Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:05

Тышкы карыз: уурдалган насыялар


Коллаж

Парламентте сырттан алынган насыялардын натыйжасыз чыгымдалып, "сол чөнтөктөргө" солонуп кеткен учурларын иликтөө маселеси көтөрүлдү.

Жогорку Кеңеште ушул күнгө чейинки сырттан алынган насыялардын жана гранттык каражаттардын өлчөмү 10 миллиард доллардан ашканы белгиленди.

Сырттан алынган насыялардын 44 пайыздан ашууну суверендүүлүк кепилдиги менен алынган Кытайдын Эксимбанкына туура келери, бул улуттук коопсуздук үчүн коркунуч жарата турганы сөз болду.

Эсеп палатасы тыштан алынган насыяларды мамлекеттик органдар максатсыз чыгымдаган фактылар прокуратурага тапшырылганын билдирди.

"Мультимиллионерлерди" марыткан Кытай насыялары

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде финансы министри Адылбек Касымалиев Кыргызстан 1992-жылдан бери 10 миллиард доллар өлчөмүндө сырттан ар кандай акча каражаттарын алганын жарыялады. Анын 72 пайызы насыя иретинде берилсе, калган 28 пайызын кайтарымсыз гранттык каражаттар түзгөн.

Республика 27 жылда Дүйнөлүк банктан, Азия өнүктүрүү банкынан, Кытайдын Эксимбанкынан жана Германия, Жапония, Түркия, Орусия сыяктуу мамлекеттерден насыя алып, карыз болду. Тышкы карыздын эң эле чоң өлчөмү же тагыраак айтканда 44 пайызы Кытайга туура келет. Кытай насыясынын учурдагы өлчөмү 1,7 миллиард долларды түзөрү Финансы министрлигинин отчетунда көрсөтүлгөн.

Парламент депутаты Бактыбек Райымкулов Кытайдан жогорку үстөк пайыз менен насыялар алынып, анын пайдасын бийликтеги бир ууч "мультимиллионерлер" көрүп келгенин ишарат кылды:

- Кийинки жылдары айрыкча Кытайдан эң татаал жана оор шарттар менен насыялар алынган экен. Мисалы, башка эл аралык Финансылык уюмдардан - Дүйнөлүк банктан же Азия өнүктүрүү банкынан буга чейин мурда алынган насыялар 0,75 үстөк пайызы менен 35-40 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен алынган экен. Ал эми Кытайдан эмнегедир 2, 2,5 үстөк пайыз менен жеңилдик мөөнөтү болгону 20 жылдык ири насыяларды алууга кимдер кызыкдар болгон? Жанагы "мен мультимиллионер болдум" деген адамдардын сырынын себеби ушул жерде эмеспи?

Финансы министри Адылбек Касымалиев да башка эл аралык донорлорго салыштырмалуу Кытайдан алынган насыялар оор шарттар менен берилгенин ырастады:

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

- Кытайдан алынган насыялардын шарттары бир аз оор. 20 жылга берилип, анын 11 жылы жеңилдетилген мөөнөт. Ал насыялардын үстөк пайызы 2 пайыздан. Бир жарым пайыздан берилген насыялар да бар.

Кемиген бюджет, кертилген "токочтор"

Сырттан алынган насыялардын 25% жол курууга, 21% энергетикага, 27% бюджет таңкыстыгын жабууга, калган 6% айыл чарбасына багытталган. Финансы министри Адылбек Касымалиев 2023-жылдан тартып алынган насыялардын негизги бөлүгүн үстөк пайыздары менен кайтарууга убакыт жакындап калганын эскертти.

Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов долбоорлорду каржылоого алынган насыялардын көпчүлүк бөлүгү максатсыз чыгымдалып, жетпей калганына бюджеттен кошумча акча бөлүнгөн учурлар бар экенин белгиледи:

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

- Тиешелүү жетекчилердин кемчилигинен улам 50 миң евро бюджеттен кошумча төлөнгөн учурлар бар. Ошондой жагдайлар так жазылган. Ошондуктан ар бир министрлик жана өкмөт баш болуп ушул отчетко кылдат көзөмөл кылса, бул боюнча бир топ кишилерге чара көрсө болот. Биз азыр бир эле тышкы насыя боюнча министрдин тиешелүү орун басарын кызматтан алуу боюнча өкмөткө сунуштама жибердик. Анан Башкы прокуратурага материалдарды жөнөттүк. Ал жактан кылмыш иши козголобу же жокпу, анысын айта албайм. Бирок эми өкмөт ушул жагына жакшы көңүл бурса.

Буга бир мисал катары "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев насыянын эсебинен Талас-Тараз жолун оңдоо учурунда өөнөлгөн каражаттын өлчөмүн атады:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

- Талас облусундагы Талас-Тараз жолун оңдоо боюнча долбоорго чыгымдалган каражатты текшерүү учурунда бир жуманын ичинде эле 1 миллион долларга чукул акчаны уурдоо фактысы ачылды. Ушул жолдун курулушунан 60 миллион сомдон ашуун акчаны "жеп" коюшуптур. Азыркы мезгилде бул иштин материалдары комитетте каралып жатат. Жакында бул боюнча маалыматтар жалпы жыйынга чыгарылат. Бул эми бир эле текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча.

Башкарууга кеткен чыгымдар

Буга чейин жалпысынан 10 миллиард доллардан ашуун сырттан каражат алынып, бирок ага бир да завод же фабрика сыяктуу өнөр жай ишканасы курулбаганы мисалга алынды. Парламент депутаты Улан Примов алынган 10 миллиард доллар экономиканы өнүктүрүүгө жумшалбай, көбүнчө бюджет таңкыстыгын жабууга кеткенин айтты.

Экономист Айылчы Сарыбаев насыялар менен жабылып жаткан бюджет таңкыстыгын кирешенин аздыгы жана ири мамлекеттик аппаратты кармоого кеткен чыгымдардын көптүгү менен түшүндүрдү:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

- Салык аз түшүп, киреше аз болгондуктан, ал эми мамлекеттик башкаруу тутумун кармоого кеткен чыгымдар чоң болуп жаткандыктан бюджет таңкыстыгы келип чыгууда. Ошондуктан анын жыртык-тешигин жабыш үчүн мамлекет сырттан карыз алып, анын көпчүлүк бөлүгүн ошого жумшап жатат. Ал эми киреше аз болуп, бирок ошол эле кезде мамлекеттик башкарууга кеткен чыгымдардын көп болуп жатышынын себеби бийликтин жөндөмсүздүгүнөн болуп жатат.

Учурда тышкы карыздын жалпы өлчөмү 3 миллиард 797, 38 миллион долларга барабар. Мамлекеттик бюджеттен жыл сайын тышкы карызды төлөөгө 190 миллион доллардын тегерегинде каражат бөлүнөт. Бирок негизги насыяларды төлөө мөөнөтү жакындаганда бюджеттен жыл сайын 400 миллион доллардан бөлүүгө туура келери Финансы министрлигинин баяндамасында белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG