Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Максим Бакиевдики делген аудиотасма жарыяланды


Максим Бакиев, 2009-жылдын 29-октябры
Максим Бакиев, 2009-жылдын 29-октябры

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдики делген кезектеги аудиотасма 31-декабрда интернетте жарыяланды.

Ал аудиотасмада үнү Максимдикине жана анын бизнес шериги Евгений Гуревичтикине окшош эки адам 52 мүнөттөй финансылык иштер жана башка маселелер туурасында жай аңгемелешкени жазылган. Адепсиз, ыплас сөздөрдү көп колдонуп сүйлөшкөн эки адамдын үнү экс-президенттин экинчи уулу жана анын шериги Евгенийге таандык дегенге 100% кепилдик жок. Андай болсо дагы бул аудиотасманы чечмелөөгө аракет кылдык. Экөөнүн ысымдары тырмакчага алынып берилет.

"Максим" менен "Евгенийдин" рецепттери

Максим Бакиев менен Евгений Гуревичтики делген аудиотасмага келсек, маек учурунда дээрлик бардык сөздөр шифрленип жана кыйыр мааниде айтылган. Узак маек Скайп аркылуу сүйлөшүп жатканда жаздырылып алынган. Экөөнүн маеги учурунда бөлмөдөгү телевизордон англис тилиндеги "Сиздер Си-Эн-Би-Сини көрүп жатасыздар" деген жарыя бир нече жолу жаңырат.

Маекте алгач жаныбарлар жөнүндө сөз болот. Албетте, ар бир жаныбардын артында белгилүү бир адам шифрленип турганын аңдоо кыйын эмес. "Гуревич" өткөн кылымдын 20-жылдарындагы кийимчен кечеге барганын айтып, бир мүнөттөн кийин Apple компьютеринде электрондук кат жазганда PDF форматындагы файлдарды кантип тиркөө тууралуу "Максимге" түшүндүрмө берет. (Социалдык тармактын колдонуучулары "Максим компьютердеги ушундай жөнөкөй операцияларды билбегени анын билимсиздигинен кабар берет" деп кызуу талкуулашты).


Евгений Гуревич
Евгений Гуревич
Аудиотасманын үчүнчү мүнөтүндө "Гуревич" социалдык тармактар жана Google маалымат издөө кызматы ар бир колдонуучунун тапкан орточо кирешесин, жашаган жерин жана ал киши эмне менен алектенерин оңой эле аныктай турганын эскертет. "Сенин “Гуглдан” эмнени көбүрөөк издегениңе жараша сени “озабоченный” (аялдардан башканы ойлобогон) адам экен деп жыйынтык чыгарышат го", – деп "Гуревич" какшыктайт. "Мен бирок андай эмесмин да", – деп мыскыл аралаш жооп кайтарат "Максим”.

Интернет колдонуучулар бул аудиотасма 2012-жылдын январынын аягында же февралдын башында жазылган деп божомолдошууда. Буга "Максимдин":

“Космополитен” журналынын мурдагы редактору журналистиканы өнүктүрүүгө 30 миллион доллар кайрымдуулукка бериптир. Элестет, ал эмес мен бирөөгө 30 миллион доллар кайрымдуулук кыла алмак эмесмин. Кайдагы “Космонун” редактору, (уят сөз) акчасын чачып жатат. Айлыгы канча болду экен?" – деген суроосу негиз берүүдө.

Дүйнөгө белгилүү "Космополитен" журналынын маркум редактору Хелен Гөрли Браун АКШнын Колумбия жана Стенфорд университеттеринде Технология жана медиа институттарын түптөө үчүн 30 миллион доллар бергени 2012-жылы 30-январда маалым болгон. Бул каражаттын 6 миллион доллары Нью-Йоркто журналистика факультетинин имаратын курууга жумшаларын Колумбия университети кабарланган.

Сүйлөшүү Скайп аркылуу болгон
Сүйлөшүү Скайп аркылуу болгон
"Максимдин" бул сөзүнөн кийин маек уланып, "Гуревич" Англиянын "Фиш энд чипс", Американын "Баффало уиңз" жана "Мак энд чиз" рецепттери менен таанышып чыкканын баяндап берет. Канаданын "Кэнедиен бэйкон" жана эски америкалык запеканканын рецепттери такталаарын кошумчалайт. "Мен запеканканы мыкты бышыра турган ашпозчулар менен эртең жолугам. “Старбакс” жана “Данкин донатс” менен иш кылгандарга да кезигем," – деп ишендирет "Гуревич". Жооп иретинде "Максим": "Акчалай эмес, запеканка түрүндө беребиз" деп жыйынтыктайт. Мындан улам финансылык операциялар, же биржадагы баалуу кагаздарды алып-сатуу тууралуу сөз болуп жатканын боолгоп билүүгө болот.

"ФСБ кызматташууну сунуштады..."

Аудиотасманын 13-мүнөтүндө "Гуревич" италиялык тергөөчүлөр атайын АКШга келип, италян тилинде суракка алганын жана тилмеч жакшы которо албай кыйналганын, 13 саатка созулган сурактан кийин кутурган иттей жинденгенин сөгүнүп айтып берет. Ага улай, "Максим" шеригине адвокаттар менен саат канчада сүйлөшөрүн тактап алууну сунуштайт. "Беш саат айырма бар. Силер бизден беш саат алдыдасыңар да", – деп жооп кайтарат "Гуревич". Эскерте кетчү нерсе, Лондондун сааты Нью-Йорктукунан 5 саат алдыда.

Маектин бул бөлүгүндө "Максим" юристтер Гуревичти Казакстандан чыгарууга катышкан, ФСБга тиешеси бар чечендер Өнүктүрүү кору тууралуу билгилери келип жатканын айтат. "Мен ФСБ (Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы – ред.) менен кызматташууга даяр болсом, алар мага башкалканч берүүгө даярбыз дешкен (сөгүнөт). Алардын айтканына ишенип, же ишенбегеним, албетте, башка суроо", – деп жооп берет "Гуревич".

Чеченстандын борбору Грозный шаары
Чеченстандын борбору Грозный шаары
Экөө андан ары бир нече мүнөт чечен кылмышкерлери тууралуу аңгемелешет. "Баса, алар “Бүркүткө” кезигиптир. Ал жергиликтүү чечендерге барганын айтыптыр. Жөн жүрө албайт да, жергиликтүү бандиттерге барыптыр. Менин түшүнүшүмчө, алар жөн эле коркутуп-үркүтүп, ага күнөөнү илип койгусу келген. Анан маселесин чечип берүү үчүн жергиликтүүлөргө төлөптүр. Бирөөлөр келип аны коркутуптур. Орусиялык кардарлардын бири окшойт. Ал чочуп жүргөн", – деп айтып берет "Максим" маектешине.

Маектин 20-мүнөтүндө "Максим": "Ал боюнча Неверлендден бул жакка өтүнүч кат келиптир. Неверленддик иштер жана кир жуугуч машинелерди абдан жакшы көргөндүгү үчүн суракка алып жатышыптыр",- дейт. Белгилей кетчү жагдай, "кир жуугуч машине" дегени "ал акчанын изин жашырганды же мыйзамсыз жүгүрткөндү жакшы көргөндүгү үчүн" дегенди билдириши ыктымал. Ал эми, Неверленд деген сөздүн артында Орусия же Казакстан турушу мүмкүн. "Ал" дегени кылмыштуу топтун мүчөсү экени байкалып турат.

"Максим" жеке планы бар экенин жана ага эч ким киришпөөсү тийиш экенин айтуу менен "Баса, “Чех” тууралуу айтсам, ал сага карандай калпты ышкырткан" – деп кошумчалайт.

"Максим" андан ары "Бизде саат 13:00 болгондо, силерде саат 8:00 болгон болот. Шаршембиде биз Лондон боюнча сага саат 13:00де “тыкылдатсак”, сен даяр болосуң да. Аларды (адвокаттарды) Өнүктүрүү кору жана (активдерди) жайгаштыруу кызыктырат. Кыргыздар “Ал уурдаган эмес, ал аз эле акча тапкан” деп жазып жатышкан имиш. Ошолор тууралуу суроо берет" – деп түшүндүрөт . "Гуревич" буга жооп иретинде каткырып, какшыктап, көпкө чейин сөгүнгөнүн угууга болот.

Нью-Йорктогу биржа
Нью-Йорктогу биржа
"Мен башкача кылып айттым. Анда (Нью-Йорктогу) Уолл-Стритти жана (Лондондогу) Ситинин баарын камаш керек. Каалаган инвестициялык фондго эшигин тээп кирип барып: “Канча акча таптыңар?” деп сурасаңар “Аз!” деп жооп беришет. “Тээтиги көбүрөөк акча тапты, аны Гуантанамого айдагыла” дешет. (сөгүнөт). Ошондуктан ушундай," – деп "Максим" сүйлөп жатканда, ортодон "Гуревичтин" апасы телефон чалып калат.

Андан соң, "Максим" адвокаттар андан "Гуревич" чечен барымтасынан кантип качканы тууралуу сурашканын айтат. "Мен аларга кыскача айтып бердим, “Мен ар кыл коопсуздук кызматтарынан адамдарды аралаштыргам” дедим. Аларга бардыгын айтканым жок, болгону “атайын операцияга тете иш жасаганга туура келди” дедим. “Ал (Гуревич) жашынбай эле, өзү Американын элчилигине келген. Мен ага Казакстандан чыгып кетүүгө жардам бердим” деп айттым. Бирок сенин кайда кеткениң жөнүндө сүйлөбөдүм" – деп агынан жарылат "Максим".

Маектин ортолоп калганда "Максим" кекиликтей койкоңдогон келин менен киного барганын айтып берет. "Кыз өзүнчө эле келишкен неме. Заманбап, модалуу жайларды жактырат. Мисалы, Чыгыш Лондонго (сөгүнөт) кинодон түнкү саат 11де чыксак, бардык жерлер жабылып калыптыр. Курcагым ач болчу" – деп сөзүн улайт "Максим". "Нью-Йоркто такыр андай эмес," – деп сөз алат "Гуревич". Андан соң "Максим" келин менен Соходогу W Hotel мейманканасынын барына киргенин айтып берет.

"Ал кыз мага “Сен мейфэрдик жигит турбайсыңбы. Мейфэрдин тышында да сонун жерлер бар” деп айтты. W Hotel мейманканасынын бары бир укмуш экен" – деп сөзүн улантат "Максим". Андан соң W Hotel мейманкасы тууралуу мурда билбегенин айтканда, "Гуревич" аталган отель түйүнү "Хилтон" мейманканасындай эле дүйнөдө белгилүү экенин кошумчалайт. Ушул жерден "Билбеген балээң жок, ээ?" - деген кытмыр күлкүнү угууга болот.

Табышмактуу акциялар

Маектин 30-мүнөтүндө өлкөлөрдүн аттары менен шифрленген баалуу кагаздардын ошол маалдагы бааларын "Гуревич" төкпөй-чачпай окуп берет. "Гуревич" акциялардын котировкаларын "Канада –4.46, Американын бирөө –3.73, Американын беркиси +1.53, Англия –0.58 жана эски Америка –1.18" деп компаниялардын атын табышмактуу атап, окуп берет. Ушул жерден экөө "Рио" жөнүндө сүйлөшө баштайт. Канаданын баасы түшүп кеткенин "Гуревич" "РИОнун" Канаданын башкаруучулар кеңешине өздөрүнүн адамын дайындоо пландары менен түшүндүрөт.

Белгилей кетчү жагдай, баалуу кагаз саткан ар бир компаниянын биржада өзүнүн ticker, же кыскартылган аты болот. Мисалы: "Центерраныкы" – CG. Бул жерде англо-австралиялык кен өндүрүүчү "Рио Тинто" тууралуу сөз болуп жаткан шекилдүү. Себеби, бул компания биржага "Рио" деген кыска ат менен чыгат. Ал эми Канада деп шифрленген компания Канаданын мурдагы "Иванхо Майнинг" деген кен өндүрүүчү компаниясы болушу ыктымал.

Кыргызстан, Саруу, 23-октябрь, 2013-жыл
Кыргызстан, Саруу, 23-октябрь, 2013-жыл
2013-жылдын 28-январында, "Рио Тинто" канадалык "Иванхо Майнингди" башкаруу укугуна ээ болгон. Мындай учурда көпчүлүк акцияга ээлик кылган компания өзүнүн адамдарын сатып алган ишканадагы кызматтарга дайындары кадимки көрүнүш. "Иванхо Майнинг" 2013-жылдын орто ченинен тарта атын "Төркиз Хилл Ресорсес" деп атын өзгөрткөн. Азыр ал Монголиядагы Ою Толгой жез кенин иштетет.

Андан соң "Гуревич" "Центерранын" акциялары бир кезде бир доллар болгонун эске салат. Демек, сөз болуп жаткан ар бир өлкөнүн аты – белгилүү бир компаниянын акциясы. Кошумчалай кетчү нерсе, "Центерра Голддун" баалуу үлүш кагаздары 2008-жылдын 13-ноябрында 98 центке түшкөн. Бул – анын тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч. Глобалдык базарлар 1 тыйынга чейинки тактыкты талап кылат.

"Мен Канаданы дагы алмакмын. Анын баасы бир ай ичинде дагы 15%-20% көтөрүлүшү мүмкүн", – деп кеңеш берет "Гуревич". "Биз аны (Канаданы) 20% арзандаганда жетиштүү сатып албай калыптырбыз," – деп жооп кайтарат "Максим".

"Гуревич" "Рио" укмуш компания экенин айтып, дагы кошумча акция сатып алууну сунуштайт. Ошондой эле, "Рио" Канаданын (ал кездеги "Иванхо Майнингдин") негизги акционери экенин кошумчалайт. Белгилей кетчү нерсе, "Рио Тинто" "Төркиз Хилл Ресорсестин" акцияларынын көпчүлүгүнө ээ. Бул маек "Рио" айтылып жаткан Канаданын негизги акцияларын сатып алып жаткан маалга дал келет.

"Алар аны толугу менен жоюп жок кылабыз десе, Фридланддын колундагы акцияларды сатып алышы керек. Анда 25% акция бар. Ал колундагы акцияларын белгилүү бир суммадан төмөн сатпайт" – дейт "Гуревич". Айта кетчү нерсе, бир кезде "Иванхо Майнингди" жетектеген Роберт Фридланд "Рио Тинто" анын компаниясын башкаруу укугуна ээ болгондон бери, 2013-жылы түзүлгөн "Төркиз Хилл Ресорсестин" 15.5% акциясына ээлик кылат.

"Максим" жездин дүйнөлүк баасы түшүп жатканын айтканда, "Гуревич" ага "жездин наркы экономикалык төмөндөөгө карабай кайра көтөрүлөт" деген жооп кайтарат. Маектеги Канада, же мурдагы "Иванхо Майнинг" жез өндүрүү менен алектенет. Андан соң "Гуревич" рынок беш-алты күндөн бери Грециянын айынан ылдый түшкөнүн айтып, "Биринчи Америка" аттуу компаниянын акцияларына салынган инвестиция +0.77% өскөнүн, ал эми шифрленип берки Америка делген компаниянын акцияларына салынган инвестиция –28.43% азайганын "Максимге" кабарлайт.

"Гуревич" Грецияда дефолт болорун боолгоп, бирок ал качан болорун билбегенин кошумчалайт. Англиянын кошумча акцияларын сатып алууга болорун эскертет. "Фиш энд чипс", "Баффало уиңз", "Наггетс" жана Минсктеги ашпозчу Шихов тууралуу сөз болот.

"Мен кирешени айына 7%–10% көбөйтө тургандар менен сүйлөштүм. Бир гана кооптуу жагдай – күндүзгү соода. Алар алдап кетпеши үчүн, күндүзгү соода көлөмү 20 миңден ашпаганы жакшы. Анан алар ишеничке кирген соң, соода көлөмүн 100 миңге деле жеткирип коём. Анын үстүнө жаңы рецепттерге (акцияларга) резерв калтырып коюш керек" – деген "Максим" эсеп-кысапты тактайт.

Аңгемелешүүдө брокер, трейдерлер, банктар жана инвестиция чөйрөсү тууралуу кыйыр мааниде шифрленген сөздөр колдонулат. Экөө кээ бир акцияларды "Мак Дональдска" теңесе, кээ бирлерин "Мишлинг" дегенин угууга болот.

Соңку сөз

Бул маекти жүргүзгөн эки киши – Максим Бакиев жана Евгений Гуревич деп так айтууга 100% кепилдик жок жана ал үндөр кимге таандык экенин тиешелүү органдар аныкташы керек. Бул аудиотасманы атын атагысы келбеген мурдагы коопсуздук кызматкери уккандан кийин төмөнкүдөй комментарийледи:

Лондон
Лондон
Бул тасма кокусунан эмес, атайын жазылгандай таасир калтырат. Жазылган үндүн сапаты да мыкты. Аудио "Гуревич" тараптан жазылып алынган, себеби анын үнү так, даана угулуп турат. Ал микрофонго сүйлөгөн. "Скайптагы" сүйлөшүүлөрдү тыңшоо телефонго караганда кыйын. Бул тасманы же өтө кыйын тыңчы-хакерлер жаздырган, же экөөнүн бирөөсүнүн колунан келген.

Кыргызстанда бир нече кылмыш иштери боюнча сыртынан 25 жылга кесилген Максим соңку маалыматтар боюнча Британиядан убактылуу баш калка алып, Лондондо жашайт. Буга чейин ал шаардын чок ортосунда, байлар байырлаган Мейфэр районунда жашаары маалым болгон.

Эки жыл мурун АКШнын Юстиция департаменти Максимге "баалуу кагаздар менен мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөн жана мыйзамдуулукту орнотууга тоскоолдук кылган" деген айып тагып, ал 2012-жылдын 12-октябрында Белгравия аймагындагы полиция бөлүмүндө кармап, үч күндөн кийин 250 миң фунт күрөөгө кайра бошоткон.

Англияда баш калкалап жүргөн мурдагы президенттин экинчи уулу Максим былтыр 13-майда жогорудагы иш боюнча Вестминстер сот залынан АКШ ага каршы тергөө амалын токтотконуна байланыштуу бошотулган. АКШ буга эч кандай расмий комментарий берген эмес. Адвокаттар далилдер жетишсиз табылган, же балким процедуралык суроолор ишти кыскартууга себепкер болушу мүмкүн деп чечмелешкен.
XS
SM
MD
LG