Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Бишкекти кызыктырган немис инвестициясы


Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркел. Берлин, 16-апрель, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркел. Берлин, 16-апрель, 2019-жыл.

Кыргызстан менен Германиянын ортосунда 1 млрд. евродон ашуун инвестициялык макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлганы жарыяланды.

Немис ишкерлери чынында эле кайсы бир тармактарга акча салууга кызыкчылыгы болуп, кыргыз экономикасына түз инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк ачылдыбы? Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги бизнес-форумда немис ишкерлери Кыргызстандын туризм, энергетика, жеңил өнөр жай тармагына жана экологиялык айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү өндүрүшүнө кызыкканын билдирди. Бирок талдоочулар инвестицияны коргоо кепилдиги начар, сот адилеттиги жолго коюлбаган жана коррупция гүлдөгөн өлкөгө инвестиция келиши кыйын экенин айтып, андан күмөн санашты.

Германиядагы кыргыз-немис ишкерлеринин бизнес-форумунун алкагында энергетика, кайра иштетүү, айыл чарбасы, жеңил өнөр жай, химиялык өндүрүш, билим берүү, туризм тармактары боюнча жалпысынан 1 млрд. евролук 11 документке кол коюлганы жарыяланды. Анын ичинен Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги тарабынан чакан ГЭСтерди куруу, таштандыларды кайра иштетүү, туризм жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча беш макулдашуу бекитилген.

«Өндүрүштүн көлөмү экспортко жетишпейт»

Айыл жана суу чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев Европага экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкчылык жогору экенин билдирди. Бирок анын айтымында Кыргызстанда жашыл экономиканы жайылтыш үчүн ири инвестиция талап кылынат.

Эркинбек Чодуев.
Эркинбек Чодуев.

«Биз быйыл Кыргызстанда өстүрүлгөн 500 миң тоннадан ашуун ар түрдүү мөмө-жемиштерди экспортко чыгара алдык, - деди ал. - Бул биздин дыйкандардын жана ишкерлердин өздөрүнүн ийгилиги. Айыл чарба азыктарын сатуу жана ташып жеткирүү үчүн бизде соода-логистикалык борборлору эми гана ачыла баштады. Алардын саны азыр жетиге жетти. Бул жетишсиз. Былтыр бизде кайра иштетүү тармагында иштеген 50 жаңы ишкана ачылып, 900дөн ашуун жумуш орундары түзүлдү. Бул бир жагынан өсүштү билдирет. Бирок биз көлөмдү көбөйтүп, экспортко чыгышыбыз үчүн ири инвестициялар талап кылынат».

Кыргызстан менен Германия гидроэнергетиканы жана энергиянын кайра толукталуучу булактарын өнүктүрүү тармагы боюнча 950 млн. еврого чукул меморандумга кол койгон. Ошондой эле Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууга 50 млн. евро бөлүү боюнча протокол бекитилди. «Кыргыз текстил» ишканасы жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүш үчүн Германиядан 17,5 млн. евролук токуу жабдууларын сатып алууга үч тараптуу макулдашууга жетишкен.

Ошондой эле Германиядан тез өсүүчү өсүмдүктөрдү Кыргызстанга алып келип отургузуу жана ал жакка жаңгак, кара өрүк сыяктуу мөмө-жемиштерди экспорттоо жагы макулдашылды. Европанын базарларында Кыргызстандын азыктарын сатыш үчүн сертификациядан өткөрүүгө көмөктөшүү маселеси талкуунун өзөгүн түзгөн.

Жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги

Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу Кыргызстанга Германиядан түз инвестия тартууга мүмкүнчүлүк ачылганын билдирди:

Шумкарбек Адилбек уулу.
Шумкарбек Адилбек уулу.

«Германиядан Кыргызстанга ири инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлүктөр пайда болуп турат. Ал жактагы ишкерлер Кыргызстанга кыйла кызыгып турганы байкалды. Айрыкча алар өздөрүнүн жогорку технологиясын, каражатын, тажрыйбасын пайдалануу менен биргелешкен ишканаларды ачууга кызыкчылыгы бар экенин айтышты. Алар кызыккан тармактар айрыкча энергетика, айыл чарбасы, кайра иштетүү тармактары болду. Ал жактан керектүү шаймандарын жана жабдууларын алып келип, Кыргызстанга өндүрүш ишканаларын ачууга кызыкчылык жогору. Бирок бардыгы бизден көз каранды. Анткени биз өзүбүз ага дилгир болуп, ошол инвестициялык долбоорлорду тез арада ишке ашырууга кызыкчылыгыбыз болушу зарыл».

Мындан сырткары Кыргызстан менен Германиянын жеке менчик компанияларынын ортосунда 18 миллион евролук соода контракттары бекитилди. Ошентип эки тараптуу мамлекеттик келишимдерден сырткары Кыргызстандын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү, энергетикага жана кайра иштетүү тармагына инвестиция салуу боюнча макулдашуулар менен меморандумдарга кол коюлду.

Инвесторду үркүткөн жагдайлар

Анткен менен «Прогресс» коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов бул инвестициялык макулдашуулардын ишке ашарынан күмөн санап, ага карата тоскоолдуктар жоюлмайынча сырттан инвестиция келбейт деген оюн билдирди:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Германиянын Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы эң башкы кызыкчылыгы - бул геосаясий багыт. Ал эми экономикалык кызматташтык алар үчүн экинчи планда турат. Бирок немис ишкерлерин кызыктырып, инвестиция тартууга дайыма мүмкүнчүлүк болгон. Антсе да биздеги бюрократиялык система, сот адилеттигинин жоктугу, тутумдашкан коррупция чет элдик инвесторлорду чочутуп турат. Ошондуктан канчалаган инвестициялык макулдашууларга кол коюлбасын, алардын ишке ашарынан күмөнүм бар».

Жакында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы иш сапарынын алкагында Мүнхен шаарында «Кыргызстан менен Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» деген аталышта кыргыз-немис ишкерлеринин бизнес-форуму болуп өткөн. Анын ишине катышкан президент Сооронбай Жээнбеков чөлкөмөдөгү эң либералдуу салык режими Кыргызстанда экенин айтып, немис ишкерлерин өлкөгө келип иштөөгө чакырган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG