Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Аттокуров: Суроо-талап доллардын баасын көтөрдү


Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

Кыргызстанда доллар кымбаттады. Улуттук банк соңку аптада жалпысынан 25 миллион доллар сатыкка чыгарып, үч жолу интервенция жасады. "Азаттык" бул темада серепчи Азамат Аттокуров менен маектешти.

“Азаттык”: Азамат мырза, доллар соңку бир айдан бери кымбаттай баштаганына эмне себеп?

Аттокуров: Доллар - кадимки товар. Товарга суроо-талап чоң болгондо анын наркы өсөт. Импорттук-экспорттук операциялар да себеп болушу мүмкүн. Чет өлкөдөн бул жакка товар сатып алып келгенге доллар керек.

Экинчиден, бизде шайлоо болуп өттү. Шайлоо учурунда той-тамашалар, жарнама аркылуу миллиарддаган сом кирди. Ошондой эле элге акча таратылды. Демек, элдин колунда сом көбөйүп, адамдар аны сатып ала башташты. Анын арасында импорт аркылуу келген чийки зат, темир, жыгачты да. Же болбосо алар акчасын долларга алмаштырууда. Ошондуктан бул күтүлгөн көрүнүш. Байкасаңар, шайлоонун алдында доллардын куну бир аз түшкөн, себеби шайлоону өткөрүш үчүн көп доллар келген. Эми кайра кымбаттап жатат.

“Азаттык”: Муну кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштырса болобу?

Аттокуров: Ооба, анткени экспорт болгондо Кыргызстанга доллар келет. Ал эми бизде экспорт кескин түрдө азайып кетти. Азыркы чек ара проблемасынан биз 200 млн. доллар акча жоготтук.

“Азаттык”: Мунайдын дүйнөлүк баасына карата өзгөрүүлөрчү?

Аттокуров: Бизге анчалык түз таасир этпейт. Себеби биз мунай боюнча Орусиядан жана Казакстандан көз карандыбыз. Бул эки өлкө дүйнөдө мунайдын баасы түшсө кескин арзандатып салышпайт. Биздин байкашыбызча, мунай арзандаганда Кыргызстанда бензин менен кара майдын наркы түшкөн жок.

“Азаттык”: Доллардын кымбатташына дагы эмнелер себеп болушу мүмкүн?

Аттокуров: Негизги себеп ошол. Экспорт кескин түрдө токтоп, доллар кирбей калды. Экинчиден, шайлоодо коротулган акчага эл өзүнө керектүү нерселерди сатып алууда.

“Азаттык”: АКШ акчасынын баасы бизде дагы канчага жетиши ыктымал? Айрым талдоочулар 75 сомго чыгат деген ойдо.

Аттокуров: Эгерде экспорт жок болсо, азыркыдай абал улана берсе, чек ара ачылбаса, доллар дагы кымбаттайт. Анткени доллар кирбей калат, ал эми ага суроо-талап чоң.

Импортту көздөй ооп калабыз. Мисалы, азыр бизде 90% импорт, 10% экспорт түзөт.

Доллардын наркы канчага жетээрин айтыш кыйын. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле оңолсо, экспорт кайра жакшырып, доллардын өсүшү токтоп калат.

Бишкек.
Бишкек.

“Азаттык”: Соңку апта ичинде Улуттук банк үч жолу интервенция жасады. Мындай чара канчалык таасирдүү?

Аттокуров: Улуттук банктын бул боюнча эки куралы бар. Биринчиси – валюталык интервенциялар. Алар бир аз сактап турат, валютанын кескин түрдө кымбаттап кетишине жол бербейт. Бирок доллар баары бир кымбаттайт, бул мыйзам ченемдүү нерсе.

Экинчиси – Улуттук банк, рефинансылоо ставкасы деп коет, ошол үстөк пайызды жогорулатып салат. Мисалы, азыр сомду банктарга 6 пайыздан берсе, аны 10-12 пайызга чейин жогорулатып коет. Ошондо банктар Улуттук банктан сомду азыраак ала башташат. Ал эми сомдун аздыгы анын наркын жогорулатат.

Негизи мен Улуттук банктын интервенция кылышына каршымын. Себеби доллардын өсүшү – бул табигый көрүнүш. Демек, бизде экономикада структуралык проблема болуп жатат. Мунун баары экспорттун жоктугунан улам болууда. Долларды сатып, баасын ооздуктай берүү – бул убактылуу чара. Андан көрө биз өндүрүштү, экспортту түптөөгө аракет кылганыбыз туура.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG