Линктер

шаршемби, 16-январь, 2019 Бишкек убактысы 10:40

Экономиканы "соода согушу" солгундатат


Нью-Йорк биржасындагы соода. 28-декабрь, 2018-жыл.

Глобалдык экономиканын жыл тогошкон мезгилдеги абалы кандай? “Соода согуштары” менен коштолгон 2018-жылдан 2019-жылга дүйнөлүк экономика кандай көрсөткүчтөр менен кирди?

Кыргызстандын башкы соода өнөктөштөрү менен кыргыз мигранттары көп жүргөн өлкөлөрдүн 2019-жылга карата экономикалык божомолу кандай? «Азаттык» радиосунун суроолоруна Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (OECD) улук экономисти Найжел Пейн (Nigel Paine) жооп берди.

«Азаттык»: Найжел мырза, сиз өкүл болгон Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна дүйнөнүн эң өнүккөн 36 өлкөсү кирет. Сиздердин уюм да Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ), Дүйнөлүк банк сыяктуу глобалдык экономиканын абалына такай байкоо жүргүзүп, баяндама чыгарып турат. Дүйнөлүк экономиканын 2018-2019-жыл тогошкон учурдагы абалына кандай баа берип жатасыздар?

Пейн: Менимче, 2018-жыл экономикада көңүл калтырган жыл болду. Ооба, 2017-жылга салыштырмалуу глобалдык өсүш оңолгондой көрүнүп жатат. Биздин (Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун) эсебибизде, 2018-жылдын жыйынтыгы менен глобалдык экономика 3,7% кеңейет. Эске сала кетсек, өсүш 2017-жылы 3,6% болгон да. Бирок 2019, 2020-жылдары биз глобалдык экономиканын өсүш ыргагы кайра басаңдайт деп күтүп жатабыз. 2018-жылы ишкерлик ишеним да бир топ солгундады. Сооданын глобалдык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы да күтүлгөндөн начар болгону турат.

Биз 2018-жылдын аягына келип байкаган бардык белгилер мен алдыда айткан ишкерлик ишеним дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө алсыраганын көргөзүүдө.

Андыктан 2019-жыл - дүйнөдө кайрадан ички дүң өнүмдүн да, сооданын да өсүшү басаңдаган мезгил болчудай.

Белгисиздик, ишкерлик ишенимдин начарлашы

«Азаттык»: Ишкерлик ишенимдин начарлашы, демек, 2018-жылдын экинчи жарымынан тартып тутанган “соода согуштарынын” айынан болдубу?

Пейн: “Соода согуштары”, менимче, ишкерлик ишенимдин төмөндөшүнө салым кошту. Мунун учурдагы башкы жүйөсү - белгисиз жагдайлардын абдан көптүгү.

2018-жылы биз күбө болгон экономикалык чаралар, “Чектөөлөр 2019-жылы дагы күчөйбү?” деген кооптонуу ишкерлик ишенимге көлөкө түшүргөн жагдайлардын бири болуп турат. 2018-жылы бир катар өнүгүп келе жаткан өлкөлөр каржылык олку-солкулукка кабылганын да көрдүк. Алардын улуттук акчасынын куну кетти. Ушундан улам, мисалы, Түркия менен Аргентинада экономика рецессияга кирип баратат.

Евобиримдикте Британиянын андан чыгышын караган Брекзит жараяны кантип турмушка ашары белгисиз бойдон турат.

Жыл бою чийкизат базарында, өзгөчө мунай базарында баалар өйдө-ылдый болуп турду. Мына ушул жагдайлардын баары биригип келип, ишкерлик ишенимге таасир этип жатат.

«Азаттык»: Найжел мырза, демек глобалдык экономикага 2008-жылдагы айтылуу кризистен кийинки жылдардагы белгисиздик кайтып келдиби?

Пейн: Бир катар мамлекеттердин экономикалык саясатына белгисиздик кайтып келгени анык. Белгисиздик ишкерлик инвестиция үчүн жаман. Мисалы, 2017-жылдын аягында дүйнөлүк экономиканын өсүшү жапырт жана кеңири кеткен эле.

Ички дүң өнүмдүн көбөйүшү 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы дээрлик бардык өлкөлөрдө жакшырган. Азыр начары да, жакшысы да бар. Экономикасы ири өлкөлөрдөгү өсүш басаңдады. Бизнес, керектөөчүлөр сак жана этият болуп турушат. Бул керектөөчүлөрдүн талабынан, инвестициянын деңгээлинен көрүнүп жатат. Демек азыр да белгисиздиктин бир нече түрү бар. Бирок биз глобалдык өсүштө кеңири масштабдагы рецессияны күткөн жокпуз. Ооба, экономикалык абал жакшы эмес, бирок глобалдык каржылык кризистин жылдарынан бир топ дурус.

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:52 0:00
Түз линк

АКШдагы салык реформасы, акциялардын арзандашы

«Азаттык»: Соода согуштарына көңүл бурбаганда 2018-жылы глобалдык экономиканын илгерилешине түрткү берген оң тенденциялар болдубу?

Пейн: Буга азыркыга чейин жардам берип жаткан факторлордун бири - өсүштү колдоо боюнча макроэкономикалык саясат. Алсак, өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы Кошмо Штаттарда 2018-жылы ири өлчөмдө фискалдык жеңилдик болду.

Бир жагынан салыктар азайса, экинчи жагынан бюджеттик сарптоо көбөйдү. Мына ушундан улам АКШнын экономикасындагы ыргак салыштырмалуу жакшы.

2018-жылдын жыйынтыгы менен АКШ экономикасындагы өсүш биз 2017-жылдын соңунда болжогон 2,5% көрсөткүчтөн жогору, 2,9% болот деп күтүлүүдө.

Европанын бир катар өлкөлөрү да көп жылдан кийин фискалдык жеңилдетүүгө барып, бюджеттик чыгашаларын көбөйттү. АКШ менен Европанын монетардык же акча-насыя саясатындагы кадамдары да экономиканы стимулдаштырууга жардам берди.

Бирок экинчи жагынан АКШ менен Кытайдын соода тирешинен сырткары каржы базарлары тарып, шарты катаалдашканына, баалуу кагаздардын баасы 2018-жылы дүйнө боюнча арзандаганына, биржада сатылган чийкизаттардын баасы да алдыда белгилегенимдей, бирде көтөрүлүп, бирде ылдыйлаганына күбө болдук. Булардын баары инвестицияны кармаган көрүнүш.

Башкача айтканда оң жана тетири тенденциялар кайчылашып жатты. Бирок 2018-жылы экономикалык өсүштү токтотуучу, өсүштү артка тартуучу жараяндар болгону факт.

Нью-Йорк биржасы. 28-декабрь, 2018-жыл.
Нью-Йорк биржасы. 28-декабрь, 2018-жыл.

«Азаттык»: Кыргызстандын эл аралык каржы базарлары, биржалар менен түз байланышы жок. Ал жактагы жараяндардын таасири белгилүү бир убакыттан кийин Орусия аркылуу келет. Акциялардын куну эмне үчүн качты?

Пейн: Анткени көптөн бери насыялардын үстөгү аз болуп келди. Борбордук банктар менен өкмөттөр да узак убакыт бою ушундай саясат жүргүзүштү. Бул өз кезегинде биржаларда баалуу кагаздардын кымбатташына салым кошту. Насыялардын үстөк пайызы өсө баштаганда баалуу кагаздар арзандай тургандыгы мурда эле күтүлгөн. Ошондой эле “глобалдык экономиканын өсүш ыргагы басаңдайт” деген чоочулоо да дүйнө боюнча акциялардын арзандашына көмөктөштү.

Кытайдагы өсүш ыргагынын басаңдашы

«Азаттык»: Кыргызстан үчүн башкы соода өнөктөш, мамлекеттик насыяны жана грантты ыкчам ала алган булак - Кытай. Бээжиндин айлана-тегеректеги мамлекеттерди эле эмес, алыскы Африканы да камтыган “бир алкак - бир жол” долбоору Кытайдын өзүнүн экономикасына жардам берүү максатын көздөгөн эле. Кытайдын абалы кандай?

Пейн: Кытайда өсүш ыргагы басаңдай баштады. 2018-жылдын жыйынтыгы менен 6,6%, 2019-жылы 6,3%, 2020-жылы 6% болот деп күтүп жатабыз. Биз ошондой эле Кытайда насыялардын жүгүн жеңилдетип, насыялардын өсүш ыргагын басаңдатуу боюнча аракеттерди байкоодобуз. Аны менен катар 2016-2017-жылга салыштырмалуу инфраструктура үчүн жаңы сарпталган акчанын көлөмү да азайды. Мындан сырткары, Кытайдын өндүрүш секторунун көрсөткүчтөрү да кемиди. Бул бир жагынан АКШ Кытайдын товарлары менен өндүрүмүнө тарифтерди көтөргөнүнөн улам болду. Жыйынтыктап айтканда, Кытай экономикасында басаңдоонун белгилери бар. Ооба, 2018-жылы өлкөдө ички суроо-талапты күчөтүү, керектөөчүлөрдүн сарптаган акчасын көбөйтүү боюнча да саясат жүрдү. Мисалы, банктарга резервдик фонд боюнча коюлган талаптар жумшартылды, салыктар азайтылган учурлар болду. Жалпысынан Кытайдын экономикасында күтүлгөн солгундоо баскыч-баскыч менен кетип баратат. Буга АКШ менен болгон соода тиреши да салым кошту.

Кытайдын Циндао порту. 1-октябрь, 2018-жыл.
Кытайдын Циндао порту. 1-октябрь, 2018-жыл.

Түркиянын рецессияга кириши

«Азаттык»: Дүйнөлүк экономиканын 85 пайызын берген “Чоң жыйырманын” ичинен Орусия менен Түркия - кыргызстандык эмгек мигранттары эң көп жүргөн өлкөлөр. 2019-жылы аларды экономикада эмне күтөт? Божомолуңуздар кандай?

Пейн: Түркияда кырдаал кыйла татаалыраак. Акча алмашуу курсунун чукул ылдыйлашы банк секторунда кыйынчылыктарды жаратты. Анткени Түркиянын орто жана чакан компанияларында насыяны чет элдик валюта, өзгөчө доллар менен алуу тенденциясы бар эле. Себеби доллар түрүндөгү насыянын үстөгү ылдый болгон. Эми улуттук акчанын куну кеткен соң доллар менен алынган ошол насыяларды кайтарууда оорчулуктар келип чыкты. Натыйжада Түркияда да ишкерлик ишеним начарлады, өндүрүш сектору солгундады, чекене сооданын көлөмүндө да өтө чоң төмөндөө болгон. Андыктан Түркиянын экономикасында туруктуулук калыбына келиши үчүн али убакыт талап кылынат. Ооба, улуттук акчанын куну кетиши экспортко салым кошту, бирок ички суроо-талап өтө алсыз. Биздин божомолубуз боюнча 2019-жылы Түркиянын экономикасында өсүш болбойт, тескерисинче 0,4% кемийт. Ал эми Орусиянын экономикасы мурдагыдан туруктуураак. Буга 2018-жылы карамай казуу көбөйгөнү да жардам берди. Анткен менен экономиканын өсүш ыргагы сезилерлик эмес. Биздин эсепте, 2018-жылдын жыйынтыгында, 2019-жылы да 1,5-1,75% тегерегинде болот.​

Түркиянын улуттук акчасы лиранын куну кеткен учур. Стамбул, 13-август, 2018-жыл.
Түркиянын улуттук акчасы лиранын куну кеткен учур. Стамбул, 13-август, 2018-жыл.

«Азаттык»: Кыргызстанда расмий эсепте аяктаган 2018-жылдын жыйынтыгы менен ички дүң өнүм 2,8% өсүп, акчалай көлөмү 558 миллиард сом же сегиз миллиард доллардын тегерегинде болору күтүлүүдө. Өкмөт аяктаган жылы түз инвестициянын көлөмү 30% ашуун азайганын айтып, мунун себебин дүйнөлүк тенденция менен түшүндүрүп жатат. Түз инвестиция боюнча азыр дүйнөлүк тенденция кандай?

Пейн: Дүйнөлүк деңгээлден караганда, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунда азыр 2018-жылдын биринчи жарымы боюнча гана маалымат бар. Ага ылайык чет элдик түз инвестициянын агымы 2017-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 40% ылдый болгон. Биздин көз карашыбызда, мунун бир себеби – Кошмо Штаттардагы салык реформасы. Салык реформасынан улам америкалык компаниялардын чет өлкөлөрдөгү бөлүмдөрү кирешелерин кайра АКШга жөнөтүшкөн. Бул чет элдик түз инвестициянын жалпы глобалдык деңгээли төмөндөшүнө салым кошту. Мындан сырткары мен алдыда бир нече ирет айткан белгисиздик да ишкерлик инвестициянын жолун тороду. Белгисиздиктен улам көптөгөн компаниялар жаңы, кеңири инвестиция жумшоодон карманып турушат. Белгисиздик али сакталып жаткандыктан, чет элдик инвестицияда чоң өлчөмдө кайра жандануу болорун күтүүгө болбойт.

Глобалдык сооданын солгундашы

«Азаттык»: Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) статистикасына караганда, 2017-жылы экспорттук сооданын глобалдык көлөмү 17,2 триллион долларга жетип, 11% өскөн экен. Сиз жана сөз башында “дүйнөлүк соода солгундап жатат” дедиңиз. Чечмелеп бересизби?

Пейн: Дүйнөлүк сооданын деңгээли эмес, андагы өсүш ыргагы төмөндөп жатат. Маселен, 2017-жылы глобалдык сооданын көлөмү 5,3% жогорулаган. 2018-жылдын жыйынтыгында биз бул көрсөткүч 3,9%, 2019-жылы 3,7% болот деп болжолдоп жатабыз. Мунун себеби кайра эле соода чектөөлөрүн камтыган чаралардын киргизилиши. Дүйнө өлкөлөрү мунун түз да, кыйыр да таасирин сезишти. Соода чектөөлөрүнө түздөн-түз кабылбаган мамлекеттер кабылгандарына товар сатат же кызмат көрсөтөт да.

Соода чектөөлөрү товардын ары-бери жылышын камсыз кылган глобалдык түйүндүн иш ыргагын да бузду.

Глобалдык сооданын солгундашындагы экинчи себеп - инвестициянын аздыгы. Эгер бизнес инвестиция күчөсө, соода жанданат. Бул өз ара байланыштагы нерселер.

«Азаттык»: Акыркы сурообуз. Демек, глобалдык экономиканын 2019-жылдагы келечеги экөө бириккенде бери дегенде дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 40% берген АКШ менен Кытайдын соода тиреши кандай жөнгө салынарына көз карандыбы?

Пейн: Сөзсүз, бул бир жагынан АКШ менен Кытайдын “соода согушундагы” азыркы утурумдук элдешүүсү канчага созуларына көз каранды. Элдешүү үч айлык мөөнөткө жарыяланган да. Эгер соода бөгөттөрү жоюлса, бул албетте, дүйнөлүк экономика үчүн жагымдуу жагдай болот.

АКШ-Кытай делегациялары соода тирешин үч айга убактылуу токтотууну Буэнос-Айрестеги жолугушууда макулдашкан. Бул мөөнөт 2019-жылдын 30-мартында аяктайт.
АКШ-Кытай делегациялары соода тирешин үч айга убактылуу токтотууну Буэнос-Айрестеги жолугушууда макулдашкан. Бул мөөнөт 2019-жылдын 30-мартында аяктайт.

Кырдаал ошондой эле каржы базарлары кандай нукта өнүгөрүнө, АКШнын Улуттук банкы болгон Федералдык резерв системасы насыялар боюнча үстөктү кандай ыргакта көтөрөрүнө көз каранды. Кошмо Штаттарда насыялардын үстөгү көтөрүлгөндө адатта эмне болот? Бул акча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн кайра АКШны карай агылышын шарттайт. Капитал АКШга анын артынан үстөктү көтөргөн башка өнүккөн өлкөлөргө кете баштайт. Бул өз кезегинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына басымды күчөтөт. Карызы көп компаниялар менен мамлекеттер алган насыяларын тейлөөдө кыйынчылыкка учурайт.

Бир нече фактор: соода тирешинин жөнгө салынышы, каржы базарларындагы кырдаал, аны менен катар Улуу Британиянын Евробиримдиктен кантип жана кандай шартта чыгар-чыкпасы да глобалдык экономиканын 2019-жылдагы өсүш ыргагына таасир этет.

Эгер соодада жаңы тоскоолдуктар жаралып, АКШ менен Кытайдын ортосунда тарифтер дагы көтөрүлсө, бул глобалдык өсүштү сезилерлик солгундатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG