Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Мамлекеттик карыз чегин ИДӨнүн 70% чейин көтөрүү сунуш кылынууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касмалиев бүгүн парламентте билдирди. Анын айтымында, Финансы министрлиги Бюджеттик кодекске жогоруда айтылгандай өзгөрүүнү 2020-жылдын 1-январынан тартып киргизүүнү сунуш кылууда.

Министр карыз чегин көтөрүү зарылдыгын алдыдагы жылдары ички дүң өнүм (ИДӨ) “кескин көбөйөт” деп күтүлүп жатканы, өкмөт инфраструктураны өнүктүрүш үчүн жеңилдетилген насыяга муктаж болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Азыр Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү ИДӨнүн 56,5% барабар.

Акча менен эсептегенде быйылкы жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 415 миллион долларга барабар болгон. Мунун 3,8 миллиарды тышкы, 607 миллион доллары ички карыз. (UE)

XS
SM
MD
LG