Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 3-апрель, 2020 Бишкек убактысы 00:42

Мамлекеттик карыз былтыр бир айда 50 миллион долларга өстү


2018-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 477 миллион долларды түздү. Өлкөнүн бересеси бир айда 50 миллион долларга өскөнү Финансы министрлигинин маалыматында айтылат. Октябрдын соңуна карата бул эсеп 4 миллиард 427 миллион болчу.

Сумманын 3 миллиард 838 миллион доллары - сырткы, 639 миллион доллары - ички карыз.

Кыргызстандын эң көп бересеси Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – ага Бишкек 1,7 миллиард доллардан ашуун сумманы төлөшү керек. Бул тышкы карыздын 44% жакынын түзөт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы азыр ички дүң өнүмдүн 56 пайызынан ашканы айтылган. Эл аралык тажрыйбада мамлекеттин карызы 60 пайызга жетсе, аны андан ары өткөрүп жиберүүгө мүмкүн болбогон коркунучтуу "кызыл чек" катары кабыл алынган.

Пикирлерди көрүңүз (15)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG