Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Максим Бакиевдин миллиондору табылды


Максим Бакиев Лондондогу сотко баратат, 7-декабрь, 2012.
Максим Бакиев Лондондогу сотко баратат, 7-декабрь, 2012.

Экономика министри Темир Сариев АКШда Максим Бакиевге таандык 74.4 млн. доллар эсеби жабылганын кабарлады.

Кыргызстан эми ал каражатты кайтаруу аракетин көрүп жатат. Башкы прокуратура Максим Бакиевдин мүлкүн аныктоо боюнча суроо-талаптарды АКШ эле эмес, Латвия жана Британияга да жөнөткөн.

Экономика министри Темир Сариев АКШда камакка алынган Максим Бакиевдин миллиондору тууралуу буларды билдирди:

- Максим Бакиевге тиешелүү болгон банктагы эсептер табылды. Бирөөсүндө 5.4 млн. доллар жаткан экен. Аны камакка алышты. Андан башка Максим Бакиев өзү аракеттенип, АКШда баалуу кагаздарды сатып, 9 млн. доллар пайда көргөн экен. Ал эсепти дагы камакка алып коюшту. Андан башка Американын коммерциялык банктары мыйзамсыз киреше көргөн деген доомат менен 60 млн. долларлык эсептер камакка алынды. Алар 60 млн. доллар пайда табыш үчүн операцияны Кыргызстандагы Максим Бакиевге тиешелүү болгон банктар менен иштеп, пайда көргөн деп табылган.

Темир Сариевдин айтымында, өкмөт жана прокуратура мына ушул каражаттарды Кыргызстанга кайтаруу аракетин көрүп жатат.

Бирок Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев Максим Бакиевдин банк эсептери боюнча расмий маалыматтар келе электигин айтат:

- Бизге расмий маалымат келе элек, ушунча акча камалды деген. Аны тастыктаган кат да келген жок.

Бирок Максим Бакиевдин акчаларын таап, аныктоо боюнча суроо-талаптар үч өлкөгө жөнөтүлгөн дейт Апышев.

Кыргызстандын мурунку башкы прокурору Кубатбек Байболовдун айтымында, Максим Бакиевдин мүлкүн Кыргызстанга кайтаруу үчүн ал мүлктүн мыйзамсыз жол менен табылганын далилдеген соттун чечими болуш керек:

- Ошол акча арам жол менен өндүрүлгөндүгү тууралуу соттун чечими болуш керек, далил болуш керек. Анан ошол далилди соттун чечими менен тастыктап, анан аларга берип, өндүрүп бергиле деп маселе койсо болот. Башка жол жок.

Кыргызстанда Максим Бакиевге байланыштуу соттук жараян болгон. Анда ага Кылмыш-жаза кодексинин коррупция, кылмышка катышуу жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишимге баруу боюнча айыптар коюлуп, быйылкы жылдын 26-мартында Биринчи май райондук соту тарабынан үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга кесилген.

Темир Сариевдин айтымында, мына ушул соттук жараян жана андагы далилдер Максим Бакиевдин мыйзамсыз тапкан каражатын кайтарууга негиз болот.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Максим Бакиевге таандык деп табылган акчалар мурунку ханзааданын Кыргызстанда уурулук жол менен тапкан каражаттарынын аз гана бөлүгү экенин айтып келатат. Президент Алмазбек Атамбаев Максим Бакиев миллиардерлер клубуна киргенин Москвада майрамдаганын жакында эле билдирген. Мамлекет башчысы ошондой эле Британиянын Максим Бакиевди Кыргызстанга кайтарып бербешин кескин сынга алып, бул өлкөнү кош стандарттуулукка жол берүүдө деп айыптаган.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов Максим Бакиевге байланыштуу аракеттерди кубаттап, бирок Кыргызстанда мыйзамдар алалап колдонулууда деп сынга алды:

- Бизде бардык мыйзамдар алалап колдонулуп жатат. Андай болбосо ошол эле “Азияуниверсалбанктагы” Орусиянын 198 млн. доллары кайда кеткенин, ошол жерде жаткан гранттык 35 млн. доллар кайда кеткенин, Соцфонддун 1.5 млрд. сому кайда кеткенин эмнеге иликтебейт? Аларды баарын комплекстүү изилдеш керек. Алар бир эсепте жатат да.

Кубатбек Байболов азыркы башкы прокурор Аида Салянова мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөновдун катышуусу менен Кумтөрдөн 1.5 млрд. сомду кечип жибергени да иликтенбей жатат деп сынга алды.

Максим Бакиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту мамлекеттик жооптуу кызматта турганда коррупцияга аралашкан, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим түзгөн деген айып менен быйыл мартт 25 жылга сыртынан соттолгон.

Жакында эле АКШ Максим Бакиевге каршы козголгон кылмыш ишти токтоткон. Кошмо Штаттарында ага баалуу кагаздарга байланыштуу көз боёмочулук кылган деген айып тагылган эле.

Былтыр 12-октябрда Максим Бакиев Лондондун Белгравия аймагындагы полиция бөлүмүнө чакырылып, АКШнын талабы менен камакка алынганы менен үч күндөн кийин күрөөгө 250 миң фунт стерлинг же 400 миң доллардай коюп, камактан бошотулган. Бирок быйыл май айында Вашингтон Максим Бакиевге козголгон кылмыш ишин жаап, өз аймагына экстрадициялоо жөнүндөгү сунушун Британиядан кайтарып алган.

2010-жылкы ыңкылапка чейин өлкө экономикасынын кан тамырын кармап турат делген Максим Бакиевге Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан шериктери менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган жана апрель окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG