Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 11:06

ЕАЭБ: Ичимдик базарын жөнгө салуу кечикти


Кыргызстандагы коньяк өндүрүүчү завод. Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттер алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча макулдашууга кайрадан жетише алган жок. Өкмөт башчылардын Чолпон-Атадагы саммитинде айрым каршылыктар аны кабыл алууну дагы кечеңдетти.

Тиешелүү документтин долбоорун кароо дээрлик төрт жыл мурда башталган эле. Бул эмне болгон макулдашуу, тараптарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

Төрт жылда бүтпөгөн макулдашуу

Биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинде алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча макулдашууну кароо Чолпон-Ата саммитинин күн тартибине киргени алдын-ала кабарланган. Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылар аны чакан курамда талкуулап чыгышты. Кийин кеңири отурумда тараптар аталган багыт боюнча келише албай калганы белгилүү болду.

Орусия Федерациясынын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев анда буларды айтты:

Дмитрий Медведев Чолпон-Атадагы саммитте.
Дмитрий Медведев Чолпон-Атадагы саммитте.

«Биз азыр да, чакан чөйрөдө да сапат стандарттары кандай болушу керек, ал ким аркылуу тастыкталышы керек, алар чыгашалуу болбойбу деген маселе боюнча көп талашып-тартыштык. Бирок кандай болгон күндө да биз интеграциялык биримдик түзгөндөн кийин муну эң жогорку сапатта жасаш керек экенин түшүнүп жатабыз. Алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча макулдашуунун долбоорунун үстүнөн жумуш жүрүп жатат. Бул жолу да биз ага аябай көп көңүл бурдук. Бул багытта позициялардын көбүн макулдаштык деп үмүт кылып туралы».

Саммитте Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы маселелер жөнүндө узак кеп кылып, алкоголдук рынок боюнча документти кароодо конструктивдүү диалог жүргөнүн айтып чектелди.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян болсо өз ара талкууланган маселелердин ичинен алкоголдук рынокту жөнгө салуу темасына өзгөчө көңүл буруп, анын кечеңдешине өкүнгөнсүдү:

Никол Пашинян Чолпон-Атадагы саммитте.
Никол Пашинян Чолпон-Атадагы саммитте.

«Алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча айтсам, жалпы жонунан биримдиктеги өлкөлөр экономиканын бул секторундагы тоскоолдуктарды алып салууну колдоп жатышат. Армения үчүн бул артыкчылыктуу багыт болуп саналат жана ЕАЭБдин рыногуна экспорт кылыш үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Биримдиктин курамындагы мамлекеттердин бюджеттерине бажы төлөмдөрүнүн суммасын бөлүштүрүү нормативдери боюнча акыркы чечимге жетүүнү маанилүү деп эсептейбиз. Бул маселе биздин уюмда өтө көптөн бери талкууланып жатат жана аны эртерээк чечишибиз керек».

Ооба, кеп болуп жаткан алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча макулдашуунун алгачкы долбоору ЕАЭБ түзүлгөн 2015-жылы эле бекитилген. Ортодогу беш жыл аралыгында өткөн саммиттерде документ бир нече жолу талкууланганы менен кабыл алынбай келет. Буга тараптар анда ичимдиктерге карата бажы төлөмдөрү жана акциздик салык боюнча бир пикирге келе албай жатканы себеп болууда.

ЕАЭБдеги мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны. Чолпон-Ата, Кыргызстан.
ЕАЭБдеги мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны. Чолпон-Ата, Кыргызстан.

Соңку 9-августтагы саммитте болсо макулдашуунун айрым пункттарына Беларус мамлекети каршы болуп койду. Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Этил спиртин, алкоголдук жана спирти бар өндүрүмдөрдү чыгарууну жана аны айлантууну жөнгө салуу, ага көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын (Алкобашкармалык) бөлүм башчысы Алтынбек Аманбаев анын жөнүн мындайча түшүндүрдү:

«Азыр макулдашуунун долбооруна төрт мамлекеттин баары макул болду. Беларуста сын-пикир, анан сунуштар болуп калды. Алар «ошолорду иштеп чыгып, бир айдан кийин өз позициябызды айтабыз» дешти. Бул аралыкта эми алардын тиешелүү мекемелери, эксперттери менен кошо документти кайра карап чыгабыз. Натыйжада макулдашуу быйыл октябрда боло турган ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт аралык кеңешинин жыйынында да талкууланат. Менимче ошондо чекит коюлса керек».

Макулдашуунун Кыргызстанга таасири

Алкоголдук рынокту жөнгө салуу демекчи, ал боюнча документте биринчиден арак, коньяк, шарап, сыра жана башка ичимдиктердин сапатын бирдиктүү талапка келтирүү макулдашылат. Экинчиден, товарды экспорт жана импорт кылууда коштоп жүрүүчү документтер бирдей формада (унификация) жүргүзүү келишилет. Алкоголдук рынокту биргелешип көзөмөлдөө, администрлөө жана жөнгө салуу чаралары да ушул макулдашууда каралган.

Башкысы - анда акциздик салыкты да бирдей нормага келтирүү талабы бар. Маселен, азыр Кыргызстанда бир литр арак үчүн акциздик салык 70 сомду түзсө, Орусияда ушул эле ичимдик кошулган алкоголдун күчтүү түрүнө 500 рублдан ашык төлөм коюлган.

Башка өлкөлөрдүкүн айтпаганда деле ушуга жакындаса анда Кыргызстанда ичимдик өтө кымбаттап кетпейби? Алкоголь өндүрүүчүлөр биримдигинин төрагасы Турсунбек Күрөңкеевдин оюна кызыктык.

Турсунбек Күрөңкеев.
Турсунбек Күрөңкеев.

«Башында алар «Кыргызстандагы алкоголго коюлган акциздик салыкты Орусиянын, Казакстандын, Беларустун акциздик салыктарына теңейсиңер» деп айтышкан, - дейт ал. - Арменияныкы да аз экен, «аны да көтөрөсүңөр» дешкен. Биз ага каршы чыгып, «бизде элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү начар, кыйналып калат, макул эмеспиз» дегенбиз. Ошондуктан биз Армения менен Кыргызстанды «бир түйүнгө кирбейсиңерби» деп сунуш кылганбыз. Анан ушундай принцип менен биз өкмөткө талап коюп, өкмөт жылына 14% гана көтөрүп турганга макул болгон. Башкача айтканда, маселен, азыр бизде бир литр аракка акциз 70 сом болсо, келерки жылы 80 сом болушу керек. 10 сомдон гана кошуш керек. Ошентип жатып, беш-он жылда барып анан аларга теңелип, интеграция болушубуз керек. Ошондо бизде алкоголь кымбатташы мүмкүн, бирок ал узагыраак коюлганда экономика, элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү да ошого жетип калыш керек. Ушундай максат болгон. Бирок азыр Чолпон-Атадагы саммитте бул маселе кантип каралды, көбөйтүлдүбү, азайтылдыбы, эмнени макулдаша албай калышты - бизге кабар жеткен жок».

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Алкобашкармалыктын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2019-жылдын январь-июль айында 2 миллион 106,3 миң декалитр алкоголдук ичимдик өндүрүлдү. Ал эми 2018-жылы жалпысынан 4 миллион 210,83 миң декалитр ичимдик чыгарылган.

«Кыргызстандыктар канча ичимдик ичет?» деген орус тилиндеги материалдын инфографикасы.
«Кыргызстандыктар канча ичимдик ичет?» деген орус тилиндеги материалдын инфографикасы.

Мындан сырткары Кыргызстан чет жактан, анын ичинде көбүнчө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алкоголдук ичимдиктерди импорттоп келет. Маселен, быйыл жыл башынан бери эле Казакстандан, Орусиядан жана Армениядан 796,05 миң декалитр арак, коньяк, шарап жана сыра келген.

Эгер алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча макулдашуу кабыл алынса башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга ичимдик ташуу мындан да көбөйүп, жергиликтүү өндүрүүчүлөр зыян тартып калбайбы? Буга да Турсунбек Күрөңкеев жооп берүүгө аракет кылды:

«Негизи биз мурда эле рыногубузду толук ачып берип койгонбуз да. Дүйнөлүк соода уюмуна киргенде талап ошондой болгон. Азыр, маселен, каалаган дүкөнгө, каалаган маркетке кирсеңиз биринчи сапта импорттук ичимдиктер турат. Эгер алар бизди каптап кетсе азыркы шартта деле каптап кетмек. Ошондуктан бул макулдашуу бизге көп деле зыян алып келбейт. Тескерисинче, жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Анткени Орусиянын, Казакстандын чоң рыногуна кире алабыз, биздин экспортубуз көбөйүшү мүмкүн. Антсе өндүрүш да өсөт. Болгону ошол макулдашуудагы талаптар толук аткарылабы, алкоголдук өндүрүмдү чек арадан өткөрүү чындап жеңилдейби же мурдагыдай эле кала береби - маселе ушунда».

Кыргызстандагы арак өндүрүү.
Кыргызстандагы арак өндүрүү.

Баса, эгер ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча макулдашуу кабыл алынса, ал 2024-2025-жылдан тартып ишке кириши ыктымал. Ага чейин мамлекеттер ортосундагы арак-шарапты сатуу тартиби ЕАЭБдин техникалык регламенти менен гана жөнгө салынууда.

Соңунда белгилеп койчу жагдай - бир декалитр же башкача айтканда бир дал 10 литрди түзөт. Адистер түшүндүргөндөй, жарым литрлик 20 шише адатта бир жашикке салынгандыктан, алкоголдук эсеп декалитр менен жүргүзүлөт. Литрге салсак Кыргызстанда быйыл жарым жылда 21 миллион литр, былтыр жыл боюу 42 миллион литр спирт ичимдиктери өндүрүлгөн болуп саналат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG