Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:26

Саудиттер эми Кыргызстанга мектеп салат


Кыргызстандагы мектептердин биринин курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.

Сауд өнүктүрүү фонду 16 мектеп куруу үчүн Кыргызстанга бөлгөн насыяга 27 мектеп салынмай болду. 30 миллион доллар каражатты өкмөт типтүү мектептерге бөлүштүрүп жеткире турганын айтууда. Сауд Арабиясы өлкөгө мындан башка оорукана, жол курууга жана логистикалык борбор салууга да акча бергени турат. Ошол себептүү муну идеологиялык саясат менен байланыштыргандар да чыкты.

Кечиккен долбоор

Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндөгү макулдашууну Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын өкмөтү былтыр май айында кабыл алышкан. Бул боюнча мыйзамды ошол эле жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш ратификациялап, июлда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Макулдашууга ылайык, аталган фонд Кыргызстанга 30 млн. доллар же жергиликтүү валютага чакканда 2,1 млрд сом жеӊилдетилген насыя бөлмөк. Өкмөт бул каражатка 2019-жылга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында 16 мектеп салууга убада берген. Бирок дээрлик бир жылдан бери акча да түшкөн жок, мектептердин курулуштары да баштала элек.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин кызматкери Токтомамат Зикирбаев мунун себебин тендердин кечеңдеши менен түшүндүрдү:

- Сауд өнүктүрүү фондунун талабы менен биз долбоорду Ислам өнүктүрүү банкынын талаптары, процедурасы боюнча ишке ашырышыбыз керек. Ошондуктан иштин биринчи этабында эл аралык консультанттарды жалдап алышыбыз керек болчу. Алгач ошону тандоо үчүн тендер жарыялаганбыз, ага эл аралык үч компания сунушун жиберген. Былтыр ноябрь айларында тендерибиз аяктап, ошонун эң аз сумма сунуштаганын тандап алганбыз. Бирок ал компания бизге туура келбеген талаптарды койду. Натыйжада алар менен келише албай калдык. Августтун ортолоруна чейин ошентип жүрүп, эми кайра Сауд өнүктүрүү фондуна кат жазып, экинчи орунду алган компания менен сүйлөшүүгө уруксат алганбыз. Учурда ошолор менен сүйлөшүү уланып жатат. Ошол бүткөндөн кийин негизги иштер башталат. Бул эл аралык компания бизге кеңеш гана берип, көмөк көрсөтөт. Андан кийин ар бир мектепке өз алдынча тендер жарыяланат. Ага кыргызстандык жана чет элдик компаниялар катышып жеңип алышса болот.

Курулуш агенттигинин атайын координациялык тобунун кеңсеси
Курулуш агенттигинин атайын координациялык тобунун кеңсеси

Зикирбаев ошондой эле келе турган каражатка мурда пландалгандай 16 мектеп эмес, 27 мектеп курула турганын, бул кеңешүү менен чечилгенин айтты.

- Кредиттик макулдашуу боюнча бөлүнгөн суммага 16 мектеп куруу каралган. Болжолдоп алганда сумма мындан ашышы мүмкүн болгондуктан көбүрөөк мектеп курууну пландаганбыз. Өкмөт, курулуш агенттиги, Билим берүү министрлиги жана жергиликтүү бийликтерден ошондой сунуш болуп, 27 мектеп курулушу өтө зарыл деп табылып, тизмеси бекитилген. Буга Сауд өнүктүрүү фонду деле макулдук берген. Алар биз жумушту баштаарыбыз менен акчаны которушат. Мектептер ар бир облуста курулат. Алгач 16 мектепке тендер жарыялап, ишти баштайбыз. Алардан ашкан акчага калган мектептерге жетээрлик кылып бөлүштүрөбүз. Бизде мамлекеттик курулуш агенттигинде типтүү мектептердин беш үлгүсүнүн долбоорун иштеп чыгып, бекитип койгонбуз. Маселен 150 орундуу мектеп 62 миллион сомго, 225 орундуу 73 миллион, 375 орундуу 101 миллион, 500 орундуу 128 миллион болуп аныкталган. Курула турган жердин шартына, балдардын санына карап кээ бир мектептерге каражат көбүрөөк бөлүнүп калышы мүмкүн. Ага биз алгачкы сынактан тандап алган эл аралык консультациялык компаниянын адистери жардам берип, иштеп чыгууга көмөктөшөт.

Деген менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги өзү деле атайын Сауд өнүктүрүү фонду каржылаган мектептердин курулушун ишке ашыруу үчүн атайын координациялык топ түзүп, алты кишини өз алдынча кеңсеге жайгаштырган. Токтомамат Зикирбаев да ошол топтун мүчөсү.

Бирок ошол эле кезде даяр каражатты иштетүү кечеңдеп жатканын сынга алып, анын узарышынан күмөн санап жаткандар да чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров мектепке делген насыякоррупциялык аракеттерден сырт болушу керектигин эскертүүдө:

Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

- Бизде акыркы учурда сырттан алынган кредиттердин көпчүлүгү эл колдогон, жалпы мамлекет үчүн пайдалуу долбоорлорго жумшалып жатат деген менен аны иштетүүдө коррупциялык аракеттерге жол берилип калып жатат. Кээде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдын нормаларынан чыгып кеткен учурлар бар. Аныкталып, кылмыш иштери козголуп жаткандары да бар. Бул өтө жаман нерсе. Ошондуктан бул тармакта башында кандай тендерлер жарыяланган, эмне үчүн узарып жатат деген маселени атайын эксперттик топ иликтеп чыгышы керек. Бул жерде да ошондой резонанстуу нерселер көрүнүп калышы мүмкүн. Бул аз акча эмес, ошондуктан багыттуу иштетип, эки жакка кетип калбагыдай болушу керек.

Сауд өнүктүрүү фонду каржылачу мектептерге тендерлер жыл аягына чейин жарыяланышы мүмкүн.

Бул маселе боюнча кененирээк комментарий алуу үчүн Сауд өнүктүрүү фонду менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жок болгондуктан Сауд Арабиясынын Бишкектеги элчилигине кайрылып, бирок жоопсуз калдык.

Жардамбы же карызбы?

Канткен күндө да мектептердин курулушун каржылоо долбооруна бөлүнгөн 30 млн долларлык каражат Кыргызстанга жеңилдетилген насыя катары берилет. Муну Кыргызстан бир пайыздык үстөк менен 25 жыл мөөнөт ичинде төлөп бүтүш керек. Насыяны төлөө 2022-жылдардан башталат.

Сауд өнүктүрүү фонду мындан сырткары ушундай эле шартта Кыргызстанда заманбап балдар ооруканасын курууга да 30 млн. доллар көлөмүндө насыя бөлгөнү турат. Буга чейин ушул эле фонд түндүк-түштүк альтернативалуу жолун курууга 20 млн. доллар акчаны насыя түрүндө берген. Болгону 3 млн. 397 миң доллар Бишкекте логистикалык борбор курууга грант катары берилгени турат.

Булардын айрымдары боюнча мыйзамдар буга чейин ратификацияланса, кээлери ушул күндөрү Жогорку Кеңеште каралууда. Ошол себептүү карыз алуу маселеси коомдук талкууда кайрадан күн тартибине чыкты.

Экономист, жарандык активист Айбек Таалайбек уулунун пикирин окуп көрөлү:

Айбек Таалайбек уулу
Айбек Таалайбек уулу

- Каржы министрлигинин расмий маалыматтарына эле таянсак, 2018-жылдын июнь айына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 411,03 млн. долларды түздү. Мунун ичинен тышкы карыз 3 млрд. 809,19 млн. долларга жетет экен. "Бул тышкы карыздын 45% жакыны Кытайга туура келет экен, алар эмне жерибизди алгысы келип атабы?” деп бир чурулдадык эле, эми Сауд Арабиясынан да карыз алууну көбөйтүп жатыппыз. Карызды сен Кытайдан аласыңбы, Сауд Арабиясынан аласыңбы, баары бир карыз. Биздин кызарган жерибизге көз арткан көрүнгөн мамлекеттен насыя ала бергенди токтотушубуз керек. Анткени мунун артында баары бир саясий же башка кызыкчылыктар турат. Биз азыр акчаны четинен ала бергенибиз менен аны кайсы өндүрүшүбүз менен төлөйбүз, ким төлөйт? Артыбызда эч нерсе жок туруп карыз алганыбыз өтө коркунучтуу. Мектеп болсун, оорукана болсун аларды курууга болсо да насыя алууга караманча каршымын. Бирин-экин болсо да өз бюджетибиз жетишинче кура бергенибиз туура болмок.

Кыргызстандан сырткаркы фактыларды деле эске алганда, Сауд өнүктүрүү фонду коңшу Өзбекстанда (50 миллион доллар) жана Тажикстанда да (35 миллион доллар) мектептерди куруу жана социалдык жайларды салуу үчүн миллиондогон доллар насыя бере баштады. Ошондон улам мамлекеттик фонддун ээси - Сауд Арабиясы Борбор Азия өлкөлөрүнө карата саясатын өзгөрттү дегендер да бар. Анткени бул өлкөнүн уюмдары мурдараак башкаларга мечит курууга гана көмөктөшөт деген сын-пикирлер болуп келчү.

“Сереп” аналитикалык борборунун директору Искендер Ормон уулу буларга токтолду:

- Биздин өлкө жетекчилерибиз, парламенттеги сыйлуу адамдарыбыз жана министрлерибиз аларга барып, мамиле түзүп жатат. Ошондой сапарларда жардам сурап, инвестиция катары Кыргызстанга чакыруулар болду. Бул процесс нормалдуу нерсе. Бирок ар бир өлкө кайсы бир ишти жасоодо кандайдыр бир өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт да. Анан Кыргызстан да берген тараптын максатын, оюна коюп койбой өлкө кызыкчылыган туура келген кызыкчылыктарга, багыттарга басым жасашы керек. Ал эми Сауд Арабиясы өзү бүгүнкү күнгө чейин көбүнчө башка өлкөлөргө мечит курууга көмөк берип келген. Жеке адамдар, фонддор аркылуу болсо да өкмөтү жардам берет деп айтылчу, ошондой имиджи болчу. Алардын идеологиясы эми диний вахаббийлик идеология эмеспи. Анан ошол идеологияны экспорттоо эмес, нормалдуу, заманбап мамлекеттик мүнөзүн алдыга чыгаралы деп, ушундай социалдык маселелерди колдоп жатса керек. Башкача айтканда бул өлкө имиджин оңдоого аракет кылууда.

Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

Бирок бийлик өкүлдөрү Сауд Арабия өлкөсү каржылаган соңку долбоорлордун артында эч кандай саясий-идеологиялык жана диний өңүттөрү жоктугуна ишендирүүдө. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова насыя алуу бул жөн гана өкмөттүк келишимдердин жемиши деп эсептейт:

- Бул мамлекеттик деңгээлдеги колдоо. Биздин келишимде сиз айткандай дин компоненттери да бар деген сөз болгон эмес. Менимче ал болушу да мүмкүн эмес. Анткени келишимдерде мектеп жөнүндө гана кеп жүргөн. Ошондуктан билим берүү жана мечит бири-бири менен айкалышкан маселе эмес.

Буга чейин Арабия өлкөлөрүнөн каржыланган “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” уюму Кыргызстанда 200дөн ашык мечит курууга демөөрчүлүк кылып, бирок сын-пикирлерден кийин өлкөдө 30 мектеп жана 10 чакты фельдшердик-акушердик пункттарды куруп берген.

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын мамилелери 2015-жылдан бери жандана баштаган. Ошол учурда президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар мамлекетине болгон расмий сапар жасап, бир катар инвестициялык жана башка макулдашууларга кол коюлган.

Ноокенде ишкер мектеп курду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG