Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Доллар дагы кымбаттайбы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармаш үчүн акыркы беш жылда бир миллиарддан ашык АКШ долларын сатыкка чыгарды. Мекеме андан бери кайра ошол сумманын төрттөн бирин гана чогултууга жетишти.

Каржыны жөнгө салуучу орган бул чараны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпаттоодо. Бирок эксперттер бул аракеттерди сомдун наркын жасалма түрдө кармоо катары баалап, анын арты оор болоорун эскертип жатышат.

Катар-катар жасалган интервенциялар

Улуттук банк валюта рыногундагы 2019-жылкы эсебин ачып, ушул күндөрү 18,8 миллион доллар сатты. Жыл башталбай жатып америкалык валютаны сатыкка чыгаруу аракетин бул мекеме адаттагыдай эле суроо-талап менен түшүндүрдү. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева мындай дейт:

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

- Биздин өлкөбүздө сомдун өзгөрүлмө алмашуу курс саясаты жүргүзгөндүктөн, сомдун курсу ички валюта рыногундагы суроо-талапка жана сунушка жараша өзгөрүп турат. Улуттук банк сомдун курсунун кескин өгөрүшүн, башкача айтканда кескин төмөндөп же кескин өсүшүн жумшартуу максатында, керектүү учурларда валюталык интервенцияларын (АКШ долларын сатып алуу же сатуу операциясы) өткөрүшү мүмкүн. Эгерде валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап сунушка караганда кыйла көбүрөөк болсо, анда Улуттук банк тиешелүү жараянды жумшартуу максатында валютаны сатуу интервенциясын ишке ашырат. Бирок Улуттук банк муну менен курсту көтөрүүнү, төмөндөтүүнү же кармап калууну көздөбөйт. Улуттук банктын максаты - бул курстун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу гана, анткени кескин өзгөрүүлөрдү жумшартканыбыз экономикабызды туруктуу сактаганга жол берет. Ушундай аракеттерибиздин натыйжасында былтыр АКШ валютасы болгону 1,5 пайызга гана өстү.

Карабаеванын айтымында, 2018-жылы жалпы 11 интервенция жасалса, анын тогузунда америкалык валюта сатыкка коюлган. Ал эми 2017-жылы 21 интервенция болсо, 16сында доллар рынокко чыгарылган.

- 2017-жылды алып карасак, бул жылы 107 миллион 150 миң доллар сатылган, сатып алуу 34 миллион 460 миң долларды түзгөн. 2018-жылкы операцияларда 154 миллион 550 миң доллар сатыкка коюлуп, 20 миллион 550 миң доллар сатып алынган. Эки жылда жалпысынан 261 миң 700 миң доллар сатуу боюнча, 55 миллион 10 миң доллар сатып алуу боюнча валюталык интервенциялар жүргүзүлдү, - деди Аида Карабаева.

Ошентип Улуттук банк акыркы эки жылда негизинен долларды сатыкка чыгарганын билдирүүдө. Бирок мурдагы жылдары деле абал ушуга окшош эле, ал тургай көрсөткүчтөр мындан да көп болчу.

Маселен, 2014-жылы 531 миллион 883 миң (сатып алуу 20 миллион 450 миң), 2015-жылы 330 миллион 760 миң (сатып алуу 43 миллион 950 миң), 2016-жылы 149 миллион 640 миң (сатып алуу 191 миллион 870 миң) доллар сатылган. Бул жылдары дүйнөлүк каржы кризисине байланыштуу доллардын наркы кескин көтөрүлүп, Улуттук банк өз операцияларын ошонун алдын алуу аракети менен түшүндүргөн эле. Ага карабай доллардын наркы 50 сомдон 80 сомго чукулдап барып кайткан. Кайра-кайра жүргүзүлгөн интервенциялардан кийин береги чет элдик валюта 68 менен 70тин тегерегинде кармалып келди.

2015-жылдардагы курс.
2015-жылдардагы курс.

Эгер ошол үч жылга акыркы эки жылды кошуп эсептесек, (2019-жылды кошпогондо) Улуттук банк беш жылда жалпысынан 1 млрд. 273 миллион 983 миң доллар сатыптыр. Мекеме кайра бул сумманын 331 миллион 280 миң долларын гана сатып ала алган.

Ушунча ресурс менен долларды туруктуу кармап туруу өзүн актадыбы? Эксперттер буга түрдүүчө жооп беришет. Маселен, экономист Мейманбек Абдылдаев бул чараларды беш жылдан бери эле «убактылуу сооротуу» ыкмасы катары түшүндүрүп келатат.

- Бул аргасыздан болуп жаткан саясат, - дейт ал. - Өкмөттүн өнүктүрүү саясаты, акча-насыя саясаты жок, инвестиция салып, өндүрүштү өнүктүрө албай жатат. Ички жана тышкы сооданын айырмасы 2,5 миллиард болуп жатат. Ошондуктан булар доллардын көтөрүлүп кетпеши үчүн ушундай интервенцияларды жүргүзүп турууга аргасыз болушууда. Антпесе курс көтөрүлүп, инфляция болуп, баалар өсүп кетет. Анда социалдык жарылуу, нааразылык болот. Мындан өкмөт коркот. Бюджетте дефицит болуп жаткандыгы, сырттан келген насыялардын көптүгү да интервенцияны башка системага алмаштырууга тоскоол болууда. Анткени насыялар доллар менен келген, доллар кымбаттап кетсе өкмөткө аны төлөө өтө кыйын болот. Башкача айтканда өкмөттүн колу эл аралык насыялар менен байланып калган. Андай абалдан чыгыш үчүн элге насыяларды акча формасында эмес, техника же өндүрүш формасында бериш керек болчу.

Доллар дагы кымбаттайбы?

Серепчи Мейманбек Абдылдаев - 2014-15-жылдардагы кризис учурунда «доллардын наркы 95-100 сомго чейин көтөрүлөт» деген божомол жасагандардын бири. Ал дагы эле ушундай позицияда. Абдылдаев сомдун кунун жоготушунан коркпой, аны эркин кое бериш керек деп эсептейт.

- Доллардын кымбаттоосуна ички инвесторлор, олигархтар, бизнесмендер, ошол эле Жогорку Кеңеште олтурган байлар да каршы болуп жатат, - деп түшүндүрдү ал. - Анткени доллар кымбаттап кетсе алардын мүлкү баасын жоготуп коет. Бирок алардын аракетине жана өкмөттүн аргасыз саясатына карабай жылма девальвация улана берет. Кезинде бир доллар 20, 40, 50 сом болгон. Ошентип жатып азыр мына 70ке жетти. Бул деле Улуттук банктын интервенциялары менен араң-араң эле кармалып турат. Болбосо доллардын реалдуу наркы 120-130 сомго барышы керек эле. Эгер өкмөттүн саясий эрки жана планы болсо ошол эле интервенцияларга салган 1 млрд. доллардын тегерегиндеги каражатты инвестицияга, бизнеске салып коюш керек эле. Сомдун куну кетип, доллар кымбаттаганы менен ушул каражат өндүрүштө тегеренип, кайра бюджетке салым болмок. Же доллардын кымбатташынан жабыр тарткандардын маянасына, пенсиясына, жөлөкпулуна компенсация катары кошуп берип, кырдаалдан чыгыш керек болчу. Тилекке каршы азыркы бийликтегидей типтеги адамдар кызматта турганда ушул эле интервенциялык саясат улана берет. Анан өкмөткө керек болгон учурда девальвация жасап жиберишет. Мурдагы девальвациялар да ошондой жасалган, өкмөт кармап-кармап туруп, долларды бир кымбаттатып жиберген. Ошондуктан ага эл, коомчулук даяр болушу зарыл.

Каржы, банк жана насыя маселелери боюнча эксперт Кубан Чороев да кеп болуп жаткан каржы саясатына байланыштуу келерки жылдары Кыргызстанда чоң каржылык кризис болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Ал ошол себептүү сом менен доллардын курсун бир суммага теңдеп, бекитип койгон системаны сунуш кылып жүрөт.

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

- Кыргызстанга 1995-жылы валюталык система киргизишкенде эле туура эмес режим кабыл алынып калган, - деп сөз баштады ал. - Азыркы система бизге ылайыктуу эмес экенин дүйнөдөгү эң абройлуу экономисттердин айтып, жазгандарынан билсек болот. Алардын ичинде Стенли Фишер, Стив Ханке, Гильермо Кальве деген окумуштуулар да «бул бизге окшогон импорту экспортунан көп өлкөлөргө туура келбейт» деп аныктама беришкен. Биздин импортубуз менен экспортубуз ички дүң өнүмүбүздү түзгөндүктөн, Кыргызстандын экономикасы тышкы секторлорго дээрлик толук көз каранды. Ошондуктан биздин «башкарылуучу режим» деп аталган режимибиз дүйнөдөгү төрт-беш жылда бир кайталанып туруучу (айлампалуу) кризистерге туруштук бере албайт. Башкача айтканда дүйнөдө кризис болсо, бизде да кризис боло берет. 2014-жылы биздин экономика бүгүнкү күндөгү деңгээлден да бийигирээк болчу, бирок ошондогу валюталык кризистердин айынан беш жыл артка кеткенбиз. Эксперттер 2018-2019-жылы да дүйнөдө ушундай чоң кризистер болорун эсептеп чыгышкан, азыркы интервенция системасы менен биз ошол кризистерге кайра туш келебиз. Анткени бул система акча тартыштыгын жаратып, пайыздардын көтөрүлүшүнө алып келет. Ошондуктан биз кескин түрдө азыркы валюталык режимди өзгөртүшүбүз керек. Мен сунуш кылган режим - фиксация режими, анда доллар менен сомду бир курска гана байлап коет. Кандай жагдай болбосун эч ким андан кымбат же арзан сата албайт. Мен бул боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги экономист Стив Ханке менен чогуу иштеп чыккан сунушумду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жибергем, бирок анын администрациясы караган эмес. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековго да жөнөттүм, бирок азырынча жооп келе элек.

Чороевдун айтымында, ал сунуш кылып жаткан валюталык режимдер мурдараак шарты Кыргызстанга окшош болгон Балтика өлкөлөрүндө, араб мамлекеттеринде ишке киргизилген. Анын маалыматы боюнча, маселен, ошондой системаны кабыл алган Бириккен Араб Эмираттарында 1971-жылы бир доллар 3,65 дирхам болсо, азыр деле куду ошол курс өзгөрүүсүз турат.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Улуттук банкы интервенцияларды эл аралык резервдер фондунун эсебинен жүргүзөт. Анын көлөмү 2018-жылдын аягына карата 21,0 млн. долларга (1,0 пайызга) төмөндөп, 2 млрд. 155,5 млн. долларды түзүп калган.

Улуттук банк мунун азайышы ички рынокто жүргүзгөн валюталык операциялары, республиканын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөө, эл аралык фондунун курамына кирген валюталардын курсунун өзгөрүшү, баалуу металлдардын бааларынын өзгөрүшү, ички рынокто алтынды сатып алуу боюнча операциялар, өкмөттүн жана Улуттук банктын пайдасына түшкөн валюталык каражаттар менен байланыштуу экенин билдирет.

2019-жылдын башынан тартып эл аралык резервдер фонду кайра өсүп, 2 158,7 млн. долларды түзүп калды.

Улуттук банктын расмий сайтында жазылгандай, ушул тапта бир АКШ доллары 69 сом 77 тыйынга барабар. Банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда мындан айырма болушу мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG