Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

АКШ Максим Бакиевдин кылмыш ишин жапты


Максим Бакиев Лондондун Вестминстер сотунан чыгып баратат. 7-декабрь, 2012.
Максим Бакиев Лондондун Вестминстер сотунан чыгып баратат. 7-декабрь, 2012.

АКШ мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге карата кылмыш ишин токтотконуна Кыргызстан өтө кабатыр.

Мындай кабатырлык тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушууда билдирди. Элчи АКШ тараптын чечимин комментарийлеген жок.

АКШ жетиштүү далил таба алган жокпу?

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев элчи Памелла Спартлен менен болгон 10-майдагы жолугушууда АКШ чечимине карата Кыргызстандын көз карашын айтты:

- Америка тараптын Максим Бакиевге байланышкан кылмыш ишин жабуу жана өз аймагына экстрадициялоо сунушун кайтарып алуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алышына Кыргызстан тарап абдан кабатыр.

Министр Абдылдаев ошондой эле “демократиялык коомду куруу – бул мыйзам үстөмдүгү жана жасаган кылмыш үчүн жазанын шексиздиги. Бирок бул ирет андай эреже иштебей калды. Буга биз өкүнөбүз”, - деди.

Business Week басылмасы Вашингтон мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге козголгон кылмыш ишин жаап, өз аймагына экстрадициялоо жөнүндөгү сунушун Улуу Британиядан кайтарып алгандыгы тууралуу 9-майда жазып чыкты. АКШда былтыр кенже Бакиевге көз боёмочулук кылды, Кошмо Штаттардын мыйзамдарын бузду деген айып тагылып, эгер ал далилденсе 20 жылдан 40 жылга чейин эркинен ажыратылары айтылып келаткан. АКШнын сунушун Улуу Британия 13-майда карамак. Бул өлкөнүн прокуратурасы Бакиевди былтыр 12-декабрда кармап, бирок 250 миң фунт стерлинг күрөө менен убактылуу бошоткон.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памелла Спратлен журналисттердин суроолоруна жооп берүүнү ылайык көргөн жок. Бирок элчиликтин коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Кристиан Райттын АКИпресс агенттигине билдиргенине караганда, Кошмо штаттардын мыйзамдары боюнча айып тагуу үчүн өтө бийик деңгээлдеги далилдер керек жана далилдер жетиштүү болбой калганда кылмыш жабылат. Ошол эле мезгилде бул кылмыш ишин токтотуу келечекте иш кайра тергелбейт дегенди түшүндүрбөйт деген элчиликтин өкүлү.

Анткен менен министр Абдылдаев элчи Спратлен менен жолугушууда
АКШ тараптын бул чечими эки өлкө ортосундагы “мамилелер үчүн өтө маанилүү, принципалдуу маселе” деп билдирди.

Алака аксабайбы?

Саясат таануучу Эмил Жураевдин айтымында, “Америкада буга окшогон иштердин саясий мотивдер менен ачылышы же жабылышы өтө сейрек кездешет жана дегеле жок нерсе”. Анын үстүнө Кыргызстан үчүн олуттуу көрүнгөнү менен, Штаттарда бул катардагы кылмыш иши:

- Саясий өңүт издегенден мурда жагдайларын билип алганыбыз туура болот. Мунун Кыргызстандын мамлекет катары баркына да тиешеси бар. Бизге такыр тиешеси жок эле кылмыш иши жабылса, биз ага дипломатиялык кризис жарыялаганыбыз мамлекет үчүн жарашпаган, туура эмес иш болуп калат.

Анткен менен жергиликтүү коомдук-саясий чөйрөдө Максим Бакиевден айыптын алынып салынышы ар башка жоромолдор менен коштолууда. Маселен, талдоочу Табылды Акеров Максим Бакиев, Кыргызстан жакында чыгарып жиберген кылмыш төбөлү Азиза Батукаев сыяктуу фигуралар геосаясий атаандаштыкта курал катары пайдаланылышы мүмкүн деп болжойт:

- Орусия тарап Кыргызстанды Батукаев аркылуу көзөмөлдөгүсү келсе, Кошмо Штаттары Максимди пайдаланып, Бакиевдин тегерегиндеги санаалаштары аркылуу көзөмөлдөгүсү келип аткандай туюлат.

Талдоочу мындай пикирин геосаясаттагы Сирия, Ооганстан, Иран проблемалары менен байланыштырды. Азыр Кыргызстан менен АКШ ортосунда жүк ташуучу транзиттик борборго таандык маселе да бир ыктай чечилбей турат.

Бул аралыкта Кыргызстан бийлиги АКШ чечиминен улам Максим Бакиевди Улуу Британиядан экстрадициялоо аракеттерин уланта берерин дагы бир ирет эскертти. Мындай пикирин “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов билдирди. Кыргызстандын бул эки өлкө менен тең кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча макулдашуулары түзүлө электиги мурда кабарланган.

ЦАРИИнин (Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестициялар боюнча борбордук агенттиктин) жетекчиси Максим Бакиев өлкөдөн 2010-жылы апрель окуясынын алдында чыгып кеткен. Ал азыр Британияда жашайт. Кенже Бакиевди Биринчи май райондук соту өзгөчө оор кылмыш жасады деген айып менен сыртынан быйыл 26-мартта 25 жылга эркинен ажыраткан.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG