Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Кыргызстанда негизги чет элдик валюталар кымбаттоодо


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда чет элдик валюталар кымбаттоодо. Улуттук банктын расмий сайтындагы билдирүүгө караганда, 19-сентябрда
бир АКШ доллары 69 сом 40 тыйындын тегерегинде бааланууда. Бир күн мурда сегиз тыйынга арзан болчу. Доллардын курсу 0,11 пайызга өстү.

Ал эми 1 евро 81 сом 11 тыйынга бааланып, 0,40 пайызга кымбаттады.

Бир Орусия рубли 1 сом 2 тыйындын тегерегинде. Бул 0,77 пайызга өскөнүн билдирет.

Улуттук банк августта валюта базарына интервенция жасап, 19 миллион 50 миң сомду сатыкка чыгарганын билдирген.

Кыргызстанда өткөн айдан тарта доллар кымбаттай баштаган. Улуттук банк АКШнын Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизгени жана дүйнөлүк базардагы мунай баасынын төмөндөшү буга себеп болуп жатканын билдирген.

Башкы банк Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин айтып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG