Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Максим Бакиев кимге керек?


Максим Бакиев.
Максим Бакиев.

Бишкекте бүгүн жарык көргөн эки гезит тең Максим Бакиевдин камакка алынышы жөнүндө жазып чыкты.

“Алиби” гезити “Максим маанилүүбү же мамлекетпи?” деген макала басып, биринчиден АКШ Максимди бетине кармоо менен аскер базасы үчүн саясый соодалашууга барууну көздөп жатышы мүмкүндүгүн, экинчиден коррупцияга каршы күчтөр АКШнын транзиттик базасындагы күйүүчү майдын айланасындагы миллиондогон долларлар ойногон коррупциялык көз боёмочулукту чукуй баштаганынан чочулаган Америка өз мойнундагыларды Максимдин мойнуна жүктөш үчүн камакка алуунун көздөгөнүн, үчүнчү божомолу “Кумтөргө” барып такаларын, Канаданын өтүнүчү менен Максимди каматып, кыргыз бийлигине силер “Кумтөрдү” жайына койсоңор, биз силерге Максимди беребиз деши мүмкүндүгүн, геосаясый оюндарда өкчөгөн чүкөсү бөк түшмөктөн чик түшсө да айкүр кондурмайын кетпеген, такымын жеп бүткөн АКШ мындайлардын далайын жасап келатат деген ойлорду ортого салды.

Максимге байланыштуу оюн бидирген саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев:

- АКШ Кыргызстандын бийлигинин алы жетпеген ата-бала Бакиевдердин бирин кармап, ал аркылуу оюн жүргүзгөнү жатат. Максим экономикалык көз боёмочулуктан тышкары учурунда Убактылуу өкмөт аталган бийликтегилердин кимиси кайдан акча алганын, кимиси сырттагы кайсы булактар менен байланышта экендигин билиши мүмкүн. Дал ушул маалыматтарды Максимден уй саагандай саап алган АКШ өкмөтү эми мамлекеттик катчынын жардамчысы Роберт Блейк аркылуу Кыргызстандын бийлик башчыларын өз кызыкчылыктарына көндүрүүгө аракет жасайт. Муну менен аскер базасыннын маселесин чечет. Дагы бир маселе, АКШ Максимди эч качан бизге бербейт, - деп айтты.

Мурдагы депутат Болот Байкожоевдин “Алиби” гезитиндеги маеги “Жапаров “жасалма” депутат, жеткен “ууру” деген аталыш менен жарык көрдү.

Бабырбек Жээнбеков менен академик Абдылдажан Акматалиевдин маеги “Манастын” тагдырын чечкен конференция” деп аталды.

“Фабула” гезити да Максим Бакиевдин камакка алынып, кайра сотко чейин күрөө менен кепилдикке чыгарылганына карата ой-пикирлердин топтомун жарыялады.

Бирөөлөр Максимди алып келүү маселеси өтө татаал жана узакка созулчу иш десе, бирөөлөр ошол эле АКШнын өзүндө соттош керек, болгону сот ишине биз тараптан күчтүү юристтерди алып барыш керек десе, генерал Абыдгул Чотбаев: "АКШ Кыргызстандагы аскер базасын калтыруу үчүн Максим аркылуу соодалашат",-деп,
Саясат талдоочу Табылды Акеров: "Максимди Кыргызстанга алып келүү өтө кооптуу. Ал акчалуу болгондуктан прокуратура, сот органдарынын баарын заматта сатып алып, качып кетет же Ташиев сыяктууларды митинг менен бошотуп алып, кайрадан улуттук лидерге айланышы мүмкүн", - деди.

Генерал Артур Медетбеков: "Негизи АКШ экономикалык кылмыш кылган адамдарды оңой менен коё бербейт. Андыктан Максимдин мындан аркы тагдыры абдан оордошу мүмкүн. Ошондой эле аны Кыргызстанга да өткөрүп бербейт. Эми бирдеме болсо эле кыйкырып чыкчу укук коргоочулар, коомдук уюмдар эл аралык сотко кайрылып, өткөрүп алуу үчүн бийликке жардам берүүлөрү керек. Ошондо АКШ өткөрүп бериши мүмкүн. Эгер Максимди өткөрүп алсак, беш жыл ичинде атасы Курманбек Бакиев менен кантип тайраңдаганы ачыкка чыгат эле",–деп айтты.

Гезит учурдагы саясый оюндардын баарын Бабанов баштаганын, коомчулукта “Республика” партиясы “Ата-Журттун” үч депутатын 3-октябрь күнү сызга олтургузуп кетти деген пикирлер жаралып жатканын, эки Өмүрбектин: Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаевдин тиреши тууралуу жазган макаласында баяндады.

Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Дене тарбия жана сопрт агенттигине Максимдин же Жаныштын досу келеби?” деген суроо менен жарык көрдү.

Гезитке айтылуу саясатчы Топчубек Тургуналиев интервью берип, парламенттеги 120 депутаттын жүзүн камакка алса болорун, анткени көп депутатка мурдатан эле козголгон кылмыш иштери жабылып калганын, мындай көчүгүндө калбыры барлар өкмөттө да олтурганын, ал эми соттор болсо чирип бүткөнүн, буга бир эле мисалы кайсыл судья каерден пара алып жатканын көзмөлгө алуу үчүн түзүлгөн сот департаменти деген органдын кызматкери өткөндө өзү пара менен кармалганын, ал эми саясатчы катары Ташиев, Мамытов, Жапаров дегендер саясат дегендин “с” тамгасын да жакшылап өздөштүрө электигин айтты.

Ушул эле санга белгилүү композитор Атайбек Бөдөшовдун белгилүү тележурналисттин ишмердигин баяндаган “Боркеев деген ким өзү?” деген аталыштагы макаласы окурмандарга тартууланды.
XS
SM
MD
LG