Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

АКШнын уурдалган акчаны издешүү ниети


АКШ элчилигинин алдына Максим Бакиевди кайтарып берүү талабы менен чыккандар. 16-май, 2013-жыл.
АКШ элчилигинин алдына Максим Бакиевди кайтарып берүү талабы менен чыккандар. 16-май, 2013-жыл.

АКШда иш сапары менен жүргөн баш прокурор Аида Салянова америкалык кесиптештери менен Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчалар менен активдерди кайтаруу жолдорун талкуулады.

АКШ бул багытта Кыргызстанга жардам берүү ниетин билдирген. Мурдагы президенттер Акаев жана Бакиев учурунда миллиондогон акчалар АКШ жана Европа мамлекеттерине чыгарылып кеткени айтылып келет. Бирок аларды таап, Кыргызстанга кайтаруу мүмкүнбү?

Уурдалган акчанын убарасы

Ушул күндөрү башкы прокурор Аида Салянова АКШда иш сапары менен жүрөт. Сапардын башкы максаты - Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчаларды жана активдерди кайтаруу экенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов билдирди.

- Кыргыз делегациясынын АКШга болгон визитинин максаты - эки өлкөнүн укуктук кызматташтыгын мындан ары да өркүндөтүү жана бекемдөө. Анда басым коррупцияга каршы күрөшүү, Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчаларды жана уурдалган активдерди кайтарууга жасалды.

"Аида Салянова АКШнын баш прокурорунун орун басары Жеймс Коул жана башка жетекчилер менен жолугушкан. АКШ тарап Кыргызстандын мамлекеттик активдерин издеп, кайтарууга жардам берерин билдирген", деди Алмамбет Абдраманов:

- Жеймс Коул өз кезегинде уурдалып кеткен мамлекеттик активдерди издөөгө жана кайтарууга жардам берүү эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарынын бири экенин билдирди.

Бакиев, Гуревичтин АКШдагы изи

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев каржылык кылмыштарга шектелип, америкалык тараптын талабы менен 2012-жылы Англияда кармалып, күрөөгө кое берилген. Бирок кийин АКШ козголгон кылмыш иш жабылганын кабарлап, себебин түшүндүргөн эмес.

Ошол эле кезде Максим Бакиевдин бизнес өнөктөшү жана досу, MGN group компаниясынын башчысы Евгений Гуревичти АКШ соту өткөн айда беш жылга эркинен ажыратты. Евгений Гуревичке 2012-жылы Facebook (FB) компаниясынын баалуу кагаздарын сатып алууда көз боёмочулук кылган деген кине тагылган. Бул сот ишинде Максим Бакиевдин да аты аталган болчу.

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун айтымында, Максим Бакиев менен Евгений Гуревичтин чыгарып кеткен акчаларынан тышкары, АКШ жана Батыш мамлекеттеринде Акаевдин убагында калган акчалар да бар.

Кыргызстандан акчаларды чет өлкөгө мыйзамсыз чыгаруу Аскар Акаевдин доорунда башталган.
Кыргызстандан акчаларды чет өлкөгө мыйзамсыз чыгаруу Аскар Акаевдин доорунда башталган.

- Чү дегенде эле Акаев кеткенде Нью-Йорктун банкында 800 млн. доллар калган. Алардан тышкары ошол кезде мамлекеттин белгилүү өлчөмдө акчалары бар болчу деп айтып жүрүшөт. Бакиевдер тушунда чыгарылып кеткен акчалар, активдер да бар. Кыргызстандан эбегейсиз көп акчалар чыгарылган да.

Кыргызстан буга чейин Максим Бакиев тарабынан чыгарылып кеткен активдерди жана акчаларды табууга жана кайтарууга жардам бербегени үчүн Улуу Британияга таарыныч жолдогон.

Акчаларды табуу жана далилдөө оңой эмес

Кубатбек Байболов бирок ал мыйзамсыз чыгарылган акчалар менен активдерди табуу оңойго турбайт деген ойдо.

- Акчаларды кайтарып келүү боюнча өз учурунда биз дагы аракеттерди жасаганбыз. Эми ал акчаларды кайтарыштан мурда биринчи табуу керек. Мына маселе ушунда, табуу өтө кыйын болуп жатат.

Эксперттердин пикиринде, Кыргызстан башка мамлекеттерден активдерди кайтарууга көмөктөшүүнү талап кылуудан мурда алардын жоголгонун жана уурдалганын, ошондой эле жалпы чыгымдарды далилдер менен көрсөтүшү керек болчу. Бирок Кыргызстан ушул кезге чейин бул иштерди жасаган эмес. Эл аралык соттук иштер боюнча эксперт, юрист Индира Сатаркулова баары далилдердин топтомуна жараша болот дейт.

- Мейли эл аралык сотко болобу же бир мамлекеттердин улуттук сотуна болобу, ишти далилдер менен тапшыруу керек. Эгер Кыргызстан мыйзам бузуулар, мамлекетке келтирилген зыяндар, чыгымдын жалпы суммасы жана алып чыгып кеткен акчалар мыйзамсыз жол менен болгондугун так далилдер менен көрсөтө алса, аларды кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Аида Салянова АКШдан Канадага бара турганы белгилүү болду. “Кумтөр” компаниясындагы чуулгандуу иштерди эске алганда, Канаданын укук коргоо органдары менен кызматташуу да зарыл болуп тургандай.

XS
SM
MD
LG