Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Орусияда эң чоң "каржы пирамидасын" түзгөн Сергей Мавроди көз жумду


Cерегй Мавроди абактан чыккандан кийин, 22.05.2007
Cерегй Мавроди абактан чыккандан кийин, 22.05.2007

«МММ» акционердик коомунун түптөөчүсү, 63 жаштагы Сергей Мавроди жүрөгү кармап Москвада каза тапканын орусиялык маалымат каражаттары кабарлашты.

Мавроди Орусияда «каржы пирамидаларынын» эң чоңун түзгөн жана андан 10 миллиондой киши жабыркаган.

1990-жылдардын ортосунда ишкер Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, 1996-жылкы шайлоонун алдында мандатынан ажыратылып, “МММ” менен көз боёмочулук кылган деп, дагы башка иштерге байланыштуу айыпталган.

Мавроди 2003-жылы камалып, сот процесси төрт жылга созулган. Ал төрт жарым жылга эркинен ажыратылган. 10 миңден ашуун киши анын “каржы пирамидасынан” жабыркаганы аныкталган.

Сергей Мавроди бир нече китеп чыгарып, киного жана сериалдарга сценарий жазган. Ал ошондой эле кийин “МММ” акционердик коомунун ишин Африкада жандантып, Украинада ушундай аталышта саясий партия түзгөн. 18-мартта Орусияда өткөн президенттик шайлоого катышуу ниетин да билдирген эле.

XS
SM
MD
LG