Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 20:46

Мамлекеттик карыз алууга чек коюу сунушталды


​Мамлекеттик карыз алуунун чегин ички дүң өнүмдүн 70% чейин көтөрүүнү сунуш кылган мыйзам долбоору парламентке келди. Аны өкмөт депутаттар менен чогуу сунуш кылууда.

Буга чейин аталган чек 60 пайызды түзчү жана насыялар бул көрсөткүчкө жакындап калганда өкмөт аны жоюп салган. Эми андан кийинки өкмөттүн аракети түрдүү сын-пикирлерге кабылды.

Мурда 60%, эми 70%

Мамлекеттик карыздын ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) катышына карата чегин кайра киргизүү боюнча мыйзам долбоору өтүп бараткан аптада Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде биринчи-экинчи окууда жактырылды. Ага ылайык, карыз чеги бул жолу 70% деп коюлганы турат.

Мыйзамды өкмөт менен чогуу сунуш кылып жаткан депутат Марлен Маматалиев чек киргизүү боюнча демилгени мындайча түшүндүрдү:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

- Тилекке каршы, тышкы карызыбыз 4 миллиард доллардан ашып кетти. Анын ичинен насыялар негизинен инфраструктурага эле жумшалып калды. Ал да керек, бирок заводго же өндүрүшкө салынган жок. Андан да насыялардын көбү желип эле кетти. Эми мындан ары деле карыз алып, ушинтип кете беребизби? Биз ошону токтотолу деп ниет кылдык. Эгерде биз чек коюп койсок, алып жаткан карызды үнөмдөп, байкаштырып, керектүү нерселерге эле иштете баштайбыз. Карызыбыз ички дүң өнүмдүн 100% ашып кетсе, бул бизге окшогон экономикасы анча күчтүү эмес өлкө үчүн аябай коркунучтуу. Ошондон ашып кетпесин деп биз "Кыргызстандын мамлекеттик карыздары ИДӨнүн 70 пайызынан ашпасын" деп чектөө коюну сунуш кылып жатабыз. Ага жеткиче дагы карыз алса болот, бирок алаарда 100 жолу ойлонуп, анан алгыдай болобуз. Мындан сырткары бир булактан алган насыябыз жалпы карыздын 50 пайызынан ашпасын деген да чек киргизгени турабыз. Азыр маселен насыябыздын 44% Кытайга тиешелүү болуп жатат. Башкаларга караганда Кытайдан насыя алуу жеңил болгону менен, алардын үстөк пайызы көп, келишим боюнча соттошуу болсо Кытайдын мыйзамы менен соттошобуз. Ошондуктан бир булакка 50% чек коюу ушундай же башка маанидеги коркунучтарды алдын алыш үчүн, улуттук коопсуздугубуз үчүн керектүү кадам.

Маалым болгондой, 2001-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздар жөнүндө” мыйзамда “өлкөнүн карызы ички дүң өнүмдүн 60 пайызынан ашпоого тийиш” деген норма бар болчу. 2017-жылы Бюджеттик кодекс ишке киргенден кийин ал мыйзам күчүн жоготуп, аны менен кошо карыздарга карата чек да жоюлуп кеткен.

Бюджеттик кодексте ал чектөө киргизилбей калганы ошол кезде өкмөттүн “эбегейсиз карыз алууга жол ачуусу” катары бааланган. Буга оро-пара Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) да Кыргызстандын карызы кескин көбөйүп кеткенин сынга алып, өлкө аны төлөөдө коркунучтарга кабылганын эскерткен. Эми чектөөнү кайра киргизүү аракети да ушул уюмдун талабы менен болуп жаткандай.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков буларга токтолду:

Руслан Татиков.
Руслан Татиков.

- Акча бериш үчүн бул сыяктуу эл аралык уюмдар Кыргызстанга бир катар талаптарды коет. Ошолордун ичинде Эл аралык Валюта Фонду “Кыргызстан ички дүң өнүмүнүн 60-65% ашык карыз албашы керек” деген талап койду. Аны биздин министрлик карап көрүп, бир катар кооптуу жагдайларды талдап чыктык. Маселен, биздин валюта менен доллардын курсунун өзгөрүлмөлүгүн, чет өлкөлүк валютанын кымбаттап кетүү коркунучтарын эске алуу менен муну 70% деп киргизүүнү туура таптык. Натыйжада Бюджеттик кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды парламентке алып келдик. Бирок мындан коркпош керек. Анткени дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн реалдуу мамлекеттик карызы ички дүң өнүмүнөн бир кыйла эсе ашыкча. Маселен Жапониянын карызы ИДӨсүнөн 200% көп, Италияныкы 133%, Белгияныкы 104%, Австрияныкы 80% ашыкча. Албетте бул жерде пайызга эле эмес, башка көрсөткүчтөргө да карашыбыз керек. Башкача айтканда биздин мамлекет кийин экспортун көбөйтсө, экономикасы өссө карызды тейлей алабыз. Ошондуктан карызга 70% чек коюуда коркунуч жок.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2019-жылдын январь-февраль айларына карата эсептелип чыга элек. 2018-жылдын 30-ноябрына эсеп боюнча жалпы карыз 4 миллиард 477 миллион долларды түзгөн. Муну сомго чакканда 312 миллиард 737 миллион болот.

Ал эми өлкөнүн ички дүң өнүмү Экономика министрлигинин эсебинде былтыр 557,1 млрд. сомду түздү. Натыйжада мамлекеттик карыз ИДӨнүн 56%ына барабар болду. 2017-жылы бул көрсөткүч 58,8%, 2016-жылы 59,9% жеткен.

Аталган катыш келерки жылдары өссө өсүшү мүмкүн, бирок азайышы кыйыныраак. Эгер өсүп кетсе, жаңы мыйзамга ылайык өкмөттүн чет жактан карыз алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик буулат. Андай болсо жыл сайын бюджетин дефицит менен кабыл алып жаткан Кыргызстан мындан кийин карыз албай туруп бутуна туруп кете алабы?

Экономист Айылчы Сарыбаевдин пикирине орун берели:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

- Кыргыздар өзүнө чек коюп, ошондон чыкпайбыз деп жатып, чектелип калып жатат. Эгер бюджеттин дефицити көбөйүп кетип, элге маяна бере албай калса, ошол мыйзамды сунуш кылып жаткандар өз чөнтөгүнөн төлөйбү? Адатта жыл сайын бюджетти бекитип жатканда парламент дефицитти карайт, ошондо эгер жүйөлүү болсо кошумча карыз алганга уруксат берет. Жүйөсүз болсо токтотуп коет. Бир аз мээси бар кишилер ошентип иштейт, мээси жок болсо эмне, "чектеп койдук" деп коюп олтура береби? Бул жерде "мындан ашпайлы, мындан ашалы" деген нерсе болбойт. Негизи өзүнүн бир оптималдуу варианттары бар, ошого чейин карыз алып турса болот. Андан ашып да кетиши мүмкүн, кыйынчылыктар да болушу мүмкүн. Бул эми мамлекеттин өзүнүн башкаруусуна, экономикалык шартына жараша болот. Эгер мамлекетти башкара албаса анда карызга бата берет. Аны кое туруп, экономиканы чыңдаш керек, салыкты көбүрөөк жыйнаш керек. Азыркы 60% көмүскө экономиканы чыгарып коюшса, ички дүң өнүм да 60% көбөйөт. Ошондо карыздын баарынан кутулабыз. Биринчи мына ушуну ойлонуш керек. Ошол мыйзамды сунуш кылып жаткан депутаттын да 70-80% кирешесин катып койгон, ошону ачыкка чыгарып, салыкты көп төксө мамлекеттин карызды кутулуу мүмкүнчүлүгү көбөймөк.

Кыргызстан менен Кытайдын желектери.
Кыргызстан менен Кытайдын желектери.

Акыркы эсеп боюнча 4 миллиард 477 миллион доллар мамлекеттик карыздын 639 миллион доллары - ички карыз, 3 миллиард 838 миллион доллары – сырткы карыз болуп саналат. Тышкы насыяны бөлүп алганда 1 миллиард 711 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

Келишими ушул банк менен окшош, эки тараптуу, жеңилдетилген насыя бергендердин арасында Натексис банк (Франция), Жапониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги, КфВ банкы (Германия), Кореянын Экспорттук-импорттук банкы, Араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фонду (КФАЭР), Сауд өнүктүрүү фонду, Түркиянын өкмөтү жана Абу-Даби өнүктүрүү фонду (БАЭ) бар. Буларга Кыргызстан жалпысынан 476 миллион доллардын тегерегинде карыз.

Бишкек мындан сырткары эки тараптуу келишим менен жеңилдетилбеген насыя берген Даниянын Экспорттук-кредиттик банкы менен Германиялык Гермес Кредитверзихерунгс-Актинггезельшафт уюмуна 9 миллион долларга жакын жана көп тараптуу келишим менен жеңилдетилген насыя берген Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкына 50 миллион доллардан ашык каражат бериши керек.

Кыргызстан ошондой эле көп тараптуу жеңилдетилбеген насыя алган Эл аралык Валюта Фондуна (МВФ), Мунай экспорттоочу өлкөлөр биримдигинин өнүктүрүү боюнча эл аралык фондуна (ОПЕК), Азия өнүктүрүү банкына, Евразия өнүктүрүү банкына (ЕАЭБ), Европа Биримдигине, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банктын тобу), Ислам өнүктүрүү банкына, Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фондго (МСФР) жана Түндүк өнүктүрүү фондуна (СФР) 1 миллиард 590 миллион доллардай карызын төлөшү кажет.

Бул карыздарды төлөөгө 2018-жылы 23 миллиард 739 миллион сом берилди. 2019-жылы бул максатта мамлекеттик бюджеттен 28 миллиард, 2020-жылы 29 миллиард, 2021-жылы 36 миллиард сомдой каражат сарпталат деп болжолдонгон. Бирок келишимдерге ылайык эң негизги жана ири төлөмдөр 2024-жылдардан кийин башталат.

Ушундан улам эксперттер ошол учурда мамлекеттин акыбалы чындап сыналарын айтып келатышат. Ага карабай мамлекеттик карыздын жылдан-жылга көбөйүшү коомчулукту кабатырлантып келатат. Буга нааразы болгондор адатта алынган насыялар натыйжалуу иштетилбей, коррупциялык жолдор менен кымырылып кетип жатканын жүйө келтиришет. Ошондуктан кээ бирлери бул шартта карыз алууну таптакыр эле токтотуп турууну сунуш кылышат.

Башка бир экономист Мейманбек Абдылдаев да ушул ойго аргасыздан келгендердин бири.

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

- Мурда чеги 60% болсо, азыр дагы карыз алыш үчүн 70% көтөрүп жатышат окшойт, - деди ал. - ​Эгер дефицит болуп кетсе, аны жабыш үчүн карыз алууга баары бир мажбур болушат. Анда бул чекти 80%, 90%, 100% деп кийин өзгөртүп кете беришет. Бирок азыркы өкмөттө коррупция аябай көп, муну өздөрү деле моюнга алып жатышат. Мындай шартта таптакыр карыз албаш керек. Анткени анын баары уурдалып кетет. Буга чейин көрбөдүкпү, алынган карыздын көбү уурдалып кетти. Коррупционер аткаминерлердин кыйтырлыгы дагы эле ошого жол ачат. Булар карыз алып туруп, убактылуу дефицитти жаап, инфраструктуралык долбоорлорго салымыш болот да, аткарганга келгенде жеп кетишет. Андан көрө өкмөт акча-насыя саясатын өзгөртүп, ички ресуртарга таянып, экономиканы оңдош керек. Жеке секторду жандантып, айыл чарбасын көтөрүп, ишкерлерди өнүктүрүп, экспортту көбөйтсө эле экономика көтөрүлмөк.

Маалымат үчүн белгилей кетсек, аз күн мурдараак Германиядагы "Рейтинг-Агентур Эксперт" уюму Кыргызстандын жанындагы өлкөлөрдүн мамлекеттик карызга карата жагдайы боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Ага ылайык, мамлекеттик карыздын ИДӨгө карата катышы Казакстанда 20%, Түркмөнстанда 23%, Өзбекстанда 12%, Тажикстанда 41% барабар экени айтылган.

Кантсе да кыргыз өкмөтү менен депутат Марлен Маматалиев сунуш кылган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтөбү-өтпөйбү, президент ага кол коебу-койбойбу, азырынча белгисиз. Бирок демилгечилер алдыңкы бир-эки ай ичинде аталган мыйзам кабыл алынып каларына ишенип жатышат.

Бюджет кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мындан сырткары дагы эки мыйзам ушул убакта коомдук талкууга коюлуп жатат. Анын бирин өкмөт, экинчисин депутат Жыргалбек Турускулов сунуш кылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (42)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG