Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Кытайга каршы маанайдын залакасы


Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзинпин. 6-июнь, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзинпин. 6-июнь, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскертти.

Ага удаа эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов басма сөз жыйынын өткөрүп, «кытай жарандары көбөйүп кетти» деген маалыматтарды жокко чыгарды.

Ушул аптанын башында Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында 300дөй киши митингге чыгып, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгарууну талап кылган.

Ушул тушта социалдык тармактарда, мессенжерлерде кытай жарандарына каршы ар кандай чуулгандуу маалыматтар байма-бай тарап жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай алакасындагы соңку жагдай боюнча 9-январда, Чүй облусунун Сокулук районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда пикирин билдирди.

Анда коңшу мамлекет менен алака-катышты бузгусу келген ички күчтөр кимдер экенин биле турганын айтты, бирок ачыкка чыгарган жок. Президент эки өлкөнүн ортосуна бүлүк салгандар жазаланарын эскертти:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Көрүп жатасыңар, кыргыз-кытай мамилесин да саясатташтырып жатышат. Мындай болбошу керек. Кытай мамлекети - биздин коңшубуз. Ата-бабабыз «алыскы туугандан жакынкы коңшу менен жакшы бол» деп айтып кеткен. Алар бизге ошондой мамиле кылып жатышат, гранттарды берип жатышат. Насыяларды каалашынча берип жатышат. Алар берген насыяларды кандай иштетиш керек? Бул биздин мамлекеттин ички маселеси. Ал биздин аткаминерлердин, биздин мамлекеттик бийликте отургандардын маселеси. Бизге насыя берип жатканы үчүн аларга рахмат айтышыбыз керек. Бул маселе биздин көзөмөлдө. Биз кантип эле ушул маселени таштап коелу? Кирген-чыккандын баары көзөмөлдө. Иштеп жатабыз. Муну баарыбыз билебиз. Бул - ички күчтөрдүн маселени атайын саясатташтырып, мамилени бузуу аракети. Сырткы күчтөр кимдер экенин билбейм, бирок ички күчтөр кимдер экенин билем. Алар ушуну менен бир нерсе кылабыз деп ойлошпосун! Баарын жоопко тартабыз. Мамлекетте мыйзам, бийлик иштейт. Биздин корко турган эч нерсебиз жок. Урматтуу агайын-туугандар, баарына чара көрөбүз, камтама болбогула, бул маселени ордуна коебуз. Органдар иштеп жатат, иштебеген, тартип бузууга жол берген органдар жооп берет.

Ушул эле күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкекте Өкмөт үйүндө журналисттерди чогултуп, Кыргызстандагы кытай жарандарына байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда ар кандай такталбаган чуулгандуу маалыматтар социалдык тармактар, мессенжерлер аркылуу тарап жатканын белгиледи:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Мына, «Вотсаптан» биздин кээ бир жарандар «17-январда Кыргызстандын ар бир жараны, митингге чыккыла» деген чакырууларды жиберип жатат. Бул жерде «эгер Кыргызстан Кытайга карызын бере албай калса, анда жерин берүүгө туура келет» деп жазышыптыр. Муну эки тараптуу келишимди окубаган, билбеген адамдар жазып жатышат. Келишимде андай деп көрсөтүлгөн эмес, андай маселе жок. Же болбосо коомдук тартипти бузуп, маселени өрчүтүп, эки өлкөнүн мамилесин бузууну көздөгөн адамдардын колунан келиши мүмкүн. Бул боюнча атайын кызмат иштеп жатат, буюрса аныктайбыз.

Ушул аптанын башында Бишкектин борбордук аянтында 300дөй адам митингге чыгып, мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгарууну бийликтен талап кылган.

Мыйзамсыз миграцияга каршы митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

Буга чейин Кыргызстанда кен чалгындаган, кен казган кытайлык компаниялар, инвесторлор менен жергиликтүү тургундар тил табышпаган, чатакташкан учурлар көп болгон.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаевдин пикиринде, өкмөт түшүндүрүү иштеринде, маалымат жеткирүүдө аксап жатат.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Бизде иштеп жаткан кытайлык компаниялар төлөгөн салыктын көлөмүн, канча адамды жумуш менен камсыз кылып жатканын, пайдасын улам-улам айтып, маалымат берип туруш керек. Анткени бир да мамлекет экономикасын инвестициясыз өнүктүрө албайт. Кытай болобу же башка болобу, биз инвесторлорго кылдат мамиле кылышыбыз керек. Биз ушул жол менен гана өнүгө алабыз. Биздин мамлекеттик органдар тез, чукул реакция кыла албай жатат. Жаралган маселелерди чукул чечип, чукул аракет кылса жакшы болмок. Кээ бир органдар болсо ачыгын айтканда оозун ачып эле отурат, - деди депутат.

Өткөн жылдын этегинде «Кыргыз чоролору» уюмунун өкүлдөрү Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдына нааразылык акциясын уюштурган жана анда да мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгаруу талабы коюлган. Ошондой эле алар Кытайдын Шиңжаң аймагында «тарбиялоочу лагерлерде» кармалып турган кыргыздар боюнча түшүндүрмө берилишин талап кылышкан.

"Кыргыз чоролору" бийликке талап койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Кытайга каршы маанай кийинки жумаларда күчөп кеткенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн алака-катышынын оңолушун каалабаган сырткы күчтөр тууралуу да кеп салды:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Мындан бир ай мурун «Шиңжаңда миңдеген биздин кандаштарыбыз, кыргыздар «тарбиялоочу лагерлерге» түшүп жатат» деп айтып чыкканымда, аларды колдоо боюнча комитет түзүүгө аракет кылганымда социалдык тармактарда да, башка ар кандай чөйрөлөрдө деле Кытай тууралуу, айрыкча кыргыз жаштарынын кабары да жок болчу. Жагдай бир-эки жумада эле өзгөрүп жатат. Азыр Европада шайлоодо оңчул партиялар утуп жатат. АКШда мигранттарга каршы үгүт жүрүүдө. Мунун баары жөн жерден эле чыккан жок. Мигранттарга каршы ксенофобиялык маанайдан пайдаланып саясатты толугу менен өзгөртүп койсо болот. Буга, туруксуздаштырууга, бийликти жаманатты кылууга, маселени ырбатууга кызыккан тышкы да, ички да күчтөр бар. Мисалы, эмне себептен 25 жылдан бери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулбай жатат? Ошол эле учурда коңшу Казакстанда үчүнчү темир жол салынып жатат, азыр болсо чоң унаа жолу салынып жатат. Ар кандай жасалма эксперттер, экономисттер, маалымат агенттери аркылуу тегеретип-айлантып эле темир жол курууга каршы чыккандар болуп жатат. Биз мисалы Казакстанды, Орусияны канчалык дос дегенибиз менен биз аркылуу темир жолдун өтүшү, соодабыздын, экономикабыздын өнүккөнү аларга деле жакпайт.

Саясат таануучу Эмил Жороев Кытайга каршы маанай, улутчулдук коркунучтуу чекке жетишине жол берилбеши керек экенин айтты:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

- Коомчулукта «кыргыздар кытайлашып кетти, кытай басып кетти» деген сөз көптөн бери эле айтылып келаткан. Көп эле мамлекеттерде ушундай. Акыркы кездери күчөп баратканы бийликти тынчсыздандырышы керек. Бул өтө коркунучтуу улутчулдуктун белгиси. Кытай темасын козгогондордун кандайдыр саясий кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Алар ушундай жоопкерчиликсиз нерсеге жол берип, оту тутанып кетсе, аны токтотууга да мүмкүн болбой калышы мүмкүн. Ушул жагын да ойлонуш керек. Президент мындай учурда өтө так жана кылдат жооп берип, лидерлигин көрсөтүп турушу зарыл.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда 400гө жакын кытай ишканасы бар, ал эми биргелешкен ишканалардын саны 177. Расмий Бээжин каржылаган ишканалардан былтыр 3,8 миллиард сом салык түшкөн, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп.

Былтыр Кыргызстанга 35 миңден ашуун (35 миң 215) кытай жараны келип, 34 миң 436сы кайра чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматында 25 миңге жакын кытай жараны каттоодо турат. Алардын 25ине өлкөдө жашоого уруксат берилген.

Соңку тогуз жылдын ичинде 268 кытай жараны Кыргызстандын атуулдугун алган. Алардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 171си кыргыз, 72си уйгур, тогузу өзбек, алтоо кытай жана бири казак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG