Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Global Witness Максим Бакиевдин үйүн тапты


Максим Бакиев Британияда жашаган үй.
Максим Бакиев Британияда жашаган үй.

Global Witness ага катар британ бийликтерин 3,5 миллион фунт стерлинг турган үйдү сатып алууга кеткен акчанын булагын жана Максим Бакиевдин британ жаранын өлтүрүү аракетине катышы бардыгын иликтөөгө чакырды.

Кечээ жарыяланган жаңы баяндамасында аталган уюм ага катар британ бийликтери мекенинде коррупция жана Британия жаранын өлтүрүүгө аракеттенгени үчүн соттолгон адам кантип наркы үч жарым миллион фунт стерлинг турган хан сарайда жашап жатат деген суроо да коёт.

Башка бир катар маселелер менен катар коррупциялык кирешелерди иликтөөгө адистешкен Global Witness Максим Бакиевге байланышкан экинчи баяндамасын “Кандуу кызыл килем” деп атаган.

Муну менен аталган уюм Британия мурдагы кыргыз президентинин уулу өтө оор кылмыштар боюнча айыпталганына карабай, анын өлкөгө киришине уруксат бергенин эске алууда.

Global Witnessтин өкүлү Том Мейн (Tom Mayne) “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде алардын азыркы баяндамасынын жаңылыгы - Максим Бакиевдин кымбат баалуу турак жайы боюнча маалыматтар экенин белгиледи:

- Бул жолку баяндамабызда Максим Британияда жашаган үй боюнча жаңы маалыматтар бар. Ага катар биз бул мүлккө байланыштуу бир катар суроолорду көтөрдүк. Биз ал үйдө Максим жашаганын так билебиз, бирок үй оффшордо катталган компанияга жазылгандыктан анын ээси ким экендиги боюнча такталган маалыматыбыз азырынча жок. Ошол үйдүн дарегин Максим аны АКШга экстрадициялоо боюнча маселе британ сотунда каралганда өзүнүн жашаган жери катары көрсөткөн. Биз ал үйгө Максим эле ээлик кылат деп болжолдойбуз.

Global Witness уюму тактагандай, Англиянын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Лондондон көп алыс эмес Суррей графствосунда Максим Бакиев жашаган хансарайдын базар баасы 3,5 миллион фунт стерлинг же 5,2 миллион доллар.

Максим британ сотуна келген учур. Лондон, 7-декабрь, 2012-жыл.
Максим британ сотуна келген учур. Лондон, 7-декабрь, 2012-жыл.

Мүлккө расмий документ боюнча Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүндө катталган Limium Partners Limited компаниясы ээлик кылат.

Компания 2010-жылы июнда Максим Бакиев Британияга келгенден 15 күндөн кийин ачылган. Ал эми 2010-жылдын августунда ошол баасы кымбат турак жайды сатып алган.

Limium Partners Limited компаниясынын ээсин Белиздин мыйзамдары ашкере кылууга жол бербегенинен улам аныкталбай жатканы менен аны каттаган агент Максим жана анын Кыргызстандан акча чыгарып кетүү схемасына байланышы бар бир нече компанияны да каттоодон өткөргөнү белгилүү.

Global Witness Бакиев боюнча буга чейинки биринчи баяндамасын “Өтө жашыруун” деп атап, анда “АзияУниверсалбанк” аркылуу чыгарылган акчанын схемасын иликтеген эле.

Уюмдун өкүлү Том Мейн “Азаттык” менен маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

- Белизде катталып, турак жайга ээлик кылган компания менен биз биринчи баяндамабызда иликтеген компаниялардын, бул эки иштин ортосунда байланыш бардай. Андыктан биздин оюбузча, үйдү сатып алууда Британиянын мыйзамдары менен тескөө эрежелеринин баары сакталып-сакталбаганы боюнча өзүнчө иликтөө жүрүшү керек. Маселен, Белиздеги компаниянын ээсин британ укук коргоо органдары аныктай алат. Үй сатып алынган акчанын булагы аныкталбагандыктан биз толук иликтөө жүргүзүлүшүн суранып жатабыз.

Максим Бакиевдин Суррейдеги хансарайы
Максим Бакиевдин Суррейдеги хансарайы

Global Witness өз мекенинде сот адилеттигинен качкан мурдагы чет элдик лидерлер же алардын укум-тукумдары Британияга шектүү акчаны алып келген учурлар көптүгүн эске салган.

Буга жол бербеш үчүн уюм британ бийликтерин керек болсо мыйзамдарды өзгөртүүгө чакырат.

Global Witness британ тараптан Максим Бакиевдин Кыргызстанда британ жаранын өлтүрүү аракетине катышы бардыгы да иликтенүүсү керек деп эсептейт.

- Британ жаранына кол салуу аракетине катышы бар, коррупциялык иштерди жасаган деп Кыргызстандын Максимге койгон айыптары боюнча да иликтөө жүргүзүлүшү керек. Максим бул сотторду саясий жүйөсү бар деп эсептейт деген пикирлер бар да. Андыктан, британ бийликтери да өз тарабынан иликтөө жүргүзүүсү абзел. Мунун прецеденти буга чейин Австрияда болбодубу. Түрмөдө өз өмүрүнө кол салды деп айтылган Рахат Алиев Казакстанда адам өлтүрүүгө байланышкан айып боюнча камалган да. Бул иш Батыш же Европа бийликтери башка жерде жасалган кылмыштарды иликтей аларын көргөзүүдө, - деди уюмдун өкүлү Том Мейн “Азаттыкка”:

Британиялык ишкер Шон Дейлиге 2006-жылдын 7-июлундагы кол салуу фактысы боюнча экс-президент Курманбек Бакиев 20 жылга, иниси Жаныш жана уулу Максим өмүрүнүн аягына чейин кесилишкен. Бул өкүм былтыр апрелде чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG