Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Карыз боюнча мыйзам долбоору каралат


Жогорку Кеңеште бүгүн “Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу экинчи окууда талкууланат. Өткөн аптада Бюджет жана каржы боюнча комитет аны кубаттаган. Документте мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпоого тийиш деген чекти алуу сунушталган.

Демилгечилер муну учурдагы мамлекеттик карыздардын көлөмү бул чектен ашып кеткени менен түшүндүрүп жатышат.

Расмий маалымат боюнча, азыр мамлекеттик карыз 3 миллиард 805 миллион доллар. Бул көрсөткүч ички дүӊ продукцияга карата белгиленген чектен 8,2 пайызга ашып кеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG