Линктер

бейшемби, 21-февраль, 2019 Бишкек убактысы 20:16

Тендер мыйзамдарын "унуткан" депутаттар


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мамлекеттик сатып алуу боюнча ири тендерлерден утуп алган фактылар ачыкка чыгууда.

Мамлекеттик сатып алуу боюнча порталдын маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын депутаты Павел Десятниковго таандык «Дос-ЛТД» компаниясы Бишкектин үч районунун социалдык камсыздоо башкармалыктары жаңы жылдык белектерди сатып алуу боюнча жарыялаган тендерлерди утуп алган. Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаменти саясий-муниципалдык кызматка кирген жергиликтүү кеңештин депутаттары тендерлерге катышууга укугу жок экенин эскертип, мыйзамдардын талабы одоно бузулганы тууралуу түшүндүрмө берди. Павел Десятников шаардык кеңештин депутаты коомдук башталыштагы жумуш экенин жана анда кызыкчылыктар кагылышы жок экенин айтып, дооматты четке какты. Ошол эле кезде шаардык кеңештин башка депутаттары өз ара келишип алып, шаардагы ири тендерлерге катышкан учурлар бар экени белгилүү болду.

«Ширин» тендерлерди шимиргендер

Бишкектин мэриясына караштуу Свердлов, Ленин жана Биринчи май административдик райондорунун социалдык камсыздандыруу башкармалыктары 2018-жылдын 5-6-ноябрында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн жаңы жылдык белек катары шириндиктерди сатып алуу боюнча тендерлерди жарыялашкан. Ага бир канча шириндик чыгарган компаниялар катышып, ноябрь айынын аягында чыгарылган сынактын жыйынтыгы боюнча «Дос-ЛТД» компаниясы Бишкектин төрт районунун үчөөндө жеңүүчү деп табылган. «Дос-ЛТД» компаниясы Бишкек мэриясына караштуу Ленин, Свердлов жана Биринчи май райондорунун социалдык камсыздоо башкармалыктары өткөргөн жалпы өлчөмү 2 миллион 739 миң сомдук тендерди утуп алган. Укук коргоочу Динара Ошурахунова шаардык кеңештин айрым депутаттары мурда шайлоого кетирген чыгымдарын ушундай тендерлер аркылуу ашыгы менен өндүрүп алып жатканын белгиледи:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- Бизде мыйзам иштебейт. Мыйзам деген карапайым адамдарга гана иштейт. Ошондуктан жергиликтүү кеңештердин депутаттары мыйзам бузган учурлар көзөмөлгө алынбай, жоопкерчилик жок болуп жатат. Эгерде ушул эле депутат Десятниковдун маселесин аягына чейин иликтеп чыгып, ишти сотко чейин жеткиргенде, анда башка депутаттар да тартынып калышат эле. Буга окшогон ишкерлер ошол тендерлерге таасир этиш үчүн депутат болуп келип жатышат. Бул жерде жалаң эле Десятниковдун кызыкчылыгы эмес. Ал жерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары бир топ болуп алып, тендерлер боюнча өз ара тармактарды бөлүшүп, бирин бири колдоп, келишип алып иш алып барышы мүмкүн. Бул тутумдашкан саясий коррупция. Булар шайлоо маалында аянбай акча чачып, депутаттык мандаттарга ээ болуп, эми ошол кеткен чыгашаларын бир канча эсе чыгарып алып жатканы айдан ачык.

Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы юридикалык жактардын реестринде «Дос-ЛТД» компаниясы Бишкек шаардык кеңешинин «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын депутаты Павел Десятниковго катталганы көрсөтүлгөн. «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин депутаты саясий-муниципалдык кызматка кирет. «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө», «Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө» жана «Коррупцияга каршы туруу жөнүндө» мыйзамдардын талабы боюнча жергиликтүү кеңештин депутаты же анын жакындары кызыкчылыгы бар тарап катары тиешелүү муниципалдык тендерлерге катыша алмак эмес. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментинин Бишкек мэриясына жиберген түшүндүрмөсүндө көрсөтүлгөн.

Мэриянын мыйзамдардан толук кабары жок

Анткен менен Бишкек шаарынын социалдык камсыздоо тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэри Асел Куламбаева аталган тендерлер мыйзамдуу өткөнүн айтып, бирок депутатка таандык компания кандайча тендерге катышканы боюнча суроого так жооп бере алган жок:

- Бул жерде бир эле «Дос-ЛТД» компаниясы тендерден утуп алды деп айта албайм. Бизде төрт район бар. Төрт райондогу социалдык камсыздоо башкармалыктары ар кимиси өз-өзүнчө тендер жарыялап, алардын жыйынтыгын өз алдынча чыгарып келе жатышат. Белек катары шириндиктерди сатып алууга тендер жарыялоодо тиешелүү мыйзамдуу талаптар коюлган. Ал талаптарды аткарууда кандайдыр бир мыйзам бузуу бар деп ойлобойм. «Дос-ЛТД» компаниясы жыл сайын эле ар кандай тендерлерге катышууга арыз берип келет. Анан анын берген сунуштамасы баасы жана сапаты боюнча коюлган талаптарга туура келсе, тендерлерден утуп эле келе жатат. Бирок эми бул жерде шаардык кеңештин депутатына таандык компания ошол тендерге катышууга акысы бар беле же жок беле деген маселе боюнча мен тиешелүү документтерди карап чыгып, юристтер менен кеңешип, анан жообун айта алам. Эгерде бул жерде кандайдыр бир мыйзам бузуу аныкталса, анда албетте, тиешелүү чара көрүлөт.

Депутаттын жообу

Ал эми сөз болуп жаткан тендерлерден утуп чыккан «Дос-ЛТД» компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников ага коюлган дооматты четке какты. Анын айтымында, «Дос-ЛТД» компаниясынын аталган тендерлерден утуп чыгышына анын депутаттык мандаты таасир эткен эмес. Павел Десятников өзүнүн депутаттык макамын маяна төлөнбөгөн жана коомдук башталыштагы кызмат катары мүнөздөп, мыйзамдардын талабы боюнча катардагы шаардык кеңештин депутаты бул жерде кызыкчылыктар кагылышынын катышуучусу боло албайт деген жүйө келтирди:

Павел Десятников.
Павел Десятников.

- Биз Жогорку Кеңештин депутаты эмеспиз. Биз шаардык кеңештин депутатыбыз. Ошондуктан мыйзамга ылайык биз ишкерлик менен алектенүүгө толук акыбыз бар. Ошол эле кезде өзүбүздүн атыбыздан чыгып, сүйлөй алабыз. Ошондой эле биздин кызматыбыз үчүн мамлекет тарабынан маяна төлөнгөнгө чейин бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн эмес. Эгерде шаардык кеңештеги маяна төлөнгөн кызматка барсак, анда албетте, ал жерде кызыкчылыктар кагылышы болот. Анда биз тендерге катыша албайбыз. Мындай шартта мени эч ким бакпайт. Ошондуктан мен сапаттуу жана арзан баадагы товарларды сунуш кылган ишкердик жүргүзүп, мамлекеттик сатып алуу боюнча тендерлерге катышууга акым бар. Бул тендерлерде көз боёмочулук болбошу үчүн биздеги ар бир депутат ага катышып, мыйзам чегинде утуп чыкканга мүмкүнчүлүгү бар. Биздин депутаттык - бул коомдук кызмат. Бул жерде тендердин жыйынтыгына таасир эткидей басым көрсөтүү же болбосо кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу 2 жыл мурун бир ызы-чуу чыккан болчу. Прокуратура териштирип, анан биз мыйзамдын тиешелүү талаптары боюнча парламенттен түшүндүрмө алганбыз. Мында кандайдыр мыйзам бузууга байланыштуу маселе жок.

Павел Десятниковдун айтымында, муниципалитеттеги аткаруу жана өкүлчүлүк органдарынын ичинен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана туруктуу депутаттык комиссиялардын жетекчилери аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүндөгү тендерлерге катыша алышпайт.

Мыйзамдар тебеленгенде

Бирок Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментинин түшүндүрмөсүндө мыйзам саясий-муниципалдык кызматка кирген жергиликтүү кеңештин депутатына таандык компаниялар жергиликтүү бюджеттен каржыланган тендерлерге катышууга тыюу салары эскертилген. Анда мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана алардын жакындары тиешелүү түзүмдөрдөгү мамлекеттик жана муниципалдык сатып алуу боюнча тендерлерге катышууга укугу жок экени көрсөтүлгөн. Мамлекеттик сатып алуу боюнча департаменттин директору Уланбек Озумбеков бул маселе боюнча мыйзамдын талабын түшүндүрдү:

Улан Озумбеков.
Улан Озумбеков.

- «Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесинде деле таасир этүүнүн алдын алуу жагдайлары келтирилген. Бул жерде ал тендерлердин жыйынтыгына таасир этүү тиешелүү мекемеде иштеп, андан маяна алууга эле байланыштуу эмес. Жергиликтүү кеңештин депутаты коомдук башталышта иштеп туруп деле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы тендерлерге таасир этиши мүмкүн. Ошого байланыштуу биз бул жерде тиешелүү мыйзамдардын талаптары боюнча гана түшүндүрмө бердик. Мыйзамда «маяна алуу же албоо аркылуу таасир этүү шарттары аныкталат» деп жазылган эмес. Маселе бул жерде ошол тендердин жыйынтыгына таасир этүүдө кызыкчылыктар кагылышы тууралуу көрсөтүлгөн.

Анткен менен Бишкек шаардык кеңешинин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Рысбай Аматов мында жергиликтүү кеңештин депутатынын макамы боюнча маселеде мыйзамдардын талабы бири-бирине карама-каршылыктуу экенин айтып, аны расмий чечмелөөнү сунуш кылды. Анткени, анын айтымында, мыйзамда кызыкчылыктар кагылышы тууралуу кеп болгон менен анда шаардык кеңештин депутаттарынын ишкердигине бөгөт койгон ченемдер жок.

Ошондуктан депутат Рысбай Аматов мыйзамдын талаптары жигердүү депутаттарга карата саясий кызыкчылыктын алкагында гана чечмеленип жатат деп эсептейт. Ошондуктан ал олуттуу көйгөйлөр туурасында үн катпаган депутаттар тендерге катышкан учурлар көз жаздымда калып, шаардык кеңеште ыңгайсыз маселе көтөргөн депутаттардын ишкердик кызыкчылыгы боюнча гана маселе көтөрүлүп жатканын айтты:

Рыспай Аматов.
Рыспай Аматов.

- Жергиликтүү кеңештин башка депутаттарына таандык компаниялар деле тендерлерге катышып эле, мамлекеттик сатып алууга аралашып жүрүшпөйбү. Эгерде мыйзамда кызыкчылыктар кагылышы боюнча талап бар болсо, анда эмнеге аларды токтотуп, чара көрүшпөйт? Бишкек шаарындагы 45 депутаттын жарымынан көбү - курулуш компанияларынын кожоюндары. Алардын баары эле мамлекеттик сатып алуу боюнча тендерлерге катышып эле жүрүшпөйбү? Мисал үчүн «Бишкек курулуш» компаниясы шаардык суу канал ишканасы жарыялаган 65 миллион сомдук тендерди утуп алды. Бул компаниянын жетекчиси Гүлнара Молдобаева - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Бул жерде мыйзам кимге качан тоскоолдук кыла баштайт? Качан гана депутаттын компаниясы, таасирдүү бирөөнүн компаниясы тендерге катышып, утуп алган учурда ошол мыйзам тууралуу айтып чыга калышат. Башка учурларда бул мыйзамды эч ким деле эстебейт. Негизи ал мыйзамдардын өзүндө да бир катар карама-каршылыктар бар. Буга расмий комментарий берилип, чечмелениши зарыл. Болбосо жергиликтүү кеңештин депутатын талапкер катары каттоо учурунда бул тууралуу эскертилиши керек.

Баш калаадагы муниципалдык курулуш иштери боюнча кызмат көрсөтүүгө байланыштуу ири тендерлерге катышып, утуп жатканы айтылган «Бишкек курулуш» компаниясынын жетекчиси, шаардык кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Гүлнара Молдобаева менен байланышып, бирок андан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев Мамлекеттик сатып алуу департаментинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарына тиешелүү тендерлерге катышууга тыюу салуу боюнча мыйзамдарга таянган түшүндүрмөсүн колдоорун айтты. Ал мында чын эле кызыкчылыктар кагылышы бар деп эсептейт.

- Ар бир депутатка же алардын жакындарына таандык ишканалар бар, - деди ал. - Алар ошол ишканаларын тендерлерге катыштырып, өткөрүүгө аракет кылып келе жатканы жашыруун деле эмес. Компаниясы тендерлерден утпай калса, айрым депутаттар ал жердеги аткаруу бийлигине доомат коюп, каршы иш жүргүзө баштайт. Муну биз бир топ жыл бою айыл аймагын башкарып, баштан өткөргөнбүз. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары адатта элдин маселесин көтөрбөй, өз кызыкчылыгы үчүн иштеген учурлар арбын. Чынында эле Мамлекеттик сатып алуу департаменти берген түшүндүрмөдө айтылгандай, бул жерде кызыкчылыктар кагылышы бар.

Жогорку Кеңеш 2018-жылы «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, президент ага кол койгон болчу. Анда «мамлекеттик же муниципалдык кызмат адамдары 20 пайызга чейинки үлүшкө ээ болгон компаниялар мамлекеттик сатып алуу боюнча тендерлерге катыша алат» деген ченем алынып салынган. Ошентип саясий, мамлекеттик же саясий-муниципалдык кызмат адамдарынын канча үлүшү бар экенине карабастан, андай компанияларга кызыкчылыгы бар тарап катары тендерлерге катышууга тыюу салынган. Мыйзамдын авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев мыйзамдын талаптары бузулган учурда көрүлө турган чараларга токтолду:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Эгерде адамдын жеке кызыкчылыгы болсо же ага карата чечим кабыл алууга таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда ал мыйзамда кызыкчылыктар кагылышы катары көрсөтүлгөн. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына таандык компаниялар муниципалдык тендерлерге катышканы кызыкчылыктар кагылышын жаратат. Ошондуктан алардын ошого окшогон, өзү көзөмөлдөп иш алып бара турган мэриянын түзүмдөрү өткөргөн тендерлерге катышканы туура эмес. Буга карата прокуратура органдары чара көрүшү керек. Эгерде мыйзам бузуу далилденсе, анда аталган тендерлердин жыйынтыктары бузулат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө таандык компаниялар андагы тендерлерге мыйзамсыз катышып, утуп чыккан иштер боюнча бир да кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган эмес. Бирок «Коррупцияга каршы туруу жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагылардын мамлекеттик сатып алуу боюнча тендерлерге катышуусуна жол берүү үчүн жоопкерчилик каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG