Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Максим Бакиев каерде соттолот?


Британиянын тартип коргоо органдары Лондондо мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди кармады. Бул маалыматты Британиянын Кыргызстандагы элчилиги да тастыктады. Маалыматка караганда, кенже Бакиев АКШнын өтүнүчүнүн негизинде кармалган жана эми бул өлкөгө өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Кыргыз бийлиги Максим Бакиевди АКШдан Кыргызстанга алып келүүнү үмүт кылууда. Бирок коомчулукта Кыргызстан Бакиевди алып келеринен күмөн санагандар арбын.

Максим Бакиевдин кармалганы тууралуу президенттин аппараты 12-октябрь күнү кечинде кабарлады. Маалыматка ылайык, Бакиев Кыргызстандын жана АКШнын өтүнүчүнүн негизинде Британ полициясы тарабынан Лондондо кармалган.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” Максим Бакиевдин кандай жагдайда кармалганын төмөнкүчө айтып берди:

- 12-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Британиянын Ички иштер министрлигинин атынан расмий кат келди. Ал катта 2012-жылдын 12-октябрында кыргыз жана америкалык тараптардын талабы боюнча Британиянын укук коргоо кызматтары оор кылмыш жасаган деп шектелген Бакиев Максим Курманбекович камакка алынды деп айтылат. Британия менен Кыргызстандын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө макулдашуу болбогондуктан азыркы учурда британ тарап Максим Бакиевди АКШга экстрадициялоо маселесин коюп жатат. АКШ болсо Максим Бакиевге күнөө коюп, эркинен ажыратылсын деп жатат.

Исаковдун айтымында, АКШда Максим Бакиев "баалуу кагаздар менен көз боёмочулук кылды жана башка экономикалык кылмыштарды жасаган" деп шектелип, ага издөө жарыялаган. АКШнын мыйзамдарына ылайык, Бакиевге тагылган күнөө далилденсе, ал узак мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Аракет көрүлөт, өтүнүч болот

Ал ортодо Британиянын Кыргызстандагы элчилиги да ишемби күнү Максим Бакиевдин кармалганын ырастаган билдирүү таратып, бирок ал АКШнын өтүнүчү менен гана камакка алынганын маалымдады. Мындай билдирүүнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да жасап, өлкөнүн Юстиция департаменти Бакиевге кылмыш ишин ачканын тастыктады.

Учурда Кыргызстан менен Британиянын ортосунда жарандарды экстрадициялоо боюнча макулдашуу жок. Андыктан Британия Максим Бакиевди АКШга өткөрүп берсе, ал жактан Кыргызстанга алып келип, жазага тартууга аракет көрөөрүн кыргыз бийликтери билдирүүдө. Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев АКШдан Бакиевди алып келүүгө толук мүмкүнчүлүк бар дейт:

- Бизде АКШ менен деле түздөн-түз экстрадиция кылуу боюнча келишим жок. Бирок Бириккен улуттар уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясы бар. Ошону Кыргызстан 2005-жылы ратификациялаган. Мына ушул конвенциянын негизинде өткөрүп берүүнү сурасак болот. Учурда биз Бакиевди экстрадициялоо боюнча керектүү документтерди даярдай баштадык. Аларды дүйшөмбүдө жиберебиз.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаттары Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү үчүн АКШ Конгрессине өтүнүч менен кайрылганы жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, дүйшөмбүдөн тарта парламентте бул демилгени орундатуу боюнча аракеттер башталат:

- Дүйшөмбүдөн тарта парламенттин тийиштүү комитети бул маселе боюнча иштөөгө аракет кылабыз. АКШ биздеги парламенттик демократияны колдоого алып жаткан соң биз аларга өз позициябызды билдирип, өтүнүчүбүз мааниге ээ болушу мүмкүн.

Күмөндүү сот системасы

Ошентип Максим Бакиевдин Лондондо кармалышы Кыргызстанда номур биринчи окуяга айланып, коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Анда башкы маселе катары Максим Бакиев Кыргызстанга алынып келип, өз жазасын алабы деген суроо кабыргасынан коюлууда.

Интернеттеги социалдык тармактардагы талкууларга пикир кошкон жарандар АКШ Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берээрине көп ишене бербей турушат. Мындай пикирди колдогон адвокат Нурбек Токтакунов Британия АКШга Максим Бакиевди экстрадицияласа деле, Кошмо Штаттар Кыргызстанга өткөрбөй турганын белгилейт:

- Максим Бакиев АКШга өткөрүлсө деле, аны Кыргызстанга бербейт. Себеби эл аралык макулдашууларга ылайык, өткөрүп берүү үчүн адилет сот системасы болушу керек. Ал эми эл аралык иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда адилеттүү сот системасы жок деп айтылып келет. Маселен, буга чейин деле Орусия Британиядан террорчулукка шектелди деп чечендердин бозгун лидери Ахмед Закаевди сураганда, калыс сот системасы жок деген жүйө менен берген эмес. Ошондой окуя кайталанышы мүмкүн. Алар бизден Бакиевдерге тагылган айыптар боюнча материалдарды сурап алып гана иликтеши мүмкүн. Анын үстүнө бизде тартип коргоо органдары кыйноо факттары бар эмеспи. Эл аралык укукта императивдик норма деген бар. Ага ылайык, кыйноо факттары аныкталган өлкөлөргө маньяк болобу же көп адамдын канына забын болгон кылмышкер болобу - өткөрүп берилбейт.

Бирок кыргыз бийликтеринин Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө аракет көрөбүз деген ишенимдери чоң. Буга апрел ыңкылабынан соң Бакиевдерден бири да жазаланган жок деп доомат артылып келатканын айтсак түшүнүктүү болчудай.
Кыргыз бийликтеринен мындай аракет көрөөрүнө ишенген УКМКнын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков Максим Бакиевдин кармалышы менен четте жашырынып жүргөн башка Бакиевдердин кармалышына шарт түзүлөт деп божомолдойт:

- Бизде эми баары - мамлекет башчыларынан тарта, коомдук уюмдар, мамлекеттик органдар - талапты катуу коюп, аракет көрүшү керек. Ошондо жыйынтык чыгышы мүмкүн. Ошондой эле Максим Бакиевдин кармалышы менен качып жүргөн башка Бакиевдер да кармалышы мүмкүн. Себеби бүгүн Максим четте жүргөн Бакиевдерди каржылык колдоого алып, алардын банкири катары айтылып жүрбөйбү.

Ошол эле учурда Медетбеков АКШ Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүүнү саясий соодалашуунун куралы катары пайдаланышы мүмкүн экенин четке какпайт:

- Бул жерде дагы бир ой жаралып жатат: Максим Бакиев менен АКШ соодалашуу иштерин жасап калышы да мүмкүн.

34 жаштагы Максим Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин экинчи уулу. Ал атасы бийликте турган учурда алгач көмүскөдө өлкө экономикасынын кан тамырын кармап, өтө чоң таасирге ээ болгону айтылса, кийин президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчилигине дайындалып, экономиканы иш жүзүндө башкара баштаган.

7-апрелдеги ыңкылаптан соң Максим Бакиевге Кыргызстанда өзүнүн шериктери менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты мыйзамсыз которуп алып, өз кызыкчылыгында жүгүрткөн жана ыңкылаптан кийинки өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, ага эл аралык издөө жарыяланган. Ушул кезге чейин кылмыш иши ачылып, издөө жарыяланган мурдагы президент Курманбек Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири да жоопко тартыла элек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG