Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 23:39

Өкмөт чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүнү жеңилдетүүнү көздөйт. Бирок бул чөйрөдө ансыз деле натыйжалуу көзөмөл жетишсиздик кылат.

Кыргызстанда чет элдик жарандарды жумушка алуунун жол-жобосу эмне үчүн ачык эмес? Коррупциялык схемалар барбы? Квоталар эмне үчүн сакталбайт?

“Арай көз чарай” талкуусуна Өкмөткө караштуу Миграция кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кудайбердиев жана Миграция кызматынын мурдагы статс-катчысы Тынычбек Табылдиев катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, жалпы статистика кандай? Кыргызстанда азыркы учурда канча чет элдик жаран иштеп жатат, алардын жалпы саны канча, кайсы тармактарда эмгектенишет?

“Мадина” базары Кытайдан келген 250 адамга уруксат алат. Ал адамдар эмне кылаарын эч ким билбейт. Чындыгында алар рулону менен кездеме саткандар эле.

Бакыт Кудайбердиев: 2017-жылы чет элдик жарандар үчүн өкмөт тарабынан белгиленген квотанын саны 16 490 орун болчу. Анын ичинен 14 миңден ашык чет элдик жаранга уруксат берилген. Алардан 11 300үн Кытай жарандары түзөт. Миңден ашык орун түркиялык жарандарга берилген. Жалпысынан токсондон ашык өлкөнүн жарандары Кыргызстанда эмгектенип жатышат.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, өкмөт башчы кеңешмеде "чет элдик жарандарга жумушка уруксат берүү процесси ачык эмес, өтө жай жана ыңгайсыз, сырттан келгендерден нааразылык көп" деп сындады. Ушул чынбы? Эгер ошондой болсо ага эмне себеп болууда?

Тынычбек Табылдиев: Өкмөт башчы бул маселени туура көтөрдү, анткени ал актуалдуу. Квота киргизүү мындан 15 жыл мурун эле башталган, ал учурда өкмөттүн экономикалык абалы такыр башка болчу. Министрликтердин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлү менен квота түзүшүп, мисалы, "быйыл он миң квота кылабыз" дешчү. Анда жер-жерлерде кандай долбоорлор ишке ашат, ошону эске алышчу. Азыр абал, кырдаал такыр башка.

Куршабда иштеген кытай жарандары.
Куршабда иштеген кытай жарандары.

Мурдагы президент Роза Отунбаева убагында оппозицияда жүргөндө “Ош Кытай шаары болуп калыптыр” деп айткан. Маалымат каражаттарынан окуп жатабыз, Кыргызстандагы Кытай жарандарынын саны 100 миңге жетет экен. “11 миң кишиге эле квота берилсе, калган 90 миңибиз эмне кылабыз?” деп жүрүшөт да. Өкмөт башчынын "ачык эмес" дегени туура. Көп жарандар "Кыргызстанда уруксаты жок эле жүрө берсе болот" деп ойлошот.

Азыр ким уруксаты менен, ким мыйзамсыз жүрөт - текшерген киши жок. Орусиядагыдай миграция полициясы болгондо, мыйзам, тартип болгондо 90 миң кытай Кыргызстандан депортация болушу керек болчу. Андай болгон жок, 900 киши да депортация болгон жок. Аларды текшерүүгө милициянын гана укугу бар, Миграция кызматы эч нерсе кыла албайт.

Бакыт Кудайбердиев: Мен расмий, так маалыматтарды айтайынчы. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 2017-жылы Кытайдан Кыргызстанга киргендер 42 300 адамдын тегерегинде болсо, чыкканы 42 миң 100 адам болгон. Ортодогу айырма 200 адамдын тегерегинде болуп атат. Биздин кызматтын көзөмөл кылганга укугу жок, жумушка уруксат кагазын гана бере алабыз. Текшерип, көзөмөл кыла баштасак, "коррупциялык элементтер болуп жатат" дегендер чыгышат. Мигранттарды текшерүү ИИМдин 10-башкармалыгына жүктөлгөн.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, кеңешмеде "квоталардын саны боюнча документтер өз учурунда иштелген эмес" деп катуу сөз болду. Квоталардын саны кайсы критерийлер менен белгиленип келатат? Деги ал кантип түзүлүшү керек?

Тынычбек Табылдиев: Биз бул маселени 2008-жылдан бери көтөрүп келатабыз, эч ким укпайт. Өкмөт, Жогорку Кеңеш колдобой келатат. Мисалы, “Мадина” базары Кытайдан келген 250 адамга уруксат алат. Ал адамдар эмне кылаарын эч ким билбейт. Чындыгында алар рулону менен кездеме саткандар эле.

Кыргыз өкмөтүнүн токтому боюнча кимдерге квота берилет? Анда "Кыргызстанда жок адистиктерге берилет" деп турат. Суроо туулат: бизде кездемени дүңүнөн же метрлеп саткан кыргыз жокпу? Муну “Мадина” базарынын ээси эле чечип коет. Ошол эле токтомдо "чет элден келген компаниянын жумушчуларынын сексен пайызы жергиликтүү адамдар болуш керек" деп жазылган. Аны ким аткарып, ким текшерип жатат? Ички иштер министрлиги абалды толук билбейт. Ошондуктан бизге ким келсе, кандай максатта келди - баары эсепке алынышы керек.

Биз "Орусияга эмне максат менен келдим?" деп учактан документти толтуруп берип жатабыз. Мына, жакында Санкт-Петербургга бир майып кыргызстандык барды эле, "орусча билбейт экенсиң" деп аэропорттон ары өткөрбөй коюшту. Биз кимди кармадык? Ошондуктан азыр квота өзүн актабай калды, ар кандай ой-жорууларды жарата берет. "Коррупция бар" деп шектене беребиз.

Жакын арада мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек, бул эл аралык нормаларга да туура келет. Уруксат берген кагазды алууну иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигине да жүктөш керек. Алар да жооп берсин, ошондо кайда, канча киши иштеп жүргөнү тууралуу так эсеп болот.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Четтен келгендердин чечилбеген маселеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:10 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG