Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Картөшкө маселеси саясатташты


Кампадан чыкпай турган картөшкө. Ысык-Көл.
Кампадан чыкпай турган картөшкө. Ысык-Көл.

Кыргызстан картөшкө маселеси боюнча Казакстанга жана Евразиялык экономикалык комиссияга кат даярдап жатат.

Ал ортодо жергиликтүү дыйкандар ондогон тонна картөшкө, алмаларын сата албай жатканын айтышууда.

Экспортерлор жана импортелор ассоциациясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө кыргызстандык дыйкандардын 200 миң тоннадай картөшкөсү кампадан чыкпай, эмгеги күйүүдө.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун тургуну, дыйкан Гүлбарчын Абдыкеримова былтыр алты гектар жерге картөшкө айдаган. Эми маңдай терин төгүп жыйнап алган картөшкөсүнүн теңине жакыны кампадан чыкпай турат. Анын бир себеби - өндүргөн азыктын баасы арзан болгонунда.

Былтыр 18 сомдон саткан азык быйыл 3-3,5 сомго араң сатылып жатат. Эми минтип Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салышы дыйкандарды ого бетер ойго салды.

- Биз үрөндү насыя алып туруп сепкенбиз. Үрөндү 25 сомдон Заря колхозунан алганбыз. Маалыматты бизге ошондой берген, "Өзбекстан менен келишим бар, коркпой эле себе бергиле" деген да. Өкмөткө ишенгенбиз. Анан эмне болдук?! Күймөк турсун, өрттөндүк же насыяны төлөй албай. 1 млн. 115 миң сом кеткен, болгону 200 миң сомго саттым. Үрөндүгүмдүн баары жатат. Картөшкө 1,5-2 сом болуп калды. Талаадан келип сураган бир жан жок.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган.

Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары, алма, курма жана Өзбекстандын анарына коюлду. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), нематод Globodera rostochiensis (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген.

Кыргызстандын Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Амангелди Исаевдин айтымында, кошуна өлкө буга чейин эч кандай эскертүү же нота берген эмес.

- Казакстан картофел немотодасы (курт) тууралуу бир дагы нота берген эмес, эскертүү да алган эмеспиз. 2019-жылдын эки айында да ошондой. Эч кандай эскертүүсү жок эле картөшкөгө тыюу салып коюшту.

Исаевдин белгилешинче, Кыргызстан карантиндик зыянкечтерди аныктоо боюнча лабораториялык бүтүмдү көз карандысыз эксперттердин тастыктап берүүсү боюнча Казакстанга өтүнүч жиберет.

200 миң тонна картөшкө өтпөй турат

​Кыргызстанда Гүлбарчын Абдыкеримовага окшоп күйгөн дыйкандар ондоп саналат.

"Кыргыз ленд" экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын жетекчиси Линара Ниязбекованын белгилешинче, быйыл дыйкандар 200 миң тоннадай картөшкөсүн сата албай калды.

Ниязбекова Тышкы иштер, Экономика жана Айыл чарба министрликтери, жалпы өкмөт аракет кылып жылда кайталанчу ушундай көрүнүштөрдү жөнгө салып беришинин өтүнүүдө.

- Азыр түндүк, түштүктүн дыйкандарын изилдегенде 200 миң тоннага чукул картөшкө сатылбай турат. Казакстан рыноктук атаандаштык боюнча агрардык секторду мамлекеттик деңгээлде колдоп жатат. Алар 2017-жылы интенсивдүү бак деген алманы өстүрүп, быйыл Кыргызстандын алмалары эки эсе арзан болуп калды. Ошону менен катар сатуу процесси солгундады. Картөшкө менен бирге алма да кампада турат.

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кошуна өлкөнүн бир катар азык-түлүктөрдү өзүнүн аймагына алып кирүүгө карантин жарыялоосу негизсиз деп эсептейт.

Ошол себептүү Казакстанга жана Евразиялык экономикалык комиссияга кат даярдалып жатканын министрдин орун басары Эркинбек Чудуев 22-февралдагы маалымат жыйында билдирди. Ал Казакстан картөшкө маселесин саясатташтырып жатат деп эсептейт.

- Биз ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсүбүз. Ал жерде келишимдин 12-тиркемесинин 25-пунктунда "Алар сөзсүз түрдө сүйлөшүүгө барыш керек, анан акыркы чараны кабыл алуусу зарыл" деп даана жазылган. Бул акыркы чараны кабыл алып жатат. Ошондуктан негизсиз. Экинчиден, биз Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсүбүз. Анын негизги келишими бар. Анын 5-6-пункттарында "акыркы чечимди кабыл алган учурда зонага бөлүү принциби болушу керек" деген бар. Бүгүн немотода кайсыл жерде чыкты, ошол жерлерге чектөө коюш керек. Бүт республикага койбош керек. Негизинен алар бул маселени саясатка айландырып жатышат, бул туура эмес.

Министрлик тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын кайсы аймагынан келген картөшкөдөн зыянкеч табылса, чектөө ошол аймакка коюлушу керек. Ошол эле кезде мыйзамсыз, эч бир документи жок ташып бараткан азыктардан чыгышы ыктымал деген да божомолдор айтылууда.

Ал ортодо картөшкө маселеси Жогорку Кеңеште да талкууланып, вице-спикер Мирлан Бакиров дыйкандардын үнүн угуп, көйгөйүн чеччү өкмөттүн бар-жогуна кызыккан. Эл өкүлү ыкчам штаб түзүп, дыйкандар өткөрө албай жаткан картөшкөсүн мамлекет сатып алып, бюджеттен каржылануучу мекемелерге жеткирип берүүсүн сунуштап жатат.

- 20 күн калды, жаңы картөшкө эгилет. Чиригени чирип, калганы калат. Бири-бирибизди күнөөлөбөй, ыкчам штаб түзүш керек. Биринчи вице-премьер тез арада коңшулар менен сүйлөшүү жүргүзүп, зарыл болсо өзүбүздүн ички кардарларды – армиядан баштап бала бакчага чейин камсыз кылыш керек. Мамлекет алар үчүн түз сатып алып, дыйкандардан алыш керек. Өкмөт барбы? Мамлекет ыкчам чара көрүшүн сунуш кылам.

Бирок Айыл чарба министрлиги сатылбай турган картөшкөнүн көлөмү 200 миң эмес, 50 миң тоннаны түзөрүн айтууда. Ал эми сатылбай турган алманын көлөмү 6 миң тоннадай. Эми дыйкандар өкмөттөн жеңилдетилген сууда берип, жардам берүүсүн суранып жатышат.

- Биз кимге кайрылабыз, ким биздин үнүбүздү угуп, ким жардам берет? Эч кимдин иши жок. Жеке эле картөшкө эмес, алмабыз арзан кетти. 10 сом деп сурап келип жатышат. Жок дегенде насыяны бөлүп төлөй турган кылып же ссуда берип жардам берсе биз төлөп берет элек да, - деди Гүлбарчын Абдыкеримова.

2018-жылы Кыргызстанда 84,4 миң гектар аянтка картөшкө айдалган. Натыйжада жалпы 1,5 миллион тонна картөшкө өндүрүлгөн. Быйыл 81 миң гектар картөшкө эгилет деп эсептелди. Кыргызстан Казакстандан сырткары Өзбекстанга, Түркмөнстанга картөшкө экспорттойт. Буга чейин Өзбекстан дагы Кыргызстандын картөшкөсү кымбат болгондуктан баш тарткан.

Былтыр Кыргызстандан 145 миң тонна картөшкө сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин Өзбекстандын 73 ишканасы билдирген. Бирок өткөн жылы ноябрь айында өзбекстандык ишкерлер менен Кыргызстандын картөшкөсүн сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бирок тараптар келишимге жетише алган эмес. Айыл чарба министрлиги бул өлкө менен жаңы келишим түзүлгөнүн, Казакстан болбосо бул өлкөгө сатуу мүмкүнчүлүгү бар деп ишендирип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG