Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Кыргызстанда талаптагыдай логистикалык борборлордун саны 11ге жетти


Жалал-Абад шаарындагы логистикалык борбор.
Жалал-Абад шаарындагы логистикалык борбор.

Кыргызстандын аймактарында эл аралык стандарттарга жооп бере турган, айыл чарба азыктарын сактоочу 11 логистикалык борбор иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов билдирди. Анын айтымында, бул кампалардын сыйымдуулугу кеминде 1500-2000 тоннага жетет.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, мындай логистикалык борборлор келечекте 453 айыл өкмөттө бирден, болбосо жалпы Кыргызстанда 300-400гө чейин жетиши керек. Учурда сыйымдуулугу азыраак кампалар да бар.

Буга чейин Баткендин Кадамжай районунда, Чүйдүн Москва районунда, Нарындын Кочкор районунда жана Жалал-Абад шаарында ири логистикалык борборлор курулганы кабарланган.

Кыргызстан 2015-жылы Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулгандан кийин өлкөдө азык-түлүктөрдү, жашылча, мөмө жана кургатылган жемиштерди сактоочу логистикалык борборлор курулаары айтылган. Негизинен жеке компаниялар өздөрү насыя алып, кампа салып жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG