Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:50

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган (видео)


Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:30 0:00

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен. Бул тууралуу кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” менен маегинде билдирди. Ал мынча акчанын өлкөдөн чыгарылганы тууралуу жетиштүү далилдер колунда бар экенин, кыргыз өкмөтү менен кызматташууга даярдыгын айтып жатат. Анын соңку маалыматына Бакиевдин үй-бүлөсү азырынча жооп бере элек. Мындан тышкары Евгений Гуревич маегинде апрель окуяларынан кийин өзүнүн башынан өткөн окуялар жана Бакиевдин доорундагы коррупциялык схемалар тууралуу да айтып берди.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстандан чыгып кеткенден бери сегиз жылдан ашык убакыт өттү. Алгач азыр кайда, эмне кылып жүргөнүңүз тууралуу айта кетесизби? Деги эле акыркы сегиз жылда эмне менен алек болдуңуз?

Евгений Гуревич: Акыркы сегиз жыл бир топ эле кызыктуу өттү. Бир маекте эмнелер болгонун айтып берүү кыйын. Азыр мен Флоридада, Майамидемин. Сегиз жыл ичинде 2010-жылдагы окуялардан кийин оңойго турбаган Кыргызстандан чыгып кетүү жараянынан баштап, юридикалык маселелер, Интерпол сыяктуу көп нерсени баштан өткөрүүгө туура келди.

Азыр менин жашоомдо негизги маселелер артта калды. Мен эми жашоомдогу жаңы баракты ачайын деп жатам.

“Азаттык”: Сиз Алабама штатындагы федералдык түрмөдө инсайдердик [купуя] сооданын айланасындагы көз боёмочулукка байланыштуу беш жылдык абак жазаңызды өтөп жатканыңыз кабарланды эле. Өзүңүз айтып бересизби, сиз кайсы иш боюнча түрмөгө түшкөнсүз жана андан чыктыңызбы?

Евгений Гуревич: Мен түрмөнүн өзүнөн чыккам. Азыр Америкада “halfway house” (ред. Түрмөгө салыштырмалуу эркиндик аз чектелген түзөтүү мекемеси) деп аталган жайдамын. Андыктан мен (күндүз) иштейм. Ал эми кечкисин, түнкүсүн жарым-жартылай абак режиминде болом.

Иштин өзү боюнча айтсак, ал инсайдердик соодага байланышы жок болчу. Ал менин Максим Бакиев менен карым-катнашыма байланыштуу эле. Мен бул иштин чоо-жайына өтө терең киргим келбейт эле. Анын үстүнө бул коомчулук үчүн ачык эле маалымат.

“Азаттык”: Сиз 2010-жылдагы апрель окуясында Кыргызстандан чыгып кеткен учуруңуз жөнүндө учкай айтып кетпедиңизби. Апрель окуяларынан кийин сизди кылмыштуу топ кармап алганы, акча үчүн сизге өлкөдөн чыгууга жардам беребиз дешкени кабарланып келет. Бул чынбы? Деги эле сиз кантип Кыргызстандан чыгып кеткенсиз жана кантип АКШга барып калгансыз?

Ал учурда мени чечен топтору кармап алышкан. Алар өздөрүнүн автоунаасы менен мени Алматыга чыгарышты. Менден 20 миллион доллар талап кылышты. Андай акча, албетте, менде жок эле. Колумда болгондун баарын аларга берүүгө туура келди.

Евгений Гуревич: Ооба, бул толугу менен чын маалымат. Ал учурда мени чечен топтору кармап алышкан. Кандай болсо да алар өздөрүн ушундай тааныштырган. Алар кандайдыр бир башка топтордун кызыкчылыгын алга сүрөгөн деп да боолгой алам. Алар өздөрүнүн автоунаасы менен мени Алматыга чыгарышты. Ал жерде алар менен бир канча убакыт чогуу турдум. Менден 20 миллион доллар талап кылышты. Андай акча, албетте, менде жок эле. Колумда болгондун баарын аларга берүүгө туура келди. Андан кийин алар мени коё беришти.

Мен Америкага кайтып кетүүмдү камсыз кылып берүү өтүнүчү менен АКШнын Алматыдагы өкүлчүлүгүнө бардым. Алар мага алигиче белгисиз себептерден улам көмөктөшүүдөн баш тартты. Ал учурда колумда паспортум жок, Казакстанга кантип келип калганымды түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүгүм жок абалга кептелгем. Андыктан мага Бакиевдердин сунушун кабыл алууга жана АКШ менен артка кайтуу үчүн сүйлөшүп бүткүчө Беларуста 1,5 жыл болууга туура келди.

“Азаттык”: Сизге Максим Бакиевдин өзү жардам бергени чынбы?

Евгений Гуревич: Ооба, бул чын. Анын коргоосу болбосо, бул ишке ашмак эмес.

Коррупциялык схемалардын изи

“Азаттык”: Эми сиз Кыргызстанда иштеп жаткан учурга кайтып келсек. Сиз өлкөгө келип, “MGN Group” компаниясын түздүңүз. Бул компания ачылгандан көп өтпөй Максим Бакиевдин жетеги астындагы Өнүктүрүү фондунун финансылык консультанты болуп калдыңыз. Дал ушул фондго Орусиядан келген кредиттин басымдуу бөлүгү которулганы белгилүү. Мындан тышкары сиздер тендерден утуп алып, Соцфонддун айрым активдерин да башкарууга кириштиңиздер.

Ошондой эле “АзияУниверсалБанк” менен да кызматташкансыз. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин бийлик да, “Global Witness” сыяктуу эл аралык уюмдар да бир ооздон бул банк аркылуу чоң суммадагы арам акча адалданганын, жогорудагы фонддор аркылуу да эсепсиз акча жасалганын айтып чыгышты. Сиз муну ырастай аласызбы? Андай болсо бул мекемелерде кандай коррупциялык схемалар иштеген?

Евгений Гуревич: Бул бир топ эле комплекстүү суроо. Өнүктүрүү фонду сыяктуу маселенин жөнөкөй бөлүгүнөн баштасак. Каражаттарды, мамлекеттин активдерин, анын үстүнө Орусиянын кредитин башкаруу жагынан алып караганда, мен муну анчалык мыкты идея болгон эмес деп эсептейм. Бирок мага белгилүү болгондой, командага карата айтылган каражатты кымыруу сыяктуу көрүнүштөр орун алган эмес. Муну Улуттук банктын каты күбөлөп турат. Бул калп.

«АзияУниверсалБанкка» келсек, бул банкта болгон окуялар орусиялык субъекттерге салыкты оптималдаштырууга жардам берүүгө байланыштуу болгон. Албетте, ал жактагы арам акчаны адалдоо сыяктуу үрөй учурган бир сүрөт тартылып калды. Эмне деген гана дооматтар тагылбады. Албетте, булар болгон. Бул КМШнын банктарынын 90 пайызы акча тапкан бизнес. Андыктан банк өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө жардам бергенин, көп жумуш орундарын түзгөнүн эске алганда, абал мынчалык үрөй учурарлык болгонуна мен ишене бербейм.

“Азаттык”: Сиз жакында "ThinkProgress" уюму менен маегиңизде, “АзияУниверсалБанк” шек жараткан операцияларды жүргүзгөнүн ачык эле айтып берген экенсиз. Кайсы бир мааниде банк өзүнө жасалма имидж түзгөнүн туюнткан экенсиз. Мунун өзү деле “АзияУниверсалБанк”, сиз жана сиздин өнөктөштөр мыйзамсыз иштер менен, анын ичинде арам акчаны адалдоо менен алек болгонуңуздарды ишара кылбайбы?

Евгений Гуревич: Мыйзамдуулук маселеси жөнүндө айтсак, Кыргызстанда, кайсы жылга чейин экенин так билбейм, бирок акчанын изин жашыруу маселесине тыюу салган же кандайдыр тескөөгө алган мыйзамдар жок эле. “АзияУниверсалБанк” бул маселени көтөрүп, тиешелүү бөлүмдөрдү ачкан. Менин “ThinkProgress” менен болгон маегимдин маңызы көбүрөөк чоң саясий макамы бар адамдарды, компанияларды тартып келгенибизге байланыштуу болчу.

“Азаттык”: Ошондо сиздин бул жоопторуңуз, сиз Кыргызстанда өзүңүзгө, Максим Бакиевге, аталган фонддорго жана “АзияУниверсалБанкка” коюлуп жаткан бардык айыптарды четке кагып жатканыңызды билдиреби? Күнөөм жок дегенди билдирип жатабы?

Себеби, Максим Бакиев, деги эле Бакиевдин бийлиги Кыргызстан үчүн жакшы көрүнүш же прецедент болгон жок.

Евгений Гуревич: Жок, бул мындай маанини туюндурбайт. Биринчиден, мен Максим Бакиев менен өзүмдүн ишмердигимди бөлүп карагым келмек. Себеби, Максим Бакиев, деги эле Бакиевдин бийлиги Кыргызстан үчүн жакшы көрүнүш же прецедент болгон жок.

Бирок мен анын командасында иштегем. Андыктан мен анын командасы алга сүрөгөн айрым схемаларды билгем жана катышкам. Ошол эле учурда мага карата ачылган бир катар иштер жана коюлган айыптар толугу менен негизсиз экенин айткым келет. Мындан улам ар бир ишти өзүнчө караш керек.

Экинчиден, сот акыйкаттыгы тууралуу сөз кылуу... Муну “Интерпол” мени “кызыл эскертүү” берилгендердин тизмесинен чыгарып салуу менен тастыктады. Кыргызстанда 2010-жылдан кийин болгон окуялар сот акыйкаттыгы жагынан алганда чектен чыкканын ырастады. Себеби мен санап көргөнүмдөй, өзүм катышпаган соттук териштирүүлөр үчүн мага 96 жылдай абак жазасы берилди.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз да Кыргызстанга келип, өз укугуңузду коргогуңуз келген жок да. Эмне үчүн келген жоксуз?

Евгений Гуревич: Кечирип коюңуз, Кубат. Түшүнүшүңүз керек. Сот акыйкаттыгы боюнча Кыргызстандагыдай система, Кыргызстанда эле эмес, көп өлкөлөр жөнүндө сөз кылсак болот. Бирок Кыргызстандагы бул система толугу менен иштебейт. Мага карата, биздин президентибиз Трамп айткандай, “мастандарга аңчылык” дегендей бир символ жаратып коюшту. Албетте, өзүмдү Трамп менен салыштырып жаткан жокмун.

Бирок мен жөнүндө Бакиевдердин убагында болгон бардык зулумдуктун элесин тартып коюшту. Андыктан Кыргызстанга келип, өз укугумду коргоо деген жеке көз карашымда нонсенс. Себеби процесс билип туруп эле мага каршы жасалган.

Бирок мен Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен, уурдап кеткен каражаттарды табуу боюнча Кыргызстандын өкмөтүнө жардам көрсөтүүнү каалагам жана активдүү иш-аракет кылгам. Себеби алардын финансылык кеңешчиси болгонум үчүн менде бул темада маалымат бар болчу. Андыктан мен өзүмдүн ролумду Кыргызстанга келип, 96 жылды катаал режимде өткөрүүдөн көрбөйм.

“Азаттык”: Ошентсе да кайталап сурагым келип жатат, сиз ал мезгилде башкы маанилүү фонддорду башкаргансыз. “АзияУниверсалБанк” менен кызматташкансыз. Сиз 2009-жылы бизге интервью бергенде Бакиевдер менен мурда жакын мамиледе болбогонуңузду айтсаңыз да, сиз абдан чечүүчү позицияларда болдуңуз да... Андыктан бир ишти эске салгым келет. Апрель ыңкылабынан кийинки бийлик сизге жана Максим Бакиевге өлкөдөн акча чыгарып кеткенсиздер деген айып койгон. 2014-жылы кыргыз соту Соцфонддон 2 миллиард сомдун чыгарылышы боюнча сизди, Максим Бакиевди, Михаил Наделди ар бириңиздерди 25 жылга сыртынан абакка кескен. Өлкөдөн акча чыгарылганбы? Болсо канча жана ким тарабынан?

Максим Бакиевдер бир топ эле ач көз адамдар экенин түшүнүшүңүздөр керек. Алар өздөрүнүн айланасындагы көп адамдарды эч нерсесиз, керек болсо юристтерди жалдай албагандай абалда калтырып кетишти.

Евгений Гуревич: Кыргызстандан акча чыгарылганы талашсыз. Алар мен же башка өнөктөштөр тарабынан эмес, Бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан чыгарылып кеткен. Максим Бакиевдер бир топ эле ач көз адамдар экенин түшүнүшүңүздөр керек. Алар өздөрүнүн айланасындагы көп адамдарды эч нерсесиз, керек болсо юристтерди жалдай албагандай абалда калтырып кетишти.

Сиз көп суроону бир берип салдыңыз. Ар бир ишти өзүнчө кароо керек. Соцфонд маселесине келсек, мен толугу менен четке кагам. Буга толтура далилдер бар.

Ошондой эле өзүм үчүн деп Кыргызстандан бир тыйын да чыгарып кеткен эмесмин. Эгер кимдир бирөө муну далилдеп бере алса, документтерди көрсөтө алса, анда мен бул маселени талкуулоого даярмын.

Бирок мен Бакиевдер тарабынан чоң акча, жүз миллиондогон долларлар чыгарылып кеткенин ырастайм. Мен кыргыз прокуратурасына жана америкалык органдарга бул темада маалымат берүүгө аракет кылдым. Кызыгуу болгон. Бирок эмнегедир баары токтоп калды.

Кыргыз тарап менен кызматташуу сунушу

“Азаттык”: Кыргыз прокуратурасы менен кандай кызматташуу болгонун, эмне үчүн кызыгуу болбой калганын кененирээк айтып бересизби?

Евгений Гуревич: Балким, кызыгуу болгон. 2015-жылы кыргыз прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келишкен. Баарлашуу эки күнгө созулган. Балким алардын көз карашы боюнча бул сурак болгондур. Эки күндөн кийин эки прокурор мени селфи кылып (алар менен) сүрөткө түшүп коюмду өтүнүштү.

Анткени алар “антпесе Алабаманын түрмөсүнө барып Гуревич менен сүйлөшкөнүнө эч ким ишенбей турганын” айтышты. Бул мен үчүн күлкүлүү эле нерсе болду. Кандай болсо да, эки күн биз жетишерлик деңгээлде деталдуу сүйлөшүү өткөрдүк. Процесстин бул аспектиси боюнча (Бакиевдер уурдаган акча боюнча) аларга жардам берейин деп бир нече жолу сунуштадым. Кыргыз прокуратурасы тараптан кызыгуу болгон. Ал эмне үчүн андан ары уланбай калганы өзүмө деле толук түшүнүктүү эмес.

“Азаттык”: Ал эми сизде Кыргызстандан акча чыгарылып кеткени боюнча далилдер бар беле? Ал далилдерди кыргыз прокурорлоруна көрсөттүңүз беле?

Евгений Гуревич: Албетте, мен даяр болчумун. Менде далилдер бар. Аны алар менен талкуулоого даяр болчумун. Мен ошондой эле алар менен сааттын жебесин артка жылдырып, мага коюлган бардык айыптарды, өзүм катышпастан мыйзамсыз кабыл алынган соттун чечимдерин карап чыгуу тууралуу да сүйлөшөйүн дегем. Бирок биздин сөзүбүз ага жеткен жок.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстандан чыгарылып кеткен каражатты кайтарууга азыр деле дилгирсизби?

Евгений Гуревич: Мен даярмын. Андан бери көп убакыт өтүп кетти. Учурда Бакиевдер менен эч кандай байланышым жок болгондуктан, бул каражаттардын дислокациясы өзгөрүп кетти деп жоромолдой алам. Изи анчейин сууй электе бир чара көрүлгөнү маанилүү болчу.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстандан акча чыгарылып кеткени талашсыз дедиңиз. Сиздин баамыңызда, болжол менен болсо да, Максим Бакиев тарабынан, же анын кишилери, же Бакиевдер кланы тарабынан канча каражат чыгарылган?

Евгений Гуревич: 200-300 миллион (доллар).

“Азаттык”: Сизде мунун болжолдуу далилдери бар да?

Евгений Гуревич: Менде так далилдер бар.

“Азаттык”: Эки жыл мурда “Блумбергде” сиз жөнүндө материал жарыяланган эле. Анда сиз Бакиевдин коррупциялык схемалары тууралуу айткансыз. Өкмөттүк долбоорлордон баштап накталай акча менен берилген пара, мүшөктөргө салынган акчалар жөнүндө сөз болгон. Албетте, Бакиев мындай айыптоолорду негизсиз деп эсептеп келет. Бирок Бакиевдердин убагындагы коррупциялык схемалардын масштабы тууралуу айтып бере аласызбы?

Евгений Гуревич: Коррупциянын масштабы абдан чоң болгон. Эч нерсе менен салыштыра албайм. Себеби бул менин “бизнестин” мындай түрүн көргөн алгачкы тажрыйбам болду. Акыркы жолкусу болду деп үмүттөнөм. Бакиевдин ач көздүгү алардын жакшы идеяларын да бүт жууп кетти. Аларда жакшы идеялар, жок дегенде рационалдуу идеялар бар эле.

Бирок ар бир бизнеске аралашуу аракети болду. Алар, тагыраак айтканда Максим Бакиев, (баарынын ичинен аны жана анын ишин жакшы билем), банк тармагынан баштап, телекоммуникация, күйүүчү май, супермаркеттерге чейинки кандайдыр бир киреше алып келген бизнестерге кийлигишип кол салууга аракет кылды.

“Азаттык”: Мен эскерте кетсем, Максим Бакиевдин адвокаты май айында бизге маек курганда бул сыяктуу айыптоолорду четке каккан. Курманбек Бакиев да бир нече жолу ушундай эле ойлорун айткан. Тактап сурай кетейин, сиз 200-300 миллион доллар өлкөдөн чыгарылды деп жатпайсызбы. Качан жана кандай жолдор менен чыгарылганын билесизби?

Каражаттар Бакиевдердин кланы өлкөнү башкарууга киришкен учурдан тарта эле өлкөдөн чыгарыла баштаган. Бул түшүнүктүү. Диверсификация идеясы Бакиевдерге жакшы тааныш болчу.

Евгений Гуревич: Бул маселенин айланасында маалымат каражаттары тарабынан бир катачылыкка жол берилип жатат. Бул каражаттар 5-6-апрелдерде, революциянын алдында же андан көп өтпөй шашылыш түрдө чыгарылып кеткен деген легенда айтылып жүрөт. Андай эмес.

Каражаттар Бакиевдердин кланы өлкөнү башкарууга киришкен учурдан тарта эле өлкөдөн чыгарыла баштаган. Бул түшүнүктүү. Диверсификация идеясы Бакиевдерге жакшы тааныш болчу. Андыктан офшор компанияларынан баштап, карыз инструменттерине чейинки кадыресе схемалар болгон.

Акчаны чыгарып кетүүдө адаттан тыш, өзгөчө деле схемалар болгон эмес. Бирок телекоммуникация, банк системалары сыяктуу бардык тармактарга массалык түрдө аралашуу болгон.

Дал ушул жол өлкөдөн чыгарылган каражаттардын базасын түзүп берген.

Аба базанын айланасындагы күмөндүү жагдайлар

“Азаттык”: Сиз Максим Бакиев атасы президент болуп турганда ар кыл бизнестерге кийлигишкенин айтып өттүңүз. Сиз “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү да болгонсуз. Аэропорттогу америкалык базаны авиакеросин менен камсыз кылуу алигиче талкуу жаратып келет. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Максим Бакиев жана анын жакындары авиабазага май ташуу тармагын көзөмөлдөп турганын, чоң акча жасашканын бир нече жолу айтышкан. Сизге бул тармакта кандай коррупциялык схемалар болгону белгилүүбү? Ал схема 2010-жылдан кийин уланган эмес беле?

Евгений Гуревич: Кийин эмне болгонун билбейм. Максим Бакиевдин "Mina" жана "Red Star" ишканаларында (май ташуу үчүн АКШ менен келишим түзгөн компаниялар - ред.) түздөн-түз жашыруун үлүшү болгонун так билем. АКШ Конгрессинин иликтөөсү бул фактыны тастыктабаганы мени абдан таң калтырды. Балким алар тастыктагысы келишкен эмес чыгаар. Себеби бул Пентагондун кызыкчылыгында болгон эместир. Эч кимге керексиз чоң чууга алып келиши мүмкүн болгон чыгаар. Айтыш кыйын.

Бирок так кандай схемалар колдонулганын же буга кандай жол менен катышып жатканын Максим жеке өзү мага айткан эмес. Мен муну анын ишмердигиндеги көпчүлүккө белгилүү факт катары билем.

Андан башкача болушу мүмкүн деп деле элестетүү кыйын. Ал кабардар болбостон, "Mina" жана "Red Star" компаниялары керосин ички муктаждык үчүн ташылып жатат деп Америка тарапты да, Орусияны да көндүрө алган деп айтуу бир аз күлкү келтирерлик.

“Азаттык”: Айрым эксперттер америкалык базага май ташуудагы коррупциялык схемалардан улам Кыргызстандын мамлекеттик казынасына олчойгон акча түшпөй калган дешет. Өзүңүз айткандай, бул маселе АКШ Конгрессинде да талкууланган. Канча сумма жөнүндө сөз болуп жатат?

Евгений Гуревич: Бул жөнөкөй эле математиканын иши. Төрт-беш жылдын ичинде нөл пайыздык акциздик салык менен май ташуу боюнча келишимдердин жалпы көлөмүн эсептеп көрүү керек. Аны эсептеп көрүүгө менде муктаждык болгон эмес.

Макс мага “сен ал жакта мүчө болушуң керек” деп айтканы үчүн “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү болуп калгам. Менде ал жакта болуп жаткандарга байланыштуу эч кандай каржылык да, кесиптик да жеке кызыкчылык болгон эмес. Бул менин стихиям эмес.

“Азаттык”: Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик сизге “Манас” аэропортундагы заправка кылуучу комплексти мыйзамсыз саткан деген айып койбодубу?

Евгений Гуревич: Түшүнсөңүз, бул күлкү келтирерлик. Кандай болгонун сизге айтып бере алам. Жаңылбасам, ал жерде директорлор кеңешинин беш мүчөсү бар эле. Бардык мүчөлөрү Максим Бакиевге жооп беришчү. Кандай болду? Телефон чалуу болду. “Сен келип калышың керек” деди. Макс эч кимге өзү барчу эмес. “Манас” банкынын экинчиби же үчүнчү кабатында беле, айтор, баары ага барышчу. Келдик. “Бүгүн кайсы бир долбоор чыгарылат. Сен кол кой. “Ооба” деп добуш бересиң” дейт. Болду. Баары аткарышчу.

Революциядан кийинки өкмөт өздөрүнө саясий жактан пайдалуу эки адамды бөлүп алышат да, “бул адамдар күнөөлүү, мына силерге катуу тартиптеги 15 жылдык абак жазасы” дешет. Калгандары “кылмыш курамы жок болгону үчүн” же “мурда жоопко тартылбаганы үчүн” же “жаш болгону үчүн” катыштыгы жок болуп калды. Мырзалар, иш мындай болбойт.

“Азаттык”: Аба базасы боюнча дагы бир жагдайды сурагым келип жатат. Жакында америкалык политтехнолог, АКШ президентинин мурдагы штаб башчысы Пол Манафорт дагы бир кызматташы менен бирге 2005-жылдан кийин Кыргызстанга келип, Американын аба базасын жабуу сыяктуу Орусиянын кызыкчылыгындагы маселелерди алга сүрөгөнү тууралуу кабар тарады. Бул тууралуу сизде кандай маалымат бар? Аларды көргөн белеңиз же алар тууралуу уккан белеңиз?

Евгений Гуревич: Мен бул тууралуу эч качан уккан эмесмин. Анын үстүнө өзүм кызыкканым үчүн, азыркыга чейин байланышып турган, ал учурда Бакиевдерге жакын болгон бир нече адамга бул суроону берип көрдүм. Эч ким Манафорттун аты менен Кыргызстандын байланышын укпаптыр. Менимче, кандайдыр бир “учурулган өрдөк” болушу мүмкүн. Себеби азыр Трамптын айланасындагы америкалык саясатчылардын Орусия жана ага жакын жайгашкан аймактар менен байланышын издөө модага айланды.

Бакиев-Гуревич мамилеси

“Азаттык”: Бир нече жыл мурда сиздин Максим Бакиев менен сүйлөшүүңүз жазылган аудио интернетке жарыяланган. Ал бир топ эле ачык, кайсы бир мааниде достордун сүйлөшүүсүндөй сезилген. Сизди угуп жатып, Максим Бакиев же анын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү менен азыр байланышпаганыңызды түшүнгөндөй болдум. Өзүңүз ырастап кетесизби, сиз Бакиевдер менен дале байланыштасызбы?

Евгений Гуревич: Мен Макс менен 2012-жылдан бери сүйлөшкөн эмесмин. Америка бийлиги ал мезгилде Бакиевдерге айрым криминалдык дооматтарды койгон. Менин Бакиев менен сүйлөшүүм 2011-жылы мен Минскиден кеткенден кийин болгон. Толугу менен ушуга байланыштуу болгон.

Ал түгүл бир нерсени айта алам, Макс эмне үчүн бүгүн АКШнын федералдык түрмөсүндө эместигинин жападан жалгыз себеби – бул мен жана менин кадамдарым. Мындан улам мен аны менен андан ары алаканы уланткан жокмун. Менимче, ал деле буга макул.

“Азаттык”: Дал ушул маселе тууралуу сурайын деп тургам. 2012-жылы АКШда Максим Бакиевге көз боёмочулукка байланыштуу кине коюлган. Америкалык журналисттердин маалыматында ал биржада мыйзамсыз соода же инсайдердик соода жүргүзгөнү айтылат. Бул окуялар 2010-жылдан кийин болгону белгиленген. Журналисттер кутумдун катышуучусу катары сиздин да атыңызды аташкан эле. Бирок бир канча убакыттан кийин иш токтоп калган. Айрымдар сиздин Максим Бакиевди “сатып кеткениңизди” айтышса, кээ бирлер тескерисинче сиздин ага жардам бергениңизди айтышат. Өзүңүз түшүндүрүп бересизби? Чындык кайда?

Мен чындыгында Максимди чоң коркунучтан сактап калгам. Аны АКШда 30 жылдан 40 жылга чейинки абак жазасы тооруп турган. Менин катышуум жок америкалык прокуратура ага каршы ишти түзүп чыга алган жок.

Евгений Гуревич: Деталдарга анчалык сүңгүп киргим келе бербейт. Бир нерсени тастыктап бере алам. Мен чындыгында Максимди чоң коркунучтан сактап калгам. Аны АКШда 30 жылдан 40 жылга чейинки абак жазасы тооруп турган. Менин катышуум жок америкалык прокуратура ага каршы ишти түзүп чыга алган жок. Мен катышсам, алар бул ишти оңой эле кылып коюшмак.

“Азаттык”: Эмне үчүн ага жардам берейин дедиңиз? Сиз ал мыйзамсыз ишке барганын билип туруп эле жардам бергенсизби ошондо?

Евгений Гуревич: Мен бул окуя тууралуу өз китебимде кенен жазганы турам. Сизге кандайдыр бир идея бере алам. Бул адам баары бир мени сактап калган киши. Менде ага карата жетиштүү деңгээлде карама-каршылыктуу эмоциялар бар. Бир тараптан анын Кыргызстанда жана андан кеткенден кийин кылган иштерин жакшы эле түшүнүп турам. Андай түшүнүү балким мага дароо келген жок. Экинчи жактан, ал менин өмүрүмдү сактап калды. Мени сактап калган адамга ал дээрлик жарым өмүрүн түрмөдө отуруп калгыдай кылып салууга жол бере алган жокмун.

“Азаттык”: Ошол эле учурда сиз Бакиевдер, анын ичинде Максим Бакиев өлкөдөн миллиондогон доллар чыгарып кеткенин айтып жатасыз. Сиз акыйкаттыкты орнотуу маселесинде кыргыз элинин алдында кандайдыр бир күнөөңүздү сезесизби?

Евгений Гуревич: Мен өз күнөөмдү сезгеним талашсыз. Мен жашоодо көп ката кетирдим, бирок Бакиев ким экенин жана менин ач көздүгүм, жеңил акча табайын деген каалоом бардык моралдык-этикалык баалуулуктардан ашып кеткенин түшүнгөндө эң чоң ката кетиргенимди сездим. Ал үчүн жоопкерчиликти сезем.

Эгер Макс Кыргызстандагы иштери үчүн Америкада отуруп калса акыйкаттык орнойт беле, бул кыргыз элине жардам бермек беле, мен аны билбейм. Бирок чыгарылып кеткен каражаттын кайсы бир бөлүгүн биз кайтара алсак, дал ушул нерсе кыргыз элине жардам бермек.

Бул долбоор боюнча колумдан келишинче жардам берүүгө аракет кылдым. Тилекке каршы эч нерсе чыккан жок.

“Азаттык”: Эгер Максим Бакиевге АКШда иш азыр кайра ачылса, сиз прокурорлорго жардам берер белеңиз?

Евгений Гуревич: Мага бериле турган бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын.

“Азаттык”: Кыргызстанда апрель ыңкылабынан кийин Максим Бакиев өлкө экономикасын толук көзөмөлдөчү деген сөздөр айтылып келатат. Кээ бир эксперттер атүгүл эл аралык уюмдар, күмөндүү синдикаттар Максимге атасы Курманбек Бакиев өкмөт башчыcы болуп турган кезде эле көңүл бура башташканын айтышат. Максим Бакиев атасынын президенттиги учурунда кандай ролду ойногонун айтып бере аласызбы?

Евгений Гуревич: Максим Бакиев өлкөдө бардыгын, өзгөчө экономикага тиешеси бар нерселерди башкарып турчу. Бийликти өз колуна топтоп алган (консолидациялаган). Бул гана эмес, Березовскийдин командасы менен бирге атасын Кыргызстандагы бийликке алып келген күч болгон. Көмүскөдөгү кардинал деп атоого да болбойт. Менимче, атасы (Курманбек Бакиев) анын кол баласына айланып калган. Кыргызстанда бир да иш Макстын чечимисиз жасалчу эмес.

“Азаттык”: Лондондогу соттук териштирүүдө да Курманбек Бакиев менен уулу Максимдин ортосундагы ыктымал жаңжал жөнүндө сөз болгон. Ошондой бир жаңжал болгонбу?

Евгений Гуревич: Алар тартышып-урушса да, акчанын айынан эле болушу мүмкүн. Кыргызстанда бул жөнүндө жазылган материалдарды окуган эмесмин. Ошон үчүн бир нерсе деп айтуу кыйын. Максимдин үй-бүлөсү менен чыккан чыр-чатактардын бардыгы акчага байланыштуу эле болгон.

“Азаттык”: Бакиев бир туугандардын калгандары кайда жүргөнүн билесизби? Алар канчалык бай?

Евгений Гуревич: Негизинен бардык финансылык булактарды Макс өз колуна алган. Мараттын (Курманбек Бакиевдин улуу баласы - ред.) тагдыры жөнүндө кээ бир нерселерди билчүмүн, бирок алар менен көптөн бери байланышпагандыктан менин маалыматым эскирип кеткен болушу керек.

“Азаттык”: Эмне үчүн алар менен мамилелерди үзүүнү чечкенсиз?

Евгений Гуревич: Эми бул толугу менен менин чечимим болгон эмес. Бирок тагдыр дал ошол нукка бурулганына бүгүн шүгүр деп отурам.

“Азаттык”: Жакында Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнөв аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алганы, Беларуста ишкердик менен алектенип жатканы жөнүндө маалымат тарап кетти. Урицкий деген кишинин таржымалы тууралуу кабарыңыз бар беле?

Евгений Гуревич: Бул абдан кызыктуу окуя, бирок мунун бардыгы мен Беларустан кеткенден кийин болуп отурат. Бул тууралуу эч нерсе билбейм.

“Азаттык”: Курманбек Бакиев да, Максим да Кыргызстанда аларга тагылган айыптарды четке кагып келатышат. Сиздин пикириңизде, алардын күнөөсү барбы? Бар болсо, кандай жазага татыктуу?

Өлкөдө эч нерсе өзгөргөн жок. Башкаруу системасы, балким Бакиев тушундагыдан да коррупциялашкан. Менин билгениме караганда, Интерпол дээрлик бардыгын өз тизмелеринен алып салды.

Евгений Гуревич: Бул жерде эки нерсени эки бөлөк караш керек. Кыргызстанда бардык айыптоолорду четке кагуу стратегиясы туура деп ойлойм. Өлкөдө эч нерсе өзгөргөн жок. Башкаруу системасы, балким Бакиев тушундагыдан да коррупциялашкан. Менин билгениме караганда, Интерпол Бишкек сураган адамдардын дээрлик бардыгын өз тизмелеринен алып салды. Мындай мурда болуп көрбөгөндөй кадам сиздердин өлкөдө сот системасы азыркыга чейин иштебей турганын көргөзөт. Андыктан Бакиевдер айыптарды четке кагып, байланышпай, атүгүл Кыргызстандын сот системасын легитимдүү катары тааныбай, туура юридикалык стратегияны тандап алышкан. Мунун күнөөсү барбы же жокпу деген маселеге тиешеси жок. Күнөөсү бар. Бирок алардын да, менин да ишим адилеттүү, объективдүү каралат деп үмүттөнүү натуура болмок.

“Азаттык”: 2010-жылы Италиянын мыйзам коргоо органдары сизди арам акчаны адалдоого жана финансылык көз боёмочулук үчүн айыпташкан. Ал иш кандай аяктады?

Евгений Гуревич: Мени Италияда Кыргызстандын кайрылуусунун негизинде Интерполдун ордери менен камакка алышкан. Бир жыл түрмөдө отуруп чыктым. Ал иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип, эки жылга кесилген болушум керек. Ал мөөнөттү өтөөмдүн деле кереги жок экен. Бул маселе жабылган.

“Азаттык”: АКШда сиз кайсы иш боюнча жаза мөөнөтүн өтөп жатканыңызды тактай кетесизби?

Евгений Гуревич: Мага каршы көз боёмочулук беренесине ылайык бир айып тагылган. Бул иштин Максим Бакиев менен байланыштарыма тиешеси бар. Италия же Кыргызстан боюнча эмес, Макс менен мамлелериме гана байланышкан иш. Мага тагылган айыптарды, Максим экөөбүздүн ортобузда эмне болгонун карап көрсөңөр, менин чечимдеримди оңой эле түшүнөсүңөр деп ойлойм.

“Азаттык”: Сөз биржалардагы иштер тууралуу жүрүп жатат, туурабы?

Евгений Гуревич: Ооба, бул - ишке ашпай калган биржа соодасына байланыштуу.

“Азаттык”: 2010-жылдан кийинби?

Евгений Гуревич: Ооба, бул, адашпасам 2012 же 2013-жылы болгон окуялар.

“Азаттык”: Дагы бир нече суроом бар. Сиз Кыргызстанда өткөргөн убакытты, ошол жылдары жасалган иштерди анализдесек, өкүнө турган нерселер барбы? Кыргызстан элинен кечирим суроого негиз барбы?

Кыргызстан элинен мен бир да тыйын уурдаган жокмун. Бирок мен авторитардык, зулумчул режимге көмөктөшкөм. Андай режим бийликте турбашы керек эле. Кыргызстан эли андай режимге татыктуу деген менин түшүнүгүмө туура келчү эмес.

Евгений Гуревич: Сөздү кээ бир фактылардан баштасак. Албетте, буга ишенсе да, ишенбесе да болот. Мен жеке өзүм Кыргызстанда жүргөн убакытта эч байып кеткен жокмун. Кыргызстан элинен мен бир да тыйын уурдаган жокмун. Бирок мен авторитардык, зулумчул режимге көмөктөшкөм. Андай режим бийликте турбашы керек эле. Менин түшүнүгүмдө Кыргызстан эли андай режимге татыктуу эмес болчу.

Бул үчүн мен кандайдыр бир деңгээлде жооптуумун деп ойлойм. Бирок мени шайтан, мокочо кылып көргөзүп келатышат. Өлкөгө келип алып, Бакиевдерди кол балага айландырып алган, толук көзөмөлдөгөн деп сүрөттөшөт. Сиздин суроолоруңуздардан да байкаса болот. Социалдык фондду көзөмөлдөгөнсүз дейсиз. Жок, мен соцфондду көзөмөлдөгөн эмесмин.

Мен фонд акционердик пакетке ээ айрым компаниялардын директорлор кеңешине катышып жүрдүм. «Сиз Орусия берген кредитти көзөмөлдөгөнсүз, ал акчаны уурдагансыз». Жок, андай болгон эмес. Муну Улуттук банк да далилдеди. Менимче, бул жерде калыс эмес согуш жүрүүдө.

“Азаттык”: Бирок Бакиевдер терс иштерди жасаган деп айтып жатпайсызбы. Сиз болсо алар менен иштегенсиз. Бул факт деле сиз да жоопкерсиз дегенге жатпайбы?

Евгений Гуревич: Албетте, бирок өлкө да мага каршы тарап жаткан караманча калп үчүн да жооптуу. Саясий боёкко боёлгон калп. Мен ачык диалогго даярмын. Кыргызстанга Бакиевдер уурдаган акчаларды кайтарууга көмөктөшүүнү каалап, айрым кадамдарды да жасагам. Анын далилдери да бар. Бул жерге отуруп алып, мени кечирип койгула, мен ушундай начар адаммын деп айта берүү эч кимге жардам бербейт. Акчаны кайтаруу, ооба, жардам берет. Келгиле, ачык диалогдон баштайлы. Өлкө ыңкылаптан кийин Бакиев режимине каршы жарыялаган "жихадда" мени улам улам атап пайдаланып жатышат. Бул туура эмес.

“Азаттык”: Акырында китебиңиз жөнүндө сурайын деп турам. Китеп эмне жөнүндө? Жазууга эмне түрткү болду?

Евгений Гуревич: Китеп биз бүгүн сөз кылып жаткан окуяларга негизделмекчи. Бирок жөн гана өмүр баян эмес. Өз тажрыйбама таянып, дүйнө кантип өзгөрүп жатканы баяндалып, сүрөттөлөт. Глобалдык темалар менен катар өзүмдүн башыман кечиргендеримди айтып берем. Тирандар менен эч качан иш алып барбаган, чоң афереларга аралашпаган жөнөкөй адамдар үчүн бул кызыктуу окуя.

“Азаттык”: Кыргызстандагы окуялар да камтылабы?

Евгений Гуревич: Ооба, албетте.

“Азаттык”: Качан чыгат?

Евгений Гуревич: Мен жаза мөөнөтүмдү өтөп жатканда жарымын гана бүтүрдүм. Уландысын жарым жылда жазып аяктайм деп үмүттөнөм. Агентим 2019-жылдын этегинде басып чыгарууга аракеттенели деп айтты.

“Азаттык”: Жашыруун болбосо, сиз абактан качан чыгасыз?

Евгений Гуревич: Маалымат ачык эле. 2019-жылдын март айында.

“Азаттык”: Маек үчүн рахмат.

Ред.: Евгений Гуревичтин кыргыз прокурорлору менен жолугушуусу жана өлкөдөн чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу сунушу боюнча Кыргызстандын прокуратура органдары азырынча маалымат бере элек. Кыргыз бийлиги Гуревич сыяктуу Бакиевдин учурундагы таасирдүү кызматтарды ээлеген адамдарды бир нече оор кылмыштар боюнча айыптап келет. Бул багытта бир нече соттук өкүм чыкканы белгилүү. Максим Бакиевдин адвокаты Даниел Макговер Кыргызстанда өзүнүн кардарына тагылган айыптарды негизсиз деп мүнөздөгөн. “Азаттык” Гуревич өз маегинде сөз кылган адамдарга микрофон сунууга даяр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 

  • 16x9 Image

    Улан Асаналиев

    "Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG