Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Ишкерлик өнүккөн жерде эл ирденет


Ишкер
Ишкер

Абройлуу чет элдик басылмалар Кыргызстанды дүйнөдөгү элүү жакыр өлкөнүн катарына киргизди. 2017-жылга салыштырганда өлкө алты позицияга артка кеткен.

Кедей мамлекеттердин катарынан эмне үчүн чыга албай жатабыз? Анын себеби өндүрүштүн жоктугубу, өкмөттүн тез алмашканыбы же инвестициялык, миграциялык саясаттын чабалдыгыбы? Жакырлыктан канткенде арылабыз? Ушул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана жаш ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Фархат Пакыров катышты.

“Азаттык”: Мирлан мырза, америкалык «Global Finance» басылмасы Дүйнөлүк банктын жана Валюта Фондунун жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянып жарыялаган маалыматтарда Кыргызстан элдин жашоо деңгээли боюнча 185 мамлекеттин ичинен 2017-жылы 142-орунда болсо, быйыл 148-орунду алып, алты позиция артка кетиптир. Бул биздеги чыныгы реалдуулукту чагылдырды десек болобу?

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Мирлан Бакиров: Ооба, кайсы өлкө болбосун анын экономикалык кудурети ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) көлөмүнүн киши башына бөлүштүргөндөгү көрсөткүчү менен эсептелет.

Биздин реалдуу статистикалык көрсөткүчтөрүбүзгө кайрыла турган болсок, 2016-жылы жакырчылык калктын 25 пайызын түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч тескерисинче эки пайызга көбөйгөн. ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинде да ИДӨ боюнча Кыргызстан артта турат.

Бизде өлкөдөгү ар бир жарандын өндүргөн товары, көрсөткөн кызматынын баары эсептелип, ачык көрсөтүлүшү керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда "көмүскө экономика" деген бар. Биздин расмий статистика "көмүскө экономиканын көлөмү 20-25 пайыз" десе, көз каранды эмес башка эксперттер "30-40 пайыз" деп жатышат.

Бул да өтө чоң каражат. Эми реалдуу элдин турмушун карай турган болсок, Кыргызстанда биротоло “итке минген” же ачка калган киши жок. Экономикада өсүш ыргагы, туруктуулук бар. Ошол эле учурда эсепке алынбаган ири өлчөмдөгү көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу керек.

“Азаттык”: Канткенде ачыкка чыгарабыз, анын саясаты, механизми кандай болушу зарыл?

Мирлан Бакиров: Албетте, аны ачыкка чыгаруу убакытты, ошол эле учурда каражатты жана реформалык кадамдарды талап кылат. Бизде канчалаган төлөнбөгөн салыктар, канчалаган товарлар аткезчилик жолу менен өтүп жатат? Дагы толгон-токой маселелер бар.

“Азаттык”: Айылчы агай, Эл аралык “Focus Economics” аттуу дагы бир интернет-басылмада “Дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөр” аттуу макалада Кыргызстан эң кедей он өлкөнүн тизмесине кириптир. Анын негизги критерийи катары өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмү эсептелиптир, "Кыргызстандын ИДӨсүндө өсүш жок" деп жатышат, анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

Айылчы Сарыбаев: Биздин өлкөдө бат-бат бийлик алмашканына, коррупция күчтүү экенине жана башка толгон тоскоолдуктарга карабай, эл өзүнүн экономикалык абалын оңдоого аракет кылып жатат.

Кыргызстандын расмий статистикасы ички дүң өндүрүмдүн 25 пайызы эмес, 30-40 пайызы “көмүскө экономикада” деп көрсөтүп жатат, расмий эмес маалыматтар "50-60 пайыз" деп жатат. Жогоруда айтылган тармактардан сырткары дагы далай-далай жерлерде миллиондогон акча көрсөтүлбөй келет. Аны чечүүнүн жолу эң жөнөкөй.

Бардык жерде эсеп-кысапты, отчеттуулукту так киргизиш керек. Эсеп палатасы каржылык туура эмес иштерди ордуна коюшу зарыл. Мында мамлекеттик башкаруу түзүмүн да кайра карап чыгуу зарылдыгы бар, кереги жок тармактар көп. Мамлекеттик органдардын ортосунда байланышты күчөтүп, бир нукка салыш керек.

Ага анчалык көп убакыттын, көп акчанын деле кереги жок, билим, уюштура билүү гана зарыл. Мамлекеттик мекемелер эмес, жеке сектордун эсеп-кысабын так алыш керек. Мисалы, Бишкекте канчалаган курулуш компаниялары иштейт, алардын ишинин так эсеби барбы?

Алар ишмердүүлүгүнүн элүү пайызын эле ачык көрсөтөт. Айлыгынын көбүн конверт менен алышат. Ушуга окшогон ондогон компанияларда миңдеген адамдардын тапканы, өндүргөнү, чыгарганы көп учурда эсептелбей жатат. Жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөр ар кимиси өз аймагындагы бардык субъектилердин ишмердүүлүгүн ачыкка чыгаруу боюнча иш алып барышы керек эле. Ким каяктан киреше таап жатат, бала-бакырасын кантип багып жатат, канча салык, канча башка төлөмдөрдү берип жатат - алардын көзөмөлдөгөнгө акысы бар. Ички-сырткы миграциянын эсеби кандай болуп жатат - аны да такташ керек. Ушуга окшогон мамлекетке киреше боло турган булактар көп.

“Азаттык”: Фархат мырза, 2018-жылы ИДӨнү киши башына эсептегенде Казакстанда 25 миң доллар, Түркмөнстанда 17 миң доллар, Өзбекстанда 6 миң доллар болсо, Кыргызстандын ички дүң өнүмү ар бир жаранга эсептегенде 3 миң доллардын тегерегинде экен. Кошуналар менен болгон мынчалык чоң айырма мунай менен газга эле байланыштуубу?..

Фархат Пакыров.
Фархат Пакыров.

Фархат Пакыров: Кыргызстандын азыркы экономикасы негизинен үч багыттан түзүлүп жатат. Биринчиси - жеке сектордон түшүп жаткан каражаттар. Экинчиси - чет өлкөлөрдөгү мигранттардын эсебинен түшкөн акча.

Үчүнчүсү - сырттан алган насыялар. Ушулар экономикабызды иштетип жатат. Экспортко чыгарганыбыз өтө аз, импорт менен алып келгенибиз өтө көп, бизге чет өлкөлөрдөн келген инвестициянын өлчөмү да жетишсиз. Ушундай шартта биздин өкмөт жеке секторду өнүктүргөнгө басым жасаса жакшы болмок. Мунайы, газы жок өлкөлөрдүн баары ишкерликке жакшы шарт түзүп бергендиктен өнүгүп жатат. Биз да ушул жолду тандасак, туруктуу өнүгүүгө жетишет элек. Ишкерлик өнүккөн жерде жакырчылык өзүнөн-өзү азаят. Ошондуктан мамлекеттин колдоо саясаты жакшы болушу керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Ишкерлик өнүккөн жерде эл байыйт
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:56 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG