Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Парламент өкмөттүн өксүгүн сынга алды


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Жогорку Кеңеште кийинки убакта өкмөттүн ишине ичи чыкпагандар көбөйдү.

Анда айрыкча өкмөт натыйжалуу иштей албай, экономикалык көрсөткүчтөрдү чыгарууда реалдуу киреше эске алынбай жатканы белгиленди.

Айрыкча өкмөт мамлекеттик ишкана түзүү менен чектелип, ишкердикти колдоо, айыл чарба азыктарын сыртка сатууну камсыз кылуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен экономикалык өсүштү камсыздоо жагынан ишти ордунан жылдыра албаганы кескин сындалды.

Ошол эле кезде өкмөт соңку үч айда экономикада өсүш байкалганын белгилеп, бир катар долбоорлор ишке кирерине убада берүүдө.

Салык чогултуу көбөйдүбү?

Өткөн ишемби күнү өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик салык кызматынын жыл жыйынтыгын чыгарган жамааттык жыйынына катышты.

Анда 2018-жылдагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана салыктык карыздарды өндүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекеттик салык кызматы өткөн отчеттук мезгилде 79 млрд. 583,9 млн. сом өлчөмүндө салыктар менен төлөмдөрдү чогултканы белгиленди. Муну менен мурдагы 2017-жылга салыштырмалуу былтыр салыктардын түшүшү 6 млрд. 122,6 млн. сомго же болбосо 8,3 пайызга көбөйгөнү көрсөтүлдү.

Бирок Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев өкмөттүн кирешенин көбөйгөнү тууралуу расмий маалыматына ишенген жок:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

- Өкмөт экономикалык өсүш боюнча жыл жыйынтыгын чыгарып, «ички дүң өнүм 3,5 пайызга көбөйдү» деп жатат. Эмненин эсебинен көбөйдү, кантип көбөйдү? Былтыркыга караганда инвестициянын көлөмү азайып, жумушсуздуктун деңгээли жогорулап жатса экономикада кандай өсүш болот? Экономикада өсүш болсо, андай болбошу керек эле го? Анда өлкөдө жаңы жумуш орундары түзүлөт эле да? Бир гана кубандыра турган нерсе - биздин сырттагы эмгек мигранттарыбыздын өлкөгө которгон акчасы мурдагы жылга салыштырганда 200 миллион долларга көбүрөөк болгон. Мүмкүн ички дүң өнүмгө ошол жагдай таасир эткендир? Бирок ага биздин өкмөттүн эч кандай тиешеси жок да.

Ошол эле кезде премьер-министр катышкан салыкчылардын жыйынында 2018-жылы салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план-божомол ашыгы менен аткарылганы тууралуу отчет берилди.

Алсак, пайыз салыгы 218,7% аткарылса, Кумтөр кенинен түшкөн дүң кирешеге салык 122,9%, салыктык эмес келип түшкөн каражат 110,4% жана бирдиктүү салык 110,3% аткарылганы мисалга алынды.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров быйыл салык тутумунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу аркылуу салык чогултуунун деңгээлин көтөрүү маселеси чечилип жатканын кошумчалады:

- Быйылкы жылга өсүш ыргагын Мухаммедкалый Дүйшөкеевич өзү «20 пайыз болуш керек» деп белгилеп кетти. Ал эми биздин бюджетибизде 14 пайызга өсүш болот деп каралган. 2019-жылы 89 миллиард сом, башкача айтканда 9 миллиард сомго салыктарды көп жыйнашыбыз керек. Биз азыр жалпы салык төлөөчүлөр тизмесин автоматташтырылган тутумга киргизип, ал киреше салыгы сыяктуу салык түрлөрүн кимдер төлөп жатканын ачык-айкын көргөзөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдан тартып салык чогултууну жаңы деңгээлге көтөрө турган фискалдык саясат ишке кирерин билдирди. Муну менен өкмөт башчысы ири өлчөмдө салык жашыруу сыяктуу терс көрүнүштөр жоюлуп, бюджеттин киреше бөлүгү арбый турганын айтты:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Биз азыр жалпы салык саясаты жана аны аткаруу бирдиктүү негизде толугу менен Мамлекеттик салык кызматында болсун деп жатабыз. Ошондо финансылык отчеттордун баары жөнөкөйлөштүрүлүп, киреше салыгы менен социалдык төлөмдөр бир жерге төлөнө баштайт. Бир формадагы бирдей программа менен иштей баштасак, анда бизде салык чогултууда баары ачык-айкын жүрө баштайт. Анткени бизде эң чоң социалдык милдеттер турат. Биз быйыл билим берүү тармагында, саламаттык сактоодо маяналарды жогорулатып, башка социалдык муктаждыктарды дагы чечишибиз абзел. Ошонун баарына жетишүү үчүн биз алдыга коюлган жанагы милдеттерди аткарышыбыз керек.

Кардар табылбаган картөшкө

Анткен менен парламент депутаты Нодирбек Каримов азыркы өкмөт бир жылдан бери жергиликтүү картөшкөнү сыртка сатуу маселесин чече албай жатканын сынга алды. Анын кесепетинен дыйкандар чыгымга учурап жатканын айткан депутат өкмөт бул маселе боюнча Өзбекстан менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албаганын мисал келтирди:

- Азыр бизде картөшкөнүн дүң баасы 5-6 сомго түшүп кетти. Дыйкандар канчалык зыян тартты? Алар өкмөт бул маселе боюнча чечкиндүү иш алып бара албай жатканына нааразы. Эми кичине күн жылыса буга чейин сактаган картөшкө да сатыкка чыгат. Базар толуп кетсе, анан аларды ыргытканга туура келеби? Өкмөт картөшкөнү сыртка чыгарууга көмөктөшүп, кеткен чыгымды акташ үчүн аны жогору баада сатууга жардам берсе болмок. Бирок биздин өкмөттө бул боюнча иштер жүрбөй жатканы өкүндүрөт. Өкмөттө, Айыл чарба министрлигинде ошол ашыкча картөшкөнү каякка сатуу боюнча план болушу керек эле.

Ысык-Көл: картошка кампадан чыкпай турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:58 0:00

Жаңы ишкананын «жаңылыгы»

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өкмөт жаңыча иштей албай жатканын айтып, анын ар бир кадамы максатка ылайык негизделиши керек болчу деп эсептейт. Депутат буга мисал катары өкмөттүн туризм боюнча мамлекеттик ишкана ачуу демилгесин жаңылыш чечим катары баалады:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Жакында эле биздин премьер-министр «Кыргыз туризм» деген мамлекеттик ишкана ачууну сунуш кылды. Анын бюджети 50 миллион сом экен. Азыр бизде бюджет тартыш болуп жатканда ошондой мамлекеттик ишкана ачуу зарыл беле? Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик ишкана ачуу практикасынан эбак эле кетип жатышат. Кошуна Өзбекстан да тиешелүү мамлекеттик холдингди жоюп, анын баарын жеке менчикке берди. Бизде болсо Маданият министрлиги турат. Ал жакта туризм боюнча департамент турат. Ошонун эле кошумча штаттык бирдиктерин көбөйтүп берсек болбойт беле? Же бул жерде эмне, премьер-министр мырзанын курсташтарына жаңы кызмат орду керек болуп жатабы?

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Дамир уулу болсо эмне себептен «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу чечим кабыл алынганын мындайча түшүндүрүп берди:

- Бүгүнкү күндө «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча анын жобосунда Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү үчүн, бул тармактын артыкчылыктуу жактарын чет өлкөлөргө даңазалап, атын чыгаруу боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүү максаты так, даана көрсөтүлгөн. Туризм тармагын өнүктүрүү үчүн аны эл аралык деңгээлде даңазалоо, жарнамалоо иштери мамлекеттик деңгээлде жүрүшү керек экен. Бул тармакка инвестиция тартууну колго алуу зарыл болуп турат. Ушундай максаттарды координациялап, ишке ашырыш үчүн бул мамлекеттик ишкананы түзүү тууралуу чечим кабыл алынып отурат.

Өкмөт адатта жаз айларында бир жылдык салттуу отчетун бериш үчүн парламентке келери белгилүү. Өкмөттүн азыркы курамы былтыр апрелде кызматка келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG