Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

Максимдин “максымы”


“Дело №...” гезити Гуревичтин камалышы, Максимдин жасаган иштери тууралуу жазды.

“Кереге” гезити “Митинг-пикеттердин коомго таасири кандай?” деген суроо менен кайрылганда,

журналист Бермет Букашева: – Эл нааразылыгын билгизип турууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Бирок бирөө кызматтан кетсе эле элди көтөрө бермей бизде адат болуп калды. Азыр эл чарчап турат. Эки революциядан кийин эл митингди жек көрүп калды. Көп адамдар материалдык зыян тартты. Азыр кайсы бир саясый фигураны колдоп пикетке чыгып, жол тосмойлор көбөйдү. Мындайга жол бербешибиз керек. Ар кайсы саясатчынын же кылмышкердин тууган-уруктары жол тосо берсе, мамлекет эч качан өнүкпөйт,-деп,

“Ак калпак” партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев: – Кыргыз саясатчылары митингден колу бошой элек. Түрмөгө түшкөн саясатчылардын күнөөсү бары-жогун билбей туруп эле митинг кылуудабыз. Буга чейин дени-карды сопсоо эле жүргөн жигиттер түрмөгө түшөрү менен рак болуп чыга калышчу болду. Оппозиция маселени парламентте отуруп алып сүйлөшүп эле чечсе болот, ал эми табияттын айттырбай келчү кырсыгы менен ким сүйлөшөт, алдыда кыш келатат, митингге чыккандар сүйлөшмөк беле,–деп,

Генерал Мирослав Ниязов: – Кыргызстандын экономикалык, финансылык абалы оор. Бюджет талкаланып бүттү. Финансылык тартыштыкты жоюу абдан кыйын. Азыркы парламент 700 млн. сомду жеп жатат. Ал эми оппозиция бийликтен эч айырмасы жок. Эси-дарты бийлик талашмай. Анан муну көргөн эл пикет-митингдерди уюштурбаганда эмне кылат эле?–деп жооп берди.

“Дело №...” гезити бүгүнкү санындагы башкы макалаларын алдыдагы кышка жана электр энергиясына арнады. Эл башкаргандардын элге берген убадаларын кайрадан элдин эсине салды. Маселен парламенттик шайлоо алдында “Республика” партиясынын башчысы, кийин шайлоодо жеңип чыгып вице-премьер, андан кийин премьер-министр болгон Өмүрбек Бабановдун:

–Биз калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылабыз!
–Биз электр энергиясындагы жоготууларды 3 эсеге кыскартабыз!–деген жалындуу сөздөрүн келтирди.

Гезит макаласынын аягында, Бакиевдин режими баарынан мурда элди эл катары санабай, тебелеп-тепсей бергендигинен жана жарыксыз, жылына турган отсуз калтыргандыктан кулап түшкөнүн, бүгүн бийлик башына келгендер элди мындан ары мындай тозокко түшүрбөйбүз деп, эң башкысы электр энергиясы болот, жылуулук болот деп, кабелтең убадаларды берип туруп бийликке келгендигин эстерине салуу менен: “Ойлонуп көрдүңөрбү, бийликке кандай жол менен келгениңерди? Өлкөнүн кайгысын тарткан калкка караганда бөлкөнүн кайгысын тарткан калк баарына бара тургандыгын унута элексиңерби?” деп кайрылды.
“Сот залынан” деген рубриканын алдындагы макала “7-апрелдеги кандуу окуя бакиевдик чиновниктердин көзү менен” деп аталды.

Гезиттин мындан кийинки макаласы “Мафиянын бухгалтери” деген ат менен тартууланды.

Макалада Италиянын тарыхында эң эле болуп көрбөгөн өлчөмдөгү же 2 миллиарддан ашуун евролук салык аферасын жасаган Евгений Гуревич камакка алынганын, бул шумпай Курманбек Бакиевдин эң сүймөнчүк уулу Максим Бакиевдин жакын өнөктөштөрүнүн бири болгонун кенен баяндады.

Көрсө Максим Бакиев адамдын түшүнө кирбей турган суммадагы акчага туйтунуш үчүн инсайдердик маалыматтарды пайдаланып келгендиги айтылат. Ал ушундай жол менен 2010-2011-жылдары миллиондогон доллар пайда таап келген.

Америка Кошмо Штаттарынын күч органдары инсайдерлик кылгандар менен өтө катуу күрөшөрүн, ушундай арам жол менен акча жасагандар тууралуу маалымат түшөрү менен сен жер шарынын кайсыл бурчунда жүрсөң да тирсегиңден илип келип түрмөгө тыгарын, жакында эле инсайдердик маалыматтарды берип пайда таап келген бир адвокатты 12 жылга түрмөгө кесип жибергенин, ал адвокат акциялардын акча жасоо оюнунда 37 млн. доллар пайда тапканын, ал эми Максим Бакиев дал ушундай эле акциялардын акча жасоо оюнунун биринен эле 1 млн. 700 миң доллар пайда тапканын шардана кылды.

“Дело №...” жумалыгынын бул санында “аптанын чыр-чатагы” деген рубриканын алдында “мародерлук” тууралуу бири-бирине карама-каршы эки макала басылды.
Макалада депутат Райкан Төлөгөновдун жардамчысы Нурлан Асанов тууралуу сөз болот.

Нурлан Асановдун аты буга чейин “мародерчулук” жөнүндө калайык-калкка жар салган Юсуповдун сөзүндө да аталганы бар. Нурлан Асанов революцияга чейин Бакиевдин дагы бир уулу Марат Бакиевге тиешелүү болгон “Амир” деп аталган жеке күзөт ишканасынын дректири болуп катталгандыгы, ага 2003-жылы эле “Көз бойомочулук” деген шек менен кылмыш иштери козголуп кайра кыскартылып калгандыгы да эскерилген.
XS
SM
MD
LG