Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Сариев: Максимдин акчасын алып келүүбүз керек


Экономика жана өнүгүү министри Темир Сариев АКШда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге тиешелүү делген банк эсептери камакка алынышы боюнча суроолорго жооп берди.

- АКШнын өкмөтүнө Башкы прокуратура тарабынан Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдер боюнча атайын кайрылуу болгон. Ал жакта атайын юридикалык фирма кыргыз өкмөтүнө, Башкы прокуратурага жардам берип, иликтөө жүргүзүп жатат. Иликтөөнүн негизинде банктагы Максим Бакиевге тиешелүү болгон эсептер табылды. Анын биринде 5,4 миллион бар экен, ал эсеп камакка алынды.

Тергөө-иликтөө иштери далилдесе, укук коргоо органдары Вашингтонго кайрылып, ошол суммалардын баарын Кыргызстанга алып келүүбүз керек. Негизги максат ошол. Бул чети гана, мындан ары дагы бул иштер улана берет.


Андан башка Максим Бакиев баалуу кагаздарды сатып, 9 миллион пайда көргөн экен, ал да камакка алынды. Андан башка мыйзамсыз киреше көргөн деген доомат менен Американын коммерциялык банктарындагы 60 миллион долларлык эсеп да камакка алынды.

Америкалык банктар Кыргызстандагы Максим Бакиевге тиешелүү банктар менен иштеп, андан пайда көргөн деп табылды жана ушул тапта жогорудагы суммалар сакталган эсептер камакка алынды. Азыр тергеп-иликтөө жүрүп атат, эми негизгиси ушулардын баарын далилдеп туруп, Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн иштер жүрүп жатат.

- Эсептер АКШнын канча коммерциялык банкында табылды?

- Аны укук коргоо органдары так айта алат. Менде болсо канча сумма экени тууралуу маалыматтар бар.

- Кыргызстандын америкалык банктардагы ал табылган каражаттарды алганга мүмкүнчүлүгү барбы?

- Тергөө-иликтөө иштери далилдесе, укук коргоо органдары Вашингтонго кайрылып, ошол суммалардын баарын Кыргызстанга алып келүүбүз керек. Негизги максат ошол. Бул чети гана, мындан ары дагы бул иштер улана берет. Биз билгендей, убагында Максим Бакиев атасынын бийлигин пайдаланып, мыйзамсыз иштерди жасап, мамлекетке чоң чыгым келтирген.

- Соттук териштирүүлөрдө Максим Бакиев өнөктөштөрү менен Кыргызстанга миллиард долларга чукул зыян келтирген деген кинелер айтылды эле. АКШдан башка Европа өлкөлөрү, офшордук аймактагы тараптар менен дагы иштер жүрүп жатабы?

- Ооба, бардык мамлекеттерге кайрылуу жасалган. Иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Тилекке каршы биздин таасирибиз, ал-күчүбүз чектелүү болуп жатат. Бул жаатта тажрыйбабыз да аз болуп жатат, бирок иш жүрүүдө, четинен ушул иштер табылууда. Бул иштер дагы уланат.

- 26-мартта Бишкекте Максим Бакиевге каршы чыккан соттун өкүмү ушул иштерди жүргүзүүдө жетиштүү укуктук негиз болуп бере алабы?

Максим Бакиевдин бир эсебинде 5,4 миллион доллар бар экен, баалуу кагаздарды сатып 9 миллион пайда көргөн экен. АКШнын коммерциялык банктарындагы 60 миллион долларлык эсеп камакка алынды.

- Албетте, бизге далилдер керек болчу. Алар болсо четинен чыга баштады. Мына, Британия колдоого алууда.

- Буга чейин да Британия колдоого алып, АКШнын өтүнүчү менен Максим Бакиевге каршы кылмыш иш ачылды эле. Бирок ал конкреттүү чечим кабыл алууга жеткенде, америкалыктар кылмыш ишти жаап салды. Бул ирет дагы ошондой болбойбу?

- Буга эч ким кепилдик бере албайт. Кыргызстанда болсо баары мыйзамдын негизинде болот деп айта алаар элек. Ал эми сыртта болуп жаткан иштерге ар кандай факторлор, шарттар таасир этет. Ал эми биз жактан мамлекеттин, өкмөттүн, укук коргоо органдарынын аракети чечкиндүү болот деп гана айта алам.

- Кыргызстан АКШнын "Манастагы" борбору 2014-жылдын 11-июлунда чыгат деп так мөөнөтүн белгиледи. Анан Бишкектин ушундай чечиминен кийин Вашингтон жардам берүүгө дилгир деп ишенесизби?

- Мен ишенем. Анткени ушул эсептердин баарын Америка өкмөтү жалдаган юридикалык фирма таап берип жатат. Алар өз ыктыяры менен бизге жардам берүүгө дилгир. Биз ошону туура колдонуубуз керек. Эми албетте АКШ чоң мамлекет. Анын кызыкчылыгы дагы ар түрдүү, анын баары эле авиабаза менен байланышкан эмес. Алардын негизги принциптеринин бири ачык коомду, таза мамлекетти куруу деп айтып келишет. Бул дагы ошол шарттарга кирет.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG