Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Валюта базарындагы чайпалган баа


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын Улуттук банкы акыркы айда валюта рыногуна доллар сатуу боюнча сегизинчи жолу интервенция жасады.

Кыргыз сомунун долларга болгон курсунун жогорулашынын себептери кайсы, ички рыноктогу сезондуу соода-сатыктын таасириби же чек аралардагы кырдаалдар кедергисин тийгизип жатабы, инфляцияны ооздуктаганга болобу, доллардын баасы дагы канчага көтөрүлүшү мүмкүн?

“Арай көз чарай” берүүбүзгө Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева жана Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Жаныбек Оморов катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, Кыргызстандын ички валюта рыногунда бүгүнкү абалды кандай мүнөздөсөк болот?

Түркияга мүшөктөп акча ташуу мүшкүлү

Түркияга мүшөктөп акча ташуу мүшкүлү

"Ататүрк" аэропортунда 9,5 миллион доллар менен кармалгандардын аты-жөнү белгилүү болду.

Аида Карабаева: Биринчиден, 1993-жылы улуттук валюта-сомду рынокко киргизгенде акчанын курсунун өзгөрүлмө саясатын тандап алганбыз.

Ошол убактан бери доллардын курсу рыноктогу суроо-талапка жараша өзгөрүлүп келатат. Айрым учурларда доллардын курсу ички жана сырткы факторлорго жараша да белгиленет. Ушул негизден алып айтсак, учурдагы валюта рыногундагы абал туруктуу. 2017-жылдын башынан бери алганда АКШ долларына болгон сомдун курсу 0,7 пайызга гана жогорулады, б.а. 69 сом 23 тыйындан 69 сом 71 тыйынга чейин көтөрүлдү.

Валюта рыногун жөнгө салуунун, турукташтыруунун бир нече ыкмалары бар, аларга интервенция да кирет. Жыл башынан бери сатып алуу жана сатуу боюнча интервенциялар жүрдү, таза сатып алууга 43 миллион доллардан ашуун акча жумшалды.

Салыштырмалуу айтсак, 2016-жылы доллардын курсу 8,8 пайызга чейин түшүп кеткен, жыл башында бир доллар 76 сомго жетип калган болсо, жыл аягында 69 сомго чейин түшкөн. Ал учурда дагы бир топ интервенцияларды жасаганбыз, ал сомду турукташтырууга өбөлгө түзгөн. Акыркы убакта биз жасаган интервенциялар өз жемишин берип жатат. Айдын башында бир доллар 69 сом 90 тыйынга чейин чыгып кетсе, азыр 69 сом 70 тыйындын тегерегинде болду.

Жаныбек Оморов: Акчанын курсу эмнеден көз каранды, ошону айтсак. Мында экономикалык мыйзамдарды эске алуу керек. Кыргызстанда долларды сатам же сатып алам десең эркин, эч ким сени зордой албайт. Бардык маселе акчага болгон суроо-талапта.

Долларды сырттан өндүргөндөр сатат, анан сырттан товар алып келем дегендер сатып алат. Ошол суроо-талап курсту аныктайт. Улуттук банктын ролу бул жерде жөндөп туруу, негизги фактор - экономиканын өсүү темпи - көп нерсени аныктайт. Ошого жараша сомдун курсу өйдө-ылдый боло берет.

Кыргызстандын азыркы валюта рыногундагы абалга кайрылсак, бул жерде сезондук фактор бар. Мисалы, майрамдар болуп жатат, жаңы жыл келатат, эл соода-сатыкты көп кыла баштаганда деле сомдун курсуна таасир этет. Болбосо жыл башында ишкерлер өлкөгө көп товарларды киргизсе да өзгөрүү болушу ыктымал.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, чет өлкөлөрдөгү кыргыз мигранттарынын которгон акчасы сомдун долларга карата курсуна таасир этеби? Дегеле өлкөнүн акча-насыя саясатына кандай пайдасы тийип жатат?

Мигранттын акчасынын изи кайда?

Мигранттын акчасынын изи кайда?

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсебинде, Орусиядагы мигранттар салган акча кескин азайды. Өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу быйыл январдан майга чейин мигранттар которгон акча 37% кыскарган.

Жаныбек Оморов: Албетте, таасир тийгизет. Бул жерде да маселе суроо-талапка жараша болот. Сырттагы мигранттар ошол долларды сунуштоочуларга кирет. Алар жиберип жаткан көп суммадагы акча абдан чоң таасир этет. Акыркы жылдары мигранттардан келген акча эки миллиард доллардын тегерегинде болуп жатат.

Кыргызстан - экспортко караганда импортту көп пайдаланган өлкө, биз валютаны сарптаганга караганда азыраак табабыз. Дагы бир фактор – бул инфляция, акыркы убакта долларды турукташтырууга АКШ өзү да аракет кылууда, "эки пайыздан ары жогорулатпайбыз" деп жатышат.

“Азаттык”: Аида айым, акыркы эки айда казак-кыргыз чек арасындагы абал Кыргызстандын тышкы экономикалык байланышына кедергисин тийгизди окшойт, бул валюта рыногундагы кырдаалга канчалык таасир тийгизет?

Аида Карабаева: Чек арадагы абал валюта рыногуна таасирин тийгизбейт дегенден алыспыз. Азыр бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлгөн, чыгымдарды эсептеп жатат. Өкмөт да айтып жатат, эң пессимисттик жол менен айтканда, өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн жалпы көлөмү 0,3 пайызга азайышы мүмкүн. Ал комиссия ишин жыйынтыктаганда тагыраак маалыматты айта алабыз.

Жаныбек Оморов: Кыргыз-казак чек арасындагы абал валюта рыногуна түздөн түз таасир этет. Долларды тапкан механизмдерге көп тоскоолдуктар болууда. Товарлар чек арадан өтпөй, которулган канча акча кечигип же токтоп жатпайбы. Мурдагы баланс боюнча канча ишкерлер бизге канчалаган доллар которушмак да...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Доллар эмне үчүн кымбаттап жатат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:28 0:00
Түз линк

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG