Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Ошто Кыргызстан-Орусия-Өзбекстан ири логистикалык борбору курулат


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстан үчүн биргелешкен логистикалык борбор курулат.

Бул тууралуу бүгүн 24-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди:

- Айыл чарба багытында жалпы 18 макулдашууга кол коюлган. Анын ичинде соода-логистикалык борборлор Бишкек жана Ош шаарларында эки жерге курула турган болду. Оштогусу боюнча Кыргызстан-Орусия-Өзбекстан ортосунда үч тараптуу келишим болуп, логистикалык борбор курулат. Чоңдугу 10 миң тоннадан кем эмес болот.

Министрдин айтымында, бул борбордун курулушу 2020-жылы башталат.

Жакында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келип кеткен. Сапардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишим, макулдашуулар кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG