Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

ТИМ Еврошаркетке Бакиевдер тууралуу эскертти


Максим Бакиев Лондондо сотко баратат. 7-декабрь, 2012-жыл.
Максим Бакиев Лондондо сотко баратат. 7-декабрь, 2012-жыл.

Кыргыз бийлиги Евробиримдикти “бакиевчилер” алып чыгып кеткен акча каражаттарын жана алардын өздөрүн Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшүүгө үндөдү.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бишкекте Европа Биримдигинин элчиси менен жолукканда айтты. Ошондой эле Абдылдаев Кыргызстандагы жана Украинадагы окуяларды салыштырып, Европа мамлекеттери бирдей мамиле кылбаганына өкүнүчүн билдирген. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги да талкууланган. Анда Абдылдаев Украинадагы кырдаал сүйлөшүүлөр жана диалог жолу менен, ошондой эле эл аралык укуктук нормалар жана БУУнун Уставына ылайык тезинен жөндөлүшүн колдоорун белгилеген.

Максим Бакиевди эстеткен Янукович

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы туруктуу элчиси Чезаре де Монтис менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана Украинадагы кырдаалды талкуулады. Анда Абдылдаев Евробиримдиктин Украинада президенттиктен четтетилген Виктор Януковичтин жана мурдагы аткаминерлердин финансылык каражаттарын жана активдерин камакка алган чечимине кубаттоосун билдирген.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков маалымдады.

- Абдылдаев Европа биримдиги тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонгондугу үчүн шектелген украиналык аткаминерлердин финансылык каражаттарын жана активдерин өстүрбөй кармап туруу боюнча кабыл алынган чечимине карата кубаттоосун билдирди.

Бирок Абдылдаев ошол эле кезде 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин кыргыз укук коргоо органдары тарабынан кылмышка айыпталган адамдар боюнча Евробиримдик эч кандай чечим кабыл албаганына өкүнүчүн айтты. Ага ылайык, Тышкы иштер министрлиги буга чейинки кайрылууларды карап чыгууга Европа Биримдигин үндөп, кыргыз бийлигинин тиешелүү кайрылуусун аларга кайрадан тапшырды.

- Эрлан Абдылдаев жолугушууда Кыргызстандын ушул сыяктуу эле талабы, тактап айтканда, Курманбек Бакиевдин кылмыштуу режимине тийиштүү жана кыргыз соту тарабынан айыпталгандарга баш калкалоо берүүдөн баш тартуу, жоопкерчиликке тартып кайтарып берүү, ошондой эле финансалык каражаттарын жана мыйзамсыз түрдө чыгарылып кеткен активдерин өстүрбөй кармап туруу боюнча кайрылуусу Европалык биримдиги тарабынан өз убагында көнүл бурулбагандыгы жана чечим кабыл алынбагандыгы тууралуу өкүнүчүн билдирди.

ТИМдин билдирүүсү сөз бойдон калабы?

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев азыр Лондондо. Кыргыз өкмөтү
Кыргызстан Максим Бакиевге интерпол аркылуу издөө жарыялаган.
Кыргызстан Максим Бакиевге интерпол аркылуу издөө жарыялаган.
тарабынан ири суммадагы акча каражаттарын сыртка чыгарып кетти деп шектелген Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп алып, сот жоопкерчилигине тартуу аракетинен майнап чыкпай келе жатат. Буга эки өлкөнүн ортосунда кылмышкерлерди өткөрүп алуу келишиминин жоктугу себеп. Бирок Кыргызстандын ал үчүн эл аралык келишимдерди колдонуу аракети пайда бере элек.

Саясат таануучу Эмил Жураев Тышкы иштер министрлиги Максим Бакиев боюнча маселени козгоо менен кырдаалды туура пайдаланды деген ойдо:

- Европа мамлекеттери үчүн Украинанын мааниси Кыргызстандагыдан жогору. Украина келечекте Евробиримдикке мүчө болуп кирүүгө талапкер мамлекет. Бирок Кыргызстандын тышкы иштер министринин кырдаалдан пайдаланып, маселени көтөргөнү абдан туура иш болду.

Бирок Эмил Жураев Максим Бакиевди өткөрүп алуу үчүн Британ бийликтеринин алдында анын күнөөсүн далидеш керек деп эсептейт:

- Бакиевдердин, анын тушунда иштегендердин күнөөсүн фактылар менен далилдөө абдан кыйын болуп жатат. Анткени, тергөө иштери чала жүрүп жатат. Ошол эле Максим Бакиевдин иштери толук далилденди, аларды тергөө ишенимдүү, алгылыктуу жүрдү деп айтуу да мүмкүн эмес.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Кыргызстанда оор кылмыштар, анын ичинде мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түзгөн деп айыпталып, былтыр март айында 25 жылга сыртынан соттолгон. Ошондой эле ал 2012-жылы АКШнын өтүнүчү менен Лондондо кармалып, бирок кийин АКШ Максим Бакиевге каршы козголгон кылмыш ишти токтоткон. Кошмо штаттары башында ага баалуу кагаздарга байланыштуу көз боёмочулук кылган деген айып таккан болчу.

XS
SM
MD
LG