өтүндү. Маселен, кокон гиласты буга чейинкидей учак эмес, автотранспорт менен да ташууга уруксат беришин өтүндү.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык аймагынын өкмөт башчысынын орун басары Чжао Цин кыргыз-кытай экономикалык алакасы жакшыра турганын айтып, "Бир алкак, бир жол" программасынын алкагында кызматташуу чаралары көрүлүп жатканын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту.

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектеги "Ореон" мейманканасында кыргыз өкмөтүнүн Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу аймагы менен кызматташтыгы талкууланды.

Кыргыз-кытай өкмөт аралык соода-экономикалык комиссиясынын алкагында түзүлгөн координациялык топ ушуну менен 10-жыйынын өткөрүп жатат.

Май айынын соңунда президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга иш сапары менен барат. Ал «Бир алкак, бир жол» долбоорунун алкагындагы иш-чарага, багбанчылык боюнча «Экспо-2019» көргөзмөсүнө катышат. (KR)

XS
SM
MD
LG