Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Бакиевдин иши жабылышына нааразылар митингге чыкты


Митингчилер: Максим Бакиев соттолсун
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

Митингчилер: Максим Бакиев соттолсун

Апрель окуясында жабыркагандар АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында митинг өткөрдү.

16-майда “Апрел байрагы”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” коомдук уюмдарынын өкүлдөрү АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдына келишти. Алар АКШ Максим Бакиевке каршы кылмыш ишти жапканына нааразы. Митингдин уюштуруучулары АКШнын түздөн-түз тиешеси болбосо да Кыргызстанда оор кылмыштарга айыпталып жаткан Максим Бакиевди өткөрүп берүүгө көмөктөшүүгө чакырышты.

Митингге 2010-жылы апрель козголоңунда окко учкан же жаракат алгандардын жакындары менен туугандары чогулду. Алар Максим Бакиевге козголгон кылмыш иши жабылганы үчүн АКШ өкмөтү менен Юстиция министрлигине нааразылыгын билдирип жатышты.

Акциянын катышуучуларынын бири Арстан Сагындыков АКШ Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүгө көмөктөшүүгө тийиш деген ойдо:

- Кылмыш иши жабылып, Бакиевди Британиядан АКШга экстрадиция кылбай койгонуна нааразыбыз. Анткени Америка Максим Бакиев чоң суммадагы акчаларды көз боёмочулук менен алганын жакшы билет. Максим Бакиев жана Бакиевдердин баары Кыргызстандын биринчи душманы. АКШ өзүнүн душманы Усама бин Ладенди кандай кылып өлтүрдү?

АКШ Максим Бакиевге өзүнүн аймагында экономикалык кылмыш жасаган деген шек менен иш ачкан. Мындан улам митингдин уюштуруучулары АКШ өкмөтүн Кыргызстанда ачылган иш боюнча Бакиевди алып келүүгө көмөктөшүүгө чакырышты.

“Мекен шейиттери” кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев талаптары тууралуу буларды билдирди:

- Биз түздөн-түз келгенибиз туура эмес экенин билебиз. Бирок англис тилдүү өлкөлөр бири-бири менен мамилеси жакшы. Британия менен келишимибиз жок болгону менен АКШ өзү аркылуу бизге өткөрүп бергенге көмөктөшсө болмок. Британия элчилиги бизге кечээ эле келди, ал эми АКШ менен 20 жылдан бери кызматташып келатабыз. АКШда ачылган кылмыш иши боюнча жетиштүү көрсөтмөлөр берилип, 20-25 жылга соттолору айтылган. Кылмыш иши жетиштүү далилдер болгондо гана ачылат.

Элчиликтин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Кристиан Райт чогулгандарга чыгып, ааразы тараптын оюн элчиликке жеткирип барарын билдирди:

- Максим Бакиев Кошмо Штаттарда кармалган эмес, Британияда кармалган. Аны алып келүү боюнча кыргыз өкмөтү британ өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек. Ошондой эле жакында кабыл алынган чечим АКШда саясий маселе эмес. Бул АКШ өкмөтүнүн эмес, Юстиция министрлигинин алкагында гана болуп жаткан укуктук иш.

Ошону менен катар Кристиан Райт АКШ менен Кыргызстан ортосундагы мамилелерди атап, 20 жыл ичинде өз өлкөсүнүн Кыргызстанга жардамдарын санап өттү.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Азаттыктагы” маегинде АКШ прокуратурасы өз аймагындагы кылмыш иши боюнча Максим Бакиевди жоопкерчиликтен бошоткон себебин - далилдердин жетишсиздиги менен түшүндүргөн.

- Кээде далилдер өзгөрүп калышы мүмкүн, кээде алар жок болуп кетет же башкача өнүгөт. Бул учурда далилдердин өнүгүүсү башкача болгондуктан прокурорлор ишти токтотууга мажбур болушту. Конкреттүү кайсы далил экенин жана ал кандай өнүккөнүн ийне-жибине чейин айта албайм. Анткени бул мен талкуулай турган иш эмес.

Максим Бакиевге Кыргызстандын мамлекеттик акчасын өз кызыкчылыгына пайдаланган, апрель окуясынан кийин кутумчул окуяларга тиешеси бар деген бир нече айып коюлуп, издөө салынган. Ал эми АКШ өткөн жылы аймагындагы экономикалык кылмышка шектүү санап кылмыш ишин ачкан. Аны Британиядан АКШга алып баруу жолу каралып жатканы айтылган болчу.

Бүгүнкү митингдин катышуучулары болсо ушундай эле талап менен Британ элчилигине да барышты. Бул мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн эки өлкө ортосунда келишим жок болгондуктан Максим Бакиевди өткөрүп берүү маселеси каралбай жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG