Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:49

"Кэшбери" мигранттарды сызга отургузду


Сүрөттүн макалага тиешеси жок. (Чынара Борколдоеванын фотосу).

Москвада жүздөгөн мигранттын "Кэшбери" платформасына салган акчасы күйүп кетти.

Ноябрда Орусияда «Кэшбери» интернет-платформасы «масштабдуу финансылык пирамида» катары айыпталып, өлкөдөгү ишин токтотту.

«Кэшбери» платформасы Орусияда 2016-жылдан бери иштеп жатат. Анын курамына чакан насыялык «Варшава», ООО «Кэшбери», англиялык «Cashbery Limited» компаниялары киргени айтылып жүрөт.

«Кэшбери» аманатчылардын эсебинен чакан ишкердикке насыя бере турган платформа катары мүнөздөлүп келген. Аманатчыларга 600% чейин үстөк акча убада кылып, кызыктырып тарткан.

Сентябрда Борбордук банк «Кэшберини» каржылык алдамчылык боюнча айыптап, Башкы прокуратура менен ИИМге кайрылган. Ушундан кийин компанияда текшерүүлөр башталган. Борбордук банктын эсеби боюнча «Кешбериге» түмөндөгөн адамдар үч миллиард рублга чейин каражат салган.

Азыркы кезде «Кэшбериге» Орусияда иштеген 300-400дөй кыргызстандык мигрант 15-20 миңден 1 миллион рублга чейин акча салып алданганы айтылып келет.

«Салымды бир жылда алты эсе көбөйтүп берет» делген «сыйкырдуу Кэшбериге» кыргызстандык мигранттар 2017-жылы тартыла баштаган. Тааныш-тууган, жердештер бири-бирин чакырып, шектүү торго тез арада эле бир топ мекендеш чалынган. Мисалы, Гүлмираны ага курбусу жетелеп барган экен.

- Мени курбу кызым алып барган, - деди ал. - 105 миң рубль салгам. 32 миңин эле алгам. Башында барганда: «Жабылып калбайбы?» деп сурагам. «Жок, бул дүйнөлүк компания, Дубайда да бар» деген. Эми эмне кылмак элем? Жалгыз колуман эч нерсе келбейт.

«Кэшбери» текшерүүлөр күчөп турганда тыныгуу алып, 11-октябрда акча төлөмдөрүн убактылуу токтотуп жатканын билдирген. Ошондо да ортомчулардын тилине кирип, акча сала бергендер болгон. Алардын бири Мира бир миллионго күйүп отурганын айтты:

- Жети жылдан бери тааныш эжеден кокусунан угуп калдым. 200 миң салып, 400 күндүн ичинде 2 миң рублдан алаарын айтып, кызыктырып калды. Мен дароо макул болгонум жок. Бир айдан кийин Семеновский метросундагы бизнес-борбордун кеңсесине бардык. Ал жерде лидерлердеп айтылган аялдар отуруптур. Мага "ВТБ-24 банкынын холдинги" деп түшүндүрүштү. Анан ал жактан 50 миң рубль салдым. Күнүнө 400 рублдан түшө баштады. Дагы эки айдан кийин салган акчабыз 1 миллион рублдан ашып кетти. Сентябрда жаман кабарларды уга баштадык. Ошондо дагы бизди алдап, дагы 300 миң салдык. "Акчаны эми чыгаралы" деп турганда баары жабылып калды. Күйүп кеттик.

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Жумуштун табылышына жараша кең Москвада көчүп-конуп жашаган мигранттар үчүн эң көйгөйлүү нерсе – батир маселеси.

«Кэшбериге» айрым мигранттар айлап-жылдап топтогон акчасын салса, айрымдары үйүн, автоунаасын сатып, орусиялык банктардан насыя алган. Москвада дүкөндө сатуучу болуп иштеген Алтынай да банктан насыя алып салган. Бирок бир да тыйынын кайтара албай калган.

- Мен бир сом да алган жокмун, - дейт ал. - Гүлжан деген кыз мени алдап алып барган. Менин акыбалымды көрүп туруп алып барды. Күйөөм жок, балам менен зорго жашап жүрөм. Барганда башымды айлантып салышты. Анан 560 миң рубль насыя алып салып жатпаймбы. Мага "айына 150 миң рублдан чыгат" деген да. Кийин каратып көрсөм, 230 миң эле салган экенмин. Айына 18-19 миң рублдан банкка насыя төлөп жатам, азыр. Эми батирди төлөймүнбү же баламды багамынбы?! Насыяны беш жылга алгам. Ал кыз ортодо аппак болуп чыгып кетти. «Мени да алып келишкен» дейт.

«Кэшбериде» алдангандар Москвада кыргызстандыктарды кызуу үгүттөп, чакырган топ болгонун айтышууда. Алардын башында Жаңылай, Турдугүл, Максатай деген аялдардын аттары аталууда.

Москвада батир сатып алууга топтоп жүргөн акчасын «Кэшбериге» салып койгон Мирзат бул адамдар дагы эле кыргызстандыктарды башка платформага акча салууга үгүттөп жатканын билдирди:

- Ошол «Кэшберинин» бир кеңсесин алып, кыргыз эжелер өздөрү отурушат. Эркектер деле бар. Сурап баргандарды эми башка жакка акча салууга көндүрүп жатышат. Бир заматта акчасынан айрылып, психологиялык, моралдык, материалдык жактан адамдардын абалын колдонуп, дагы эле баштарын айлантышууда.

Айрым маалыматтар боюнча «Кэшбериге» акча салган кыргызстандык жарандардын чоң топтору Новосибирск менен Бишкекте да бар.

Учурда Орусиянын расмий органдары «Кэшбери» платформасынын кийинки тагдыры тууралуу кошумча маалымат бере элек. Негиздөөчүсү Артур Варданян Орусиядан тышкары жүргөнү айрым булактарда кабарланды. Ал эми каржы платформасынын аманатчыларына акча кайтаруу жөнүндө маалымат жок.

«Кэшберинин» негиздөөчүсү Артур Варданян 1-ноябрда “Ютубдан” видеокайрылуу жасап, «Кэшберинин» иши жаңы платформада улантыларын билдирген. Ал аманатчылардын акчасы "CashberyCoin" криптовалютасы менен төлөнөрүн айткан. Ошондой эле сайттарга паспорт көчүрмөсүн, сүрөттөрүн жүктөп, тактоодон, тагыраак айтканда, верификациядан өткөндөргө салымдары 1-декабрда кайтарылары айтылган.

Январь айынан бери «Кэшбериде» акча жүгүртүп иштеген Замир - азыр ошол убадага ишенип отургандардын бири.

- 500 миң рублдай акча салып, алты-жети айда 800 миң рублдай киреше алдым, - дейт ал. - Бирок, дагы 100 миңдей акча калып кетти. Мен 9-деңгээлге жетип, менежер болоюн деп калгам. Иш ийгиликтүү жүрүп жатканынан тааныш-туугандарды чакырып койгом. Кырктай адам топтогом. Алардын 4 миллиондой акчасы калып кетти. Алар жаңы салганда эле токтоп калды. Эми бардыгына "1-декабрда кайтарат" деп түшүндүрүп жатам. Ортодо мен кыжаалат болдум. Мен акчасын алып иштетип алгандай карап жатышат.

12-ноябрда Ростов-на-Донудагы Первомайский соту кэшбери.рф жана cashbery.com сайттарын жапты. «Кэшбери» юридикалык түрдө Ростов-на-Донуда Роман Алексеев деген адамга катталган экен. Сайттардын жабылышы менен «Кэшберинин» негиздөөчүсү Артур Варданяндын “1-декабрда сайттарда верификациядан өткөндөргө салымдары кайтарылат” деген убадасы аткарылбай калары айтылды.

Ал эми «Кэшбериде» алдангандар сот аркылуу жабырлануучу катары аныкталып, «Кэшбери» өзү Орусияда финансылык пирамида катары тыюу салынган компаниялардын тизмесине алынгандан кийин гана Орусиядагы Инвесторлор менен аманатчылардын укугун коргогон фонддон 25 миң рубль кенемте алууга мүмкүн болору айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG