Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Орусияда он ай ичинде эки миң кыргызстандык мигрант эмгек акысын албай калган. Жумуш берүүчүлөр төлөбөгөн маяналардын көлөмү 91 миллион рублди түзөт. Кыргызстандын миграция кызматы анын ичинен 34 миллион рублди гана өндүрүп берген.

Кыргызстандык Чаабий Мавлянтегин Москвада курулушта иштеп, эмгек акысын албай калган мигранттардын бири.

Ал ортомчулардын айынан август айында төлөнө турган 350 миң рубль эмгек акысынан куржалак калган. Курулушта баш-аягы 23 кыргызстандык иштеген. Көбүнүн эмгек келишими болгон эмес.

- Мурда бир беларус менен иштечүбүз. Ошол бизди "Арбаттагы бир имараттын сыртын оңдойсуңар" деп ишке алып барган. Ал жакта бир армян бар экен. Аны "шеф" дечүбүз. Көрсө, баары ортомчулар экен. Алгач сегиз бала барганбыз. Аванс бербей койгондо, алар кетип калды. Алардын ордуна башкаларды алып келгем, айлык кечиккенде алар да кетти. Башында «мыйзамдуу, эмгек келишими берилет» деген, кийин тынчып болуп калды. 15 күндүк ишти курулуш материалдары жетишпей жатып, үч ай жасадык. Ошентип, ишти бүтүрүп тапшырдык. Анан айлыкты сентябрда, октябрда беребиз деп жатып ушуга жеттик. Миграция кызматына барсак, «арыз жазгыла, убагы келгенде карайбыз» дешти, "эми ушунча жүрүп дагы күтөбүзбү" деп арыз калтырган жокпуз. Тигилерге байланышсак, «ана-мына» дешет. Балдардын көбү кетип калды.

Миграция кызматынын адиси Нурлан Шерипов мигранттардын арызы боюнча жумуш берүүчүлөрдөн 91 миллион рублдын 34 миллион рубли өндүрүлгөнүн билдирди. Калган арыздар боюнча Орусиянын прокуратурасына жана Эмгек инспекциясына расмий кайрылуу жасалган.

- Маяналарды кайтарып берүү боюнча 2008 жарандан арыз түшкөн. Жалпы суммасы 91 миллион 587 миң рублга барабар. Мамлекеттик миграция кызматынын жигердүү жана олуттуу аракети менен жарандарга 34 миллион 468 миң рубли кайтарылды. Калган акча боюнча материалдар, доо арыздар чогултулуп, Орусиянын укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Доорбек Абдразаков ортомчу ишканалар аркылуу ишке орношкон мигранттар эмгек акысын албай калып жатканын айтты:

- Башкы жумуш берүүчү менен эмгек келишими түзмө-түз түзүлгөн болсо, алардын айлыктарын алып берип жатабыз. Ал эми клининг жана аутсоринг деген ортомчулар болсо, аларды табуу, сүйлөшүү оор болуп жатат. Көбү бүгүн бар болсо, эртең жок. Аларга карата Орусиянын ИИМне арыз жазганбыз. Жүздөй компанияны «кара тизмеге» алдык. Кийинки жумада ушул суроо боюнча Тергөө комитетине барабыз. Ошол мигранттардын эмгегин колдонуп, акчасын жеген ишканаларга «алдамчылык» беренеси боюнча чара көрүү тууралуу сүйлөшүү болот.

Доорбек Абдразаков
Доорбек Абдразаков

Абдразаков мигранттар жумуш берүүчүлөрдөн мыйзамдуу эмгек келишимин талап кылган учурда гана мүшкүл азаярын белгиледи:

- Бизге кайрылган жарандардын 95 пайызынын эмгек келишими жок. Алардын акысын алуу кыйын болуп жатат. Органдарга кайрылуу үчүн расмий документ керек. Жок дегенде колдорунда эмгек келишими болсо, жеңилирээк болмок.

Ксения Михайличенко
Ксения Михайличенко

Социалдык жана эмгек укуктары боюнча юрист Ксения Михайличенко эмгек акыны жумуш берүүчүдөн сот аркылуу гана өндүрүп алууга болорун айтууда. Бирок соттук иштер узакка созулуп, жыйынтык чыкпай калган учурлар дагы кездешет.

- Мыйзам чегинде жана иш жүзүндө дагы эмгек айлыгын албай калган адамдарды коргогон механизмдер натыйжалуу болбой жатат. Бул орусиялыктарга да, мигранттарга да тиешелүү. Албетте мындай учурда мигранттар көбүрөөк жабыр тартат. Эмгек укуктарын коргой албаган орусиялыктар деле бар деңизчи. Айлык акы боюнча Эмгек инспекциясына арыз менен кайрылса болот. Бирок ал мыйзам чегинде эмгек акыны төлөөгө милдеттендире албайт. Бир гана сотко кайрылуу керек. Мигранттар менен эмгек келишими түзүлсө деле, кагазда алда канча аз айлык жазылган. Сотто жумуш берүүчүнү жоопко тартканда, ал ошол кагазда көрсөтүлгөн акчаны төлөп берип коет. Айта кетчү нерсе, мигранттар көбүнчө аутсоринг ишканалар аркылуу ишке орношот. Айлык боюнча иш сотко өтүп кеткенде мындай компаниялар өздөрүн банкрот деп жарыялап же дайынын билгизбей качып кеткен учурлар кездешет. Ошон үчүн мигранттар жумушка орношуп жатканда аутсорсинг компаниялар жөнүндө маалымат чогултуп, ишенимдүү жумуш берүүчүлөрдү тандашы керек. Андан тышкары эмгек келишимин сурап, эмгек шарттарын тактап алышы шарт.

Кыргызстандын Улуттук банкы сегиз айда Орусиядан 1,5 миллиард доллар которулганын маалымдады. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. Бирок бир жылда мигранттардын саны 100 миңге көбөйгөнүн эске алганда, мигранттардын которгон акчасынын көбөйүшү алардын тапкан каражаттарына эмес, сандык көрсөткүчүнө байланыштуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG