Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Түркия: инфляция мигрант айлыгын азайтты


Түрк лирасы
Түрк лирасы

Түркияда 2017-жылы доллардын курсу 20 пайызга кымбаттады. Серепчилердин айтымында, бул өсүш жыл аягына чейин уланат. Өлкөдө доллардын акыркы бир жылда кескин өсүшү лира менен маяна алган мигранттарга залакасын келтирип жатат.

47 жаштагы Дарика төрт жылдан бери Анкара шаарында оорукчан аялды багат. Кожоюндары менен 600 доллар айлыкка макулдашып ишке кирген.

Дарика Түркияда доллар баасы кескин көтөрүлүп кеткенден бери кыргызстандык мигранттар кыйналып жатканын айтты:

"Бизде 600 доллар алып иштеп жүргөн кыздардын айлыгын 500 долларга түшүрдү деп угуп жатабыз".

- 600 доллар алып иштеп жүргөн кыздардын айлыгын 500 долларга түшүрдү деп угуп жатабыз. Былтыр доллар кымбаттаганда дагы лира менен маяна алгандардын айлыгын көбөйтпөй коюшкан. Менин жээнимдин айлыгын кожоюндары "доллар кымбаттады" деп көбөйтпөй коюшту. Мурун анын 2000 лирасы 600 доллардан ашык болсо, азыр 500 долларга да жетпей калды.

Түркиядагы туруксуз экономикалык жагдай айрыкча жаңы келип жаткан мигранттарга таасир этет. Анткени иш бергендер өлкөдөгү инфляцияга жараша мигранттарды төмөн айлык акы менен иштетүүнү каалайт. Маектешим Дарика жаңыдан ишке келгендерге мындайча кеңеш берди:

- 1500 лира алып иштегенден дагы, азыр мигранттарга виза жасатпай мийзамсыз иштеткендер көбөйдү. Ал 1500 лира 300 доллардан бир аз эле жогору болуп жатпайбы. Ал акчаны Кыргызстанда деле жакшы иштесе тапса болот деп ойлойм. Айлык аз, жумуш көп.

Түркиянын Миграция департаментинде 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Аялдар тейлөө тармагында жана үй кызматтарында иштесе, эркектердин дээрлик баары кара жумуштарда эмгектенет. Алар ай сайын алган маяналарын долларга которуп, Кыргызстанга салат.

Стамбул шаарындагы акча которуу фирмасында иштеген кыргызстандык Жакшылык доллардын курсунун көтөрүлүшү кыргызстандык эмгек мигранттарынын ишин солгундатарын белгиледи:

"Биздин мигранттар же Кыргызстанда калышат же Казакстанга, Орусияга бет алышат деп ойлойм".

- Менимче доллардын кымбатташы Түркияга келген мигранттарды азайтат. Биздин мигранттар же Кыргызстанда калат же Казакстанга, Орусияга бет алат деп ойлойм. Анткени айлык азыр Түркияда деле азайып калды. Былтыркыга караганда айлык 100 доллардай азайды. 500 доллардан 400 долларга түштү десек болот.

Стамбул шаарындагы Кадир Хас университетинин экономика боюнча профессору Синан Алчын чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын туруксуз, аз эмгек акысынын көрсөткүчтөрүн талдап чыккан. Анын баамында, өлкөдөгү экономикалык жагдай туруктуу эмес.

"Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан келген эмгек мигранттары экономикалык оор абалга түшүп калышы мүмкүн".

- Бир жыл ичинде доллардын курсу 20 пайызга өстү. Бул көрсөткүч жогоруласа, чет өлкөдөн Түркияга иштегени келген мигранттар азаят. Өзгөчө Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан келген эмгек мигранттары экономикалык жактан оор абалга түшүп калышы мүмкүн. Мисалы, 2017-жылы түрк лирасы АКШ долларына карата дүйнөдө эң көп наркын жоготкон акча болду. Мындан кийин Түркияда доллардын курсу кескин көтөрүлбөйт деп болжолдоп турабыз. Бирок жаңы жылда бир доллар төрт лира болушу ыктымал. Бул көрүнүш Түркиядагы эмгек мигранттары которгон акчаны азайтат, - деди Синан Алчын.

Түркияда минималдуу эмгек акы 1400 лираны түзөт. Ал эми кыргызстандык эмгек мигранттарынын орточо айлыгы 1500 лира, башкача айтканда 350 доллар. Кыргызстанга 2017-жылдын башынан бери чет жактагы мигранттар которгон акча 605 миллион долларды түзгөн. Бирок Түркиядагы мигранттардан мыйзамдуу түрдө канча сумма келгени белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG