Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Вице-премьер Аскаров: Аймактардын дотациясын азайтыш керек


Замирбек Аскаров.
Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 28-январда Талас облусунун жетекчилери менен жолугушууда аймактардын дотациясын азайтуу зарыл экенин билдирди. Аскаровдун маалыматы боюнча, Талас облусундагы 37 айыл өкмөттүн 33ү мамлекеттик бюджеттен кошумча каржыланат.

- Жалпы облус боюнча дотациянын деңгээли 33,2%, - деди ал. - Муну азайтыш үчүн облус жетекчилиги жеткиликтүү иш алып барышы керек. Бул үчүн аймакка сырттан инвестиция тартып, жергиликтүү бийлик чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун маалыматы боюнча, 2018-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү 557,1 млрд. сомду түздү, ал эми экономика 3,5% өскөн.

Айрым эркин экономисттер 2018-жылы Кыргызстандын экономикасы 18% төмөндөгөнүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG