Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 6-апрель, 2020 Бишкек убактысы 08:43

Карыз алуу жагынан коңшулардан алдыдабыз


Кыргызстандын тышкы карызы азыр ИДӨнүн 60% жакынын түзөт.

Германиядагы "Рейтинг-Агентур Эксперт" аттуу уюм Кыргызстандын насыя рейтингин "B" же "орточо төмөн" деп баалады. Эл аралык "Moody's" уюму деле ушуга жакын баа берди. Бул эмнени түшүндүрөрүн билиш үчүн "Рейтинг-Агентур Эксперт" уюмунун эксперттик тобунун мүчөсү Олена Колоколова менен маектештик.

«Азаттык»: - Кыргызстандын насыя рейтинги эмне үчүн «орточо төмөн» деген баа алды? Мурдагы жылдарга жана коңшулаш өлкөлөргө салыштырганда бул көрсөткүч эмнени билдирет?

Колоколова: - Биз Кыргызстандын насыяны кайтаруу кудуретин 2014-жылдан бери баалап келатабыз. Ошондон бери Кыргызстандын рейтинги өзгөргөн деле жок, орточо төмөн бойдон калууда.

Буга негизинен мамлекеттик карыздын көлөмү, негизги өнөктөштөрдөн көз карандылыктын жогору болушу, жакырчылыктын деңгээли - бул жерде биз ички дүң өнүмдүн киши башына бөлүнгөндөгү үлүшүн эске алабыз - ушулардын баары кошулуп келип таасир этип жатат.

2015-жылы рейтинг мындан да төмөндөп кеткен, ал жылы Кыргызстандын экспорту азайып, Орусиядагы абалдын начарлашы, алтындын дүйнөлүк баасынын төмөндөшү роль ойноп, 2014-жылдын аягында инфляция 10% ашып кеткен. Чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө келсек, Казакстан (BBB-) менен Өзбекстандын рейтинги (B+) Кыргызстандыкынан жогору. Мында тышкы карыздын көлөмү да чоң роль ойнойт.

Кыргызстандагы ишканалардын бири.
Кыргызстандагы ишканалардын бири.

Кыргызстандын тышкы карызы азыр ИДӨнүн 60% чукулдап калса, Казакстанда бул көрсөткүч 20%, Түркмөнстандыкы 23%, Өзбекстанда 12%, Тажикстанда 41% барабар. Өзбек экономикасын либералдаштыруу саясаты, валюталарды эркин жүгүртүү, алмаштыруу тууралуу чечим өз жемишин бере баштады. Быйыл Тажикстандын рейтингин да жарыялайбыз деп турабыз. Баштапкы маалыматтар боюнча, бул өлкөнүн насыяларды кайтаруу рейтинги Кыргызстандан төмөн болчудай.

«Азаттык»: - Силердин уюм тараткан басма сөз баракчасында Кыргызстандын рейтинги бул өлкөнүн экономикасы КМШдагы өнөктөштөрүнө, табигый кендерди казуу иштерине көз каранды экени айтылат. Андан сырткары тышкы карыздын жүгү оор экени, экономикага насыя салуу аз болуп жатканы башкы фактор катары көргөзүлгөн. «Кыргыз экономикасы КМШдагы өнөктөштөргө катуу байланган» дегениңер Орусия менен Казакстанбы?

Колоколова: - Негизинен КМШ өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр. Соңку жылдардагы экономикалык жагдайды талдап көрсөк, Кыргызстандагы жагдай чет жактардагы эмгек мигранттары которгон акчанын көлөмүнө жараша өзгөрүп турат экен. Мигранттар которгон акча бүткүл өлкөдө өндүрүлгөн товардын жалпы көлөмүнүн 35% чейин жетет.

Мигранттардын которгон акчасынын 83% Орусиядан жөнөтүлгөн. Бул чоң фактор. Андан сырткары Кыргызстандан сыртка ташылган экспорттун 45% КМШга туура келет, көпчүлүк бөлүгү Орусияга сатылат. Экспорттун 36% ашыгы алтын. Ушундай кайсы бир тармакка, өлкөгө көз карандылыкты, негизги соода өнөктөштөрдө да абал азыр туруктуу эмес экенин эске алганда, Кыргызстандын рейтинги төмөн бойдон калып жатат.

«Азаттык»: - «Экономикага насыя же насыя акча салуу төмөн» дегениңер «кыргыз өкмөтү келечектүү долбоорлорду алып чыга албай жатат» дегенди билдиреби?

Колоколова: - Биздин талдоодо экономиканы коммерциялык банктардын каржылоосу изилденген. Кыргызстанда коммерциялык банктар жеке менчик ээлеринин же эл аралык насыя уюмдарынын колунда болгондуктан, өкмөт бул маселеге түздөн-түз таасир эте албайт. Насыялардын, баалуу кагаздардын төмөнкү деңгээлде калып жатканы -- өлкөдө банк сектору ойдогудай өнүкпөгөнүнүн белгиси.

Насыя берүүнүн үстөк төлөмү жылына 18% экени, убагында кайтарылбай калган насыялардын көлөмү 8% болуп жатканы, АКШ долларына катуу байланганы - ушунун баары банк секторундагы кооптуу жагдайлар арбын экенин айгинелейт. Кийинки убакта доллардын активдүүлүгү бир аз азайып, улуттук валютанын көлөмү көбөйө баштаганы жакшы көрүнүш.

«Азаттык»: - Насыя рейтингинин төмөн болушунун дагы бир негизги себептери катары өлкөдөгү коррупциянын деңгээли, чек ара аркылуу жүргүзүлгөн сооданын солгун болуп жатканы аталыптыр. Буга конкреттүү мисалдар, фактыларды айта кетесизби?

Колоколова: - Кыргызстандагы коррупциянын деңгээлин сөз кылганда, биз «Транспаренси Интернешнл» аттуу эл аралык абройлуу уюмдун Коррупцияны кабыл алуу индексине таянабыз. Ал тизмедеги 180 өлкөнүн арасында Кыргызстан 141-орунда турат. Ал жерде жарандык коомдун мамлекеттик иштерге таасир этүү мүмкүнчүлүгү, маалымат алуу эркиндиги, өкмөттүк мекемелердин отчеттуулугу, ишмердигинин ачык- айкындуулугу, калк арасында уюшулган сурамжылоолордун жыйынтыктары эске алынат.

Чек арадагы соода-сатыкка келсек, Кыргызстандагы орто жана чакан бизнес өз товарларын чек арадан алып чыгып сатууда айрым жылыштар болгону менен дагы эле тоскоолдуктар көп. Өзбекстан менен соода байланыштары азырынча жалпы тышкы соодада 10% гана түзүп жатканын өтө аз деп эсептейбиз. Жакында бул багытта өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Былтыр жыл аягында Өзбекстан менен темир жол аркылуу товар ташууда айрым жеңилдиктер тууралуу келишимге кол коюлганы үмүт пайда кылды.

«Азаттык»: - Чек арадагы соода тууралуу кеп болгондо Кытайды айтпай коё албайбыз. Ошол эле маалда Кытайга төлөнчү карыздын көлөмү чоңоюп кеткени кооптуу фактор катары айтылып жүрөт. Кытайдын кыргыз экономикасындагы ролун кандай баалайсыздар?

Колоколова: - Кытай барган сайын жалпы чөлкөмдө, анын ичинде Кыргызстанда активдүү роль ойноп жатканы талашсыз. Кыргызстандын тышкы карызынын 40% ашыгы Кытайдын «Эксимбанкына» (Экспорттук-импорттук) туура келет. Насыялардын көбү жагымдуу шарттарда берилген. Келечекте Кыргызстан зарыл деп эсептесе, алынган насыяларды реструктуризациялоо мүмкүндүгү бар, «Эксимбанк» бул жагынан ийкемдүү иштейт. Кытайдан Кыргызстан өзүнө керектүү буюм-тайымдардын 30% ашыгын ташып келет. Кыргызстан экономикасын жандантканга Кытайдай килейген чоң рыноктун пайдасын көп жагынан көрсө болот.

Бишкектеги кытай мигранттарына каршы митинг.
Бишкектеги кытай мигранттарына каршы митинг.

«Азаттык»: - Айрым учурларда «Кытай өнүгүп келаткан өлкөлөргө чоң суммада карыздарды берип, кийин ал мамлекеттердин табигый ресурстарын алып, саясий таасирин арттырышы мүмкүн» дегендер бар эмеспи. Кыргызстан үчүн бул канчалык реалдуу коркунуч?

Колоколова: - Карыз алууда, соода жүргүзүүдө бир багытка ашыкча басым жасалганы ар дайым кооптуу жагдайларды жаратат. Бирок Кытайдын «Бир жол, бир алкак» аттуу дымактуу долбоорундагы келишимдерди изилдеп көргөнбүз. Кыргызстандын эгемендигине коркунуч келтирчү келишимдер жок. Ал жерде «карыз убагында кайтарылбай калса табигый кендер же башка ресурстар берилиши керек» деген сөздөр жок. Кыргызстан коңшусу менен көп жагынан пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрсө болот.

«Азаттык»: - Эми алдыдагы жыл кандай болчудай? Кыргыз экономикасынын насыя рейтингин, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртыш үчүн эмне кылуу керек?

Колоколова: - Биздикиндей рейтинг ыйгарган уюмдар божомол жасоодон карманабыз. Ошентсе да, насыя рейтингин жогорулатыш үчүн соода балансын жакшыртуу, Кыргызстан үчүн импортту азайтып, экспортту көбөйтүү, бир нече багытта гана иштебей, соода өнөктөштөрүн көбөйтүү, тышкы карыздын жүгүн азайтуу, бюджеттик дефицитти төмөндөтүү, жок дегенде пландалган деңгээлдегиден жогорулатпаш үчүн бюджеттик тартипти сактоо керек экенин айта алабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.​

     

Пикирлерди көрүңүз (19)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG